ПОЛКОВНИККЕ КАРШЫ ИШ КОЗГОЛДУ

№540 8-14-март, 2013-ж

Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын текшерүүсүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын башчысы, полковник Гапыр Осмонов жана аталган кызматтын каржы кызматынын зардалы, ага лейтенант Жолдубай Абиповго кылмыш иши козголду.
Гапыр Осмонов 2011-жылдын сентябрь айында кызматка дайындалып, ошол күндөн тарта Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунда жайгашкан 4-үйдүн 24-батиринде жашамакка 3750 сомдон ай сайын берип туруу үчүн жазуу түрүндө аталган батирдин ээси менен келишим түзгөн. Бирок мамлекет тарабынан батирге деп бөлүнгөн акчаны өз кызыкчылыгына иштетип жиберген.
Ал эми каржы кызматкери Жолдубай Абипов 2012-жылдын 2-июлунда кызматка келип, Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунда жайгашкан 11-үйдүн 41-батирине ай сайын 3750 сом төлөп жашоо үчүн келишим түзүп, бирок жогоркудай жорук менен акчаны төлөбөй койгон. Натыйжада бул эки адам «мамлекетке жалпы суммасы 74 500 сомду түзгөн материалдык зыян келтирди» деп айыпталып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо