Тынай Алыбаев:«ЭС-УЧУН ЖОГОТКОН КҮЙӨРМАНДАР АЗЫР ЖОК»

№540 8-14-март, 2013-ж

Кезинде «Сары-Ой», «Туулган күнүң менен, периштем!», «Арманым» деген ырлары менен популярдуу болгон «Инсан» тобун кимдер гана тааныбайт. Ошондой легендарлуу топтун солисти, учурда ырчылык менен алектенип жүргөн Тынай Алыбаев бүгүн бизде конокто.

«ОН ЖЫЛ БОКС МЕНЕН МАШЫККАМ»
– 1976-жылы 9-мартта Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында төрөлгөм. Апам – мугалим, атам – зоотехник. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн. Учурда баарыбыз үйлөнүп-жайланып, өз турмушубуз менен алекпиз. Ырга болгон шыгым бала кезде эле бар болсо керек. Эсимде, кичине кезимде темирлерди ургулап, үн чыгара берчүмүн. Ал эми 6 жашымда гитарада ойногонду үйрөндүм. Окуучу куракта сабактарды жакшы окучумун, өзүм ойлойм, тынч эле жүргөн, жоош бала болсом керек деп. Бирок айрым жоруктарымды эстесем, ал кездеги жүрүм-турумум тентектикке жатып калат экен. Себеби мугалим класстан кууп чыккан күндөр болгон.
9-классты бүтүп, шаардагы училищелердин биринде ашпозчулукка окудум. Мектепте окуп жүргөндө бир топ спорттун түрү менен машыгып жүргөм, бирок эң эле жүрөгүмө жакыны бокс болду. Бокс менен 10 жылдын тегерегинде машыгып жүрүп, медаль, диплом алып, жакшы эле жыйынтык бергем. Кийинчерээк чыгармачылык менен алектенип кетип, спортту жыйыштырдым.

«БАРАБАНЧЫЛЫКТАН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА»
– Училищедеги окуумду аяктагандан кийин музыкалык билим алыш үчүн Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырдым. Бир күнү ыр жаздыруу үчүн досум Мамыт экөөбүз филармонияга бардык. Ал жактан «Таазим» тобунун түзүүчүлөрү, устатым Марат Алыбаев жана Марат Батыркановго жолугуп калдык. Бизди ырдатып көрүп топко кабыл алышкан. Мен курамга барабанчы болуп алындым. Ошондо алгачкы жолу сахнага «Таазим» тобу менен 1994-жылы Чубак Сатаевди эскерүү кечесинде чыкканбыз. 1995-жылы устатым Марат Алыбаев каза болуп, топ жоюлуп кетти.

«ИНСАН» ТОБУНА ЭКИНЧИ ЭРГҮҮ БЕРДИК»
– «Таазимден» кийин бир топ жыл өзүмчө ырдап жүрдүм. 1998-жылы Эркин Мээрканов менен жолугуп, ал топко келүүнү сунуштап калды. «Инсан» тобу 1990-жылы түзүлүп, баштапкы курамында Эркин Мээрканов, Эмил Турусов, Аян Мамбеталиев, Нурлан Бейшекеев деген музыканттар бар болчу. Кийинчерээк Ырыскелди Осмонкулов келип, «Ала-Тоонун кыздары, ай» деп ырдап калбадыбы. Көп өтпөй мен да «Инсан» тобуна кирдим. Биздин курам «Инсанга» экинчи эргүү берип, бир топ жакшы нерселерди жасадык. Анткени 2000-жылдары жаралган «Туулган күнүң менен, периштем!» («С днем рождения, ангел!), «Сары-Ой», «Арманым» деген ырлар популярдуу болуп, «Инсан» тобунун жылдызы жанып турган учур эле.

«ЖАШ ЫРЧЫЛАР САПАТТУУ МУЗЫКАНЫ ТАНДАШСА...»
– Биз орусча ырларды көп ырдачубуз. Биздин аткаруубуздагы «Туулган күнүң менен, периштем!» ырынын алгач обону жаралып, анан сөзүн тапканбыз. Обонун Эркин Мээрканов жубайына арнап жазган. «Арманымдын» обонун да Эркин жазган. Бул тематикалык ыр. Коомдогу айрым бир терс көрүнүштөрдү биз ырдап жаштарды тарбиялабасак, аларды ким жолго салат? Азыркы жаш ырчылар жаңылык, өзгөрүү киргизишсе, эң башкысы, сан эмес, сапаттуу музыканы тандашса. Мен ушуга чейин оор, салмактуу, угуп жатканда токтоп кала турган, музыкант түшүнө турган ырларды уга элекмин.

«АЗЫРКЫ ЖАШТАР БИЗДИ ТААНЫБАЙ ДЕЛЕ КАЛЫШТЫ»
– 2000-жылдары популярдуулуктун туу чокусунда жүргөнүбүздө артыбыздан чуркап эс-учун жоготкон күйөрмандарыбыз көп болгон. Ал муун азыр бала-бакыралуу болуп, токтолуп, күйөрмандарыбыз азайып калды. «Инсан» тобу чыгармачылыкта бир топ жыл тыныгуу жасап, Алматыда иштеп жүрдүк. Ал аралыкта жаш ырчылар чыгышты, азыркы жаштардын айрымдары бизди тааныса, кээ бири тааныбай деле калышты. Эң башкысы, бизди сүйүп уккан өз угуучуларыбыз бар. Учурунда күйөрмандарыбыз таттууларынан бери көтөрүп келип, жолугушууга чакырышчу. Бирок ар бир чакырган күйөрман менен жолугушууга бара берген уят деп көпчүлүк сунуштарын четке кагып койчумун.

«ЫРЧЫЛАР ДАҢКТЫ КӨТӨРӨ БИЛИШ КЕРЕК»
– Ар бир адамга өзүнүн дөөлөтү, ырыскысы түшөт эмеспи, мына ошол даңкты көтөрө билиш керек деп ойлойм. Ойлоп көрсөм, биздин убакта «жылдыз оорусу» деген болбоптур. Азыр да айтып калам, биз «антизвездин» деген дарыдан ичип алчубуз деп. Автобустар менен гастролдо жүрсөң, ач-ток каласың, суукта көчөдө каласың, узак жолдо машинаңдын дөңгөлөгү жарылып калат. Мындай кыйынчылыктардын баары баштан өткөндөн кийин ал оору менен ооругуң деле келбейт.
Азыр жаш ырчылардын негизги маселеси да «жылдыз оорусу» болуп жатпайбы. Мындай дарт качан жоюлат? Эгер продюсер менен ырчынын ортосунда келишим иштесе гана. Бизде келишим аты болгону менен, ал көпчүлүк учурда ишке ашпай жатпайбы. Мисалы, Казакстанда келишимде бүт бардык шарттар дыкаттык менен иштелип чыгат. Ага ылайык, ырчы чектен чыкпай, өзүн татыктуу алып жүрүүгө милдеттүү. Биздин топтун балдары тарбиялуу, адамгерчиликтүү болгондуктан, үлгүлүү топ катары элдин эсинде калдык деп ойлойм. Ошон үчүн да бизди көп жаман сөздөр ээрчибейт болуш керек.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
11.03.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынайды ушундай суйчумун... уй-бйло куруп балалуу болдум бирок тынайды ырчы катары суйчу экенмин азыр деле ырчы катары суйом эч озгоргон жок... инсандандан кеткенде аябай капа болгом инсан тобуна би нерсе жетишпегендей. ийгилик сага эс алып, чер жазып жон гана укчу мызыканы жаны ырлырды кутом...
11.03.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз! менин суйуктуу ырчым, "Инсан" тобунун ырларын баалайм.
11.03.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инсан тобу мен жакшы коргон топ. Тынай айткандай, Инсан тобунун ырлары жалан оор салмактуу жана токтоп угасын. "Кездешуу" деген ырын 2000- жылдары уккам, менин оздук мр3 архивимде дагы эле жашап келет жана жашай берет. Кун чыкканын карабайм... деген ыры, Арманым, деги эле баардык ырлары журокко жакын. Бир ырынын мр3 версиясын таппай журом. кербендер ото кечинде... же кандай,.. эсимде жок..бир гана музыкасы гана эсимде.. ошол ырын гана таппай журом... Ийгилик каалайм чын журоктон!
11.03.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Тынайдын ырлары уккулукту.
12.03.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик
12.03.2013. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Инсан" тобунун ырларын азыр да суйуп угам, Тынай байке сиздин чыгармачылынызды баалайм. Сизге чон ийгилик. Жаны ырларынызды чыдамсыздык менен кутом!!!
Азыркы учурда бул топко окшогон ырчылар аз. Азыркы ырчылардын кобу "Сары ойду" ырдаса чыйылдап уну жетпей калат копчулугунун. Саны коп сапаты жок болуп баратат...
12.03.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арманым деген ыры аябай сонун кайра кайра уксанда тажабайсын
12.03.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инсан тобу Тынай концерт берсе бармакмын
12.03.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир мезгилдер арманым деген туулган кунун менен деген ырлары менен ооруп калгам
12.03.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинемде аябай жакшы корот элем
12.03.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а кайдан тапсам болот мп3 версиясын?
12.03.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munara_00,
Тынай Алыбаевдин ырларын төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип уксаңыз болот.
http://www.super.kg/media/?search_term=&search_author=233&media_search=1&x=5&y=4
13.03.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, рахмат чоон!
12.03.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Тынай Алыбаевдин ырларын баалайм. Анын обондору мукамдуулугу жана кайрыктары ыргактуулугу менен озгочолонуп турат.
13.03.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынай Алыбаев сизге ийгилик...Менин суйукту ырчым.
16.03.2013. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы профессионал!!! Молодец!!!
30.03.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жылы Ошко башка ырчылар менен концерт коюп барышка Инсан тобу анан Тынайды жаккындан коруп олгудой ыйлаганмын, , ушунчалык суйчумун, азыр ырчы катары сыйлайм, жакшы кором.Инсан тобунун ырлары эскирбейт.Азыркы одноразовый ырчылар га караганда Инсан тобу на много выше них., , азыркы ырчылар Инсанга жетиш учун им лететь и лететь. ...
03.04.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы ырчылар,"инсан" вечно остается,азыркылар 1 ыр менен чыгыпле сразу ооруп калышат жылдыз болдум деп,"лампочки" -нынешные просто...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо