№540 8-14-март, 2013-ж
Мындай тагдыр, балким, көптөрдүн башына түшүшү мүмкүн. Каарманыбыз Бермет эки баласы менен баш калкалай турган жери жок, Каракол шаарындагы Ысык-Көл коомдук өнүктүрүү бирикмесинин борборунда эки баласы менен убактылуу баш калкалоодо.
«АЛА КАЧЫП ТАГДЫРЫМА БАЛТА ЧАПТЫ»
– Мектепти аяктаган соң Каракол шаарына окууга тапшырдым. Ата-энеме бир аз болсо да жардам болсун деп окуудан сырткары анча-мынча соода кыла калчумун. Бир күнү күндөгүдөй соода кылып отурсам, беш-алты жигит ой-боюма койбой ала качып кетишти. Менин сүйлөшүп жүргөн жигитим бар болчу. Ала качуу эми белгилүү да, «таш түшкөн жери оор, баш аттаба» дешти. Ал аз келгенсип босогого нан жайышып, «кетсең нанды аттап кет» деп акыры башыма ак жоолук салышкан эле. Ошентип, келиндик кызматымды аткарып, жашап калдык. Кайнатам каза болуп калган экен. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан, кайын энем менен чогуу жашачубуз.
Убакыт өтүп уулдуу болдук, бирок кайын энемди неберелүү, Эржанды ата кылып бактылуу болгон жокмун. Эржан эртеден кечке чейин үйдө болбой, мал менен алек. Ал үйгө келсе, энеси чыр баштайт. Канчалык көзүн карабайын, баары бир «мына, сенин аялың мага тамак жасап берген жок, мени карабай койду» деп даттанып, мээсин жечү. Анда Эржан унчукпай койсо, «бул аял сенин башыңды айлантып алган» деп күйгүзөт. Айылда жумуш жок, кайненемдин пенсиясын карап жашап калдык. Бир күнү тамак-ашка акча берсе, маанайы жокто бербейт. Иши кылып эптеп күн өтүп жатты.
«БАЛДАРЫМДЫН ЖҮРӨГҮ ӨЛҮП КАЛДЫ»
– Кайненемдин тукуруусунан кийин күйөөм да өзгөрдү. Жок жерден эле кызганып, таяктайт. Башымды жарды, бычак менен саныма, денеме сайган. Күйөөмдүн таягынан улам бир балам курсакта жатканда эле чарчап калып, өлүк төрөлдү. Алардын бирин да ата-энеме айткан жокмун. Бул күндөрү ит көрбөгөн турмушту көрдүм, бирок балдардын атасы деп чыдачу элем. Үйүбүздө уруш-талаш көбөйгөндөн көбөйүп, атасы келе жатканда балдарым жан талашып кийинип, «бирөөнүкүнө барып конолучу» деп эшикти көздөй чуркашканын көргөндө аракетим бекер экенин билдим. Кайын энем анын баарын көрүп туруп, «биз деле көк ала болуп жүрүп эми баарын жеңдик, эч нерсе болбойт» деп басып кетчү. Болушпаса мейли эле, бирок ал да мени урганга өттү.
Жолдошум менен бирге жашаганыма сегиз жылдай убакыт болду, бирок ал жакшы эмес, жаман жакка өзгөрүп жатты. Мунун баары эмне себептен, кайсы күнөөм үчүн экендигин издеп таба албайм.
Эмне кыларымды, кайда баш калкалаарымды билбей жүргөндө тааныштарымдан Каракол шаарында зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү максатында иш алып барган коомдук борбор бар экенин угуп, ушул жакка келдим. Учурда бул борбордо эки балам менен күн өткөрүп жатам. Балдарымдын келечеги кандай болот деп оюм онго бөлүнүп жаткан кезим. Бул борбордо жыйырма күн гана жашай алабыз, андан соң кандай айла кыларымды билбейм...
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Акыркы кундору мындай окуялар ото коп катталып атканы баарыбызды окундурот. Кыргыздын эркектери башка олкодон улгу алса болмок!
кутулганына шугур деп жаша.балдарында андай атаны калабайт.эр жетишкенде оздору тушунуп сага дем беришет!5 бала менен деле ажырашкандар бар.аял затына жумуштар коп.
Тилекке каршы, Бермет жардам алуудан баш тарткан.