Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАШТАР ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИТЕТИ «СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИНЕ СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ

№540 8-14-март, 2013-ж

Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн Жаштар иштери боюнча комитетинин 2 жылдык отчёттук кечеси болуп өттү. Кече шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелисбек Мырзакматовдун көзөмөлүндө жогорку деңгээлде уюштурулду. Конок катары келишкен Орусиянын, Казакстандын элчилигинин жана Түштүк Кореянын консулдугунун өкүлдөрү Ош шаарындагы Жаштар иштери боюнча комитетине жылуу сөздөрүн айтышты. Комитет менен тыгыз кызматташып, жаштар саясатына салым кошкон бир топ ММК кызматкерлерине, анын ичинен «Супер-Инфо» гезитинин Ош аймагындагы кызматкерлерине ыраазычылык баракчасы жана статуэтка тапшырылды. Ош шаарына караштуу 12 аймактык Жаштар комитетинин төрагалары комитет тарабынан ноутбуктар менен сыйланышты. Мындан сырткары Оштун намысын коргоп келе жаткан «No name» «Тамашоу» командасына 100 000 сом белек кылышты. Салтанаттуу кече жергиликтүү ырчылардын коштоосунда өттү.
Жаштар комитети Кыргызстандын аймагында биринчи жолу Ош шаарында 2011-жылдын 25-январында Мелисбек Мырзакматовдун колдоосунун астында түзүлгөн. Комитеттин негиздөөчүсү катары Сонунбек Жунусбаев төрага болуп дайындалып, ушул күнгө чейин ийгиликтүү жетектеп келе жатат. Жаштар саясатын жүзөгө ашыруу максатында акысыз билим берүүчү 9 долбоорду иш жүзүнө ашырышкан. Жылына 10го жакын активдүү жаштарды Австрияга жана Ирландияга тажрыйба алмашуу максатында сапарга жиберишет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
11.03.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жаштар комитети мырзакматову жок эле мурун эле бар болчу, акчасы азырак болуп более скромный мероприятие откоруп журушкон
12.03.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаштар комитети Ош шаарынын жаштарынын колдоочусу
14.03.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерди коруп келечек бар экендигине терен ишеним пайда болот!Дагы да чон иштерди жарата бергиле !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо