«ЮБКАЧАН» МЫРЗАЛАР

№540 8-14-март, 2013-ж

Артисттердин милдети – театрда болобу, кинодобу, өзүнө сунушталган каармандын образын көрөрманга жеткиликтүү деңгээлде ачып берүү. Бирок эркек болуп туруп кыздын ролун жаратуу ары кызыктуу, ары түйшүктүү экенинде күмөн жок. Анда эмесе, бул тууралуу кыздын образын жараткан мырзалардын өз оозунан уксак.

Бакыт Тынайбеков, актёр:«ТАСМАДАН СОҢ БАКУЛЯ АТКА КОНГОМ»
– Кыздын ролун жаратып калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сунуш түштү, макулдугумду бердим. «Көк салкындагы» Бакулянын образын жаратууда тартуучу топко эч нерседен тартынбаган, тайманбагандай түр көрсөткөнүм менен, ичимде кадимкидей коркуу, уялуу сезими болгон. Тасма көпчүлүккө жагып, алгылыктуу пикирлерге ээ болгондон кийин мындай ойлор өзүнөн өзү жоголуп кетти. Ошентип, кыздын ролун ойноодо такыр кыйналган жокмун. Бирок нарындык жигит болсом да, тескерисинче, атка минген, кызга окшоп чуркаган кадрлар абдан түйшүк жаратты. Буттарым жооруп, белим ооруксунуп, ошондо өмүрүмдө биринчи жолу катуу чарчадым. Кино элге жайылгандан кийин көчөдө жөн баса албай калдым. «Көк салкындагы» бала» деп баары эле колу менен көрсөтүп, досторум Бакыт атымды унутуп, Бакуля деп калышкан.

Болотбек Тилек, актёр:«ОБРАЗГА КИРҮҮ ҮЧҮН КҮНҮ КЕЧКЕ КӨЧӨДӨ ЖҮРГӨМ»
– «Салам, Бишкек!» тасмасында Тонянын ролун жараткам. Алгач кыздын ролун жаратууга сунуш түшкөндө «эч кандай кыйынчылыксыз эле аткарып коём» деп ойлогон элем. Иш жүзүнө келгенде бул түйшүктү жон терим менен сезип, абдан оор экенин түшүндүм. Анткени тартуу учурунда кызга окшош боло албай тартуучу топту бир топ убарага салгам. Мындан улам атайын көчөгө чыгып, бир күн кечке кыздардын басканын, сүйлөгөнүн, жадакалса көзүн ирмегенине чейин карап, үйрөнүп отурууга туура келген. Ошентип, өзүмө керектүү маалымат топтоп алгандан кийин гана роль ойноого киришкем. Тартылып жатканда «өзүм эркек болсом, анан аялзатынын образын жаратып жатканым туурабы? Тасма жарыкка чыккандан кийин кандай сөздөр айтылар экен?» деп тынчсыздангам. Ата-энем экөө тең намаз окуган кишилер. Алар эмне дешет деп чочулап, бир чети уялгам. Бирок фильмди көргөндөн кийин атам: «Балам, мыкты ойноптурсуң. Кесибиң актёр болгон соң кандай гана роль берилбесин, жетиштүү деңгээлде чагылдырып бер. Бул – сенин милдетиң»,- деп мага дем-күч берди.

Сапар Сайназаров, актёр:«ЛИФЧИК МЕНИ АБДАН КЫЙНАГАН»
– Мен мурун «Башаламан», «Байланыш», «Сүйүү бийи» деген тасмаларда баш каармандын образын жараткам. Өзүм Дене тарбия академиясын бүткөм. Спорттун тай-цзи түрү менен машыккандыктан, көбүнчө уруш-талаштын үстүндө жүргөн каармандын ролун ойноо сунушталчу. Анан билбейм, кандайча болуп мени «Салам, Бишкек!» тасмасындагы Сонянын образына тандап алышканын, кандайдыр бир «изюминкам» бар окшойт (күлүп). Сонянын ролун жаратуу мага абдан оор болду. Биринчиден, бетиме чапталган 5 килограмм «шпатлёвка» менен жүрүүнүн өзү эле тозок экен. Жасалма кирпиктен аллергия болуп, көзүмдү ачып-жума албай калгам. Тасмада деле байкалат, көзүмдүн кызарып жүргөнү. Баарынан да көйнөктүн ичинен таккан нерсе, лифчик мени абдан кыйнаган. Дем жетпейт десеңер. Ошондон кийин кыздарга «Даңк» медалын тагуу керек экен деген ойдо калдым. Андан да кызыгы, тасма учурундагы фотосессиямды үйдөгү компьютерге киргизип алып көрүп жатсам, апам келип, «балам, бул келинибиз болобу?» деп боорду эзип жатпайбы.

Данияр Жанжигитов, «Дем» театрынын актёру:«АЯЛЗАТЫНЫН ОБРАЗЫН ЖАРАТУУ ЖАН ДҮЙНӨМӨ ЖАКЫН»
– Мен айылда чоң апамдын колунда чоңойгом. Ошондуктан кемпирдин, дегеле аялзатынын образын жаратуу менин жан дүйнөмө жакын. Бир жолу үйдө чай ичип отурсак, телевизордон «Дем» театрынын интермедияларын көрсөтүп калды. Анда туугандарыбыздын бири менин кемпир болуп ойногон образымды көрүп алып, «артыңдан караганда чоң апаңдын көчүрмөсү болуп калат экенсиң» деп жатпайбы. Тамашалуу образ болгондуктан, мен үчүн мунун эч кандай деле кыйынчылыгы, уяты жок.
Мага баарынан кичинекей кыздардын ролун аткаруу жагат. Анткени алар абдан баёо келип, жасалмалуулукту билишпейт эмеспи. «Мээрим» деген ырдагы образымда кызыма окшошуп калганымды айтат жубайым. Эмнеге экенин билбейм, кичинекей кыздын образын жаратып жатканда кара торусунан келген, бети менен тизеси кесилип кеткен, такыр суудан чыкпаган, чачы жаңы өсүп келе жатканда кыйнап эле бантик тагып койгон кызды элестетип алып ойной берем.

Мерген Турган, ырчы, пародист: «МЕНИКИНЕ БИРИНИКИ ДА ОКШОШПОЙТ»
– Мен алгачкылардан болуп кыргыз шоу-бизнесинде айымдын образын жараткан мырзамын. Кудай буюрса, быйыл айымдардын ролун жаратып жүргөнүмө 12 жыл болот. Чынында, аялзаты аябай кубулма калк болушат. Алардын образына кирип, роль жаратуу кыйын. Басканы, кийген кийимдери... Туфлисин эле алалы. Мен аларды туурайм деп бийиктиги 12 сантиметрге жеткен шиш такаларды кийип чыгып жүрөм. Алгач кийгенимде баса албай канча кыйналдым...
Азыр деле чечерим менен тамандарым мага рахматын айтышат. Эмне кылмак элем, ооруса да чыдайм. Бирок дасыккан актёрлор ролдорума баа берип, мактап калышат. Көрө албагандар «эмне кыласың аялдын образын?» дешет. Мен жараткан Дыңкы жеңе, Алла Пугачёва, Ирина Аллегрова, Верка Сердючканын образы элге күлкү тартуулап жагып турса, эмнеге жолумдан кайтмак элем? Менден кийин деле айымдарды туурап чыгышты, мисалы, «Тамашоунун» жигиттери жана башкалар. Мактангандай болбоюн, бирок меникине бириники да окшошпойт.


"Юбкачан" мырзалар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
08.03.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bolshie liudidegi Mairashka ech kim jetpeit, AYABAI SONUN OINOIT
SUPER.KG видео
08.03.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар ардайым ушинтип элибизге кулку тартуулап журунуздор....
SUPER.KG видео
09.03.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
мм.жакшы азаматсынар,бирок эмнеге Мерген Турганга эл артисти наамын беришпейт,маданият министри андан кийинки чыккандарга берип жатат аларга караганда чыныгы артист го бул киши.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
кыргыздын жигиттерине жумуш калбай калганбы роль да жетпей калганбы уят иш суйунгондон эмес уялгандан кулосун Мерген Турган ченеп мактансан боло жок дегегнде ырдап мактанчы сенден сураныч
SUPER.KG видео
09.03.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам Бишкектеги жигиттер образга аябай жакшы киришип аткарышкан рольдорун, азматсынар!!!Дегеле жогоруда оздору айтып кетишкендей аял затынын образын ачып беруу кыйын нерсе болуш керек,ошолорду ийине жеткиришип аткарган баардык мырзаларга рахмат демекчимин, ийгиликтер болсун.
SUPER.KG видео
10.03.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздардын кийимин кийуу же кыздарча мимика, мунозду когозо беруу эркектин ан-сезимин бузат, бул айымдарда деле ушундай эркекче журо берип, аялдык назиктик, боорукерлик жоголуп. Барып-барып турмуштук жагдайларга таасир этет да, алардын коомдогу ролу же ким экендигине карабай сыйга татыксыз же башкалар анчалык сылай береген кишилирге айланып калат. Анан барып торогунор да келип калбаса экен....бул жолдон качкыла, уруп кетет... Эркектер эркекче журо бергиле.
SUPER.KG видео
10.03.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыздарды туроо ар бир эркектин колунан келе бербейт.Ийгилик силерге актер мырзалар!
SUPER.KG видео
10.03.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG_URPAGI i ruslan1969 bular kyrgyz elime kulkuu tartuulap atat ar bir ele erkektin kolunan kele berbeit... azamatsynar Bolot! talantyn oso bersin..
SUPER.KG видео
10.03.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар,ар кимдин эле колунан келе бербейт мындай образды аткаруу,Азаматсыңар
SUPER.KG видео
10.03.2013. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muur сага кулку тартуулап жатса сен да анда алардын катарын толуктап кошулуп ал, Мерген Турганды коргондо вирус кирип кеткендей болом. Мерген байке сиздин конулунузду оорубасын деп мен да эн жакшы деп айтып койсом болмок, бирок андай жол силердики эмес экенин тушунсонор боло! Эртен баланар чонойсо силерди карагандан уялса керек.
Модератор admin_media түзөттү 11.03.2013 08:35
SUPER.KG видео
10.03.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мерген турганга эч ким жетпейт
11.03.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
данияр жанжигитовтун кыздын рольун аткарганы жакты.татынакай кыз болуп калат екен.
SUPER.KG видео
11.03.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мерген Турган баарибир 1 гана орунда!!!
Башкалар деле татыктуу, бирок баарибир Мергендей ойной алышпайт, анын баскан турганы, характери эле чо стоит)))
11.03.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сапар чындан эле сулуу кыз болуп калат экен
11.03.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
силер артист эмес эле маскарапозсунар башчынарды Мерген жене деп шайлап алгыла маскарпоз да кесип абиирди жашынардан сактабайсынарбы.
11.03.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эми гей болушунар эле калдыле
11.03.2013. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кобойуп кетишиптир го
12.03.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul degen onor kesibi uwul atkaryp jatywat. Jamandaisynarda, korosunorgo ozunor uwul jaratkan rol'dordu. Iwinerge iygilik. Elge myndanda jakwy kulku tartulai bergile.
SUPER.KG видео
12.03.2013. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salam dostor maga ushul kinolordun atalishtarin jibersener ayabay kubanychta bolot elem ayabay kiziktim kinosun korgum kelip jatat)))
12.03.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мдааа уж, особенно "салам бишкек"теги балдар жакшы ойношкон))
12.03.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Бишкек рулит. Жакшы чыккан.
12.03.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздардын ролун ушулар аткарбаса ким аткарат, рахмат оз иштерин билишет, таланттулар. баары эле кыздын образын жаратыш колдон келе бербейт. айрыкча салам бишкектеги балдар жакшы ойношкон.
SUPER.KG видео
12.03.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен режиссерлорго айтаарым киного ун беруудо жакшыраак конул болсонуздор.коп жерлерде ошол актер ойноп жаткан жердин да озунун уну болот да. мисалы кочодо уйдо ж.б а кино коруп жатканда алар шум кочодо турушат ал эми ун жон гана ун беруучу залдан чыгып жатканы анык билинип турат..
12.03.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oxo Azamatsynar! Menda kyzdyn rolun atkara alam,kinogo tartylgym kelet. MERGEN TURGAN baikege okwop
13.03.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай мусульманчылыкта куноо деп эсептелет кыздар)))))
SUPER.KG видео
13.03.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
комедиянын эн оной нерсеси кыз болуп же кемпир болуп алуу
15.03.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ийгилик
16.03.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кур,окшошуп да калышат экен
16.03.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tirek17 укмуш айтыптыр ой ичим ай кулуп жатып боорум эзилди)))))))))))))))
31.05.2013. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой боорум ай,уйду башыма кие кулдум го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо