Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗСТАНДА МАШЫКТЫРУУЧУЛАР КАНДАЙ ШАРТТА ИШТЕП ЖАТЫШАТ?

№541 5-21-март, 2013-ж

АЗАМАТ ЖАСЫБЕКОВ, Дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын ага машыктыруучусу:
– Кыргызстандагы көп сандаган машыктыруучулар Совет доорунда билим алышкан. Айрымдары СССРден калган системдер менен, айрымдары ошол системдин жакшы жактарын алуу менен алек. Кээлери балдарды көбүнчө темир-тезек көтөртүп машыктырса, айрымдары көбүрөөк иш жүзүндө бири-бири менен беттештирип тарбиялашат. Эң негизгиси, алар ошол балдар менен иштеп, жакшы таанышып калышат. Демек, кандай шартта, кимден кандай жыйынтык болорун билишет. Айтып коюшубуз керек, бизде машыктыруучулар жетиштүү, бирок деңгээлдерин көтөрүш керек.
Мисалы, алыс кетпей эле дзюдо спортун алалы. Япониядан же башка жактардан машыктыруучулар келип семинар өткөрүп көрүштү. Бирок алар классикалык дзюдодо кантип машыктыруунун жол-жоболорун үйрөтүшөт экен. Ал классикалык эрежелер биздин азыркы күндөгү дзюдого анча жакындаша бербейт жана биздин тарбиялануучуларга кирбейт. Ошол себептүү, азыр биз бактыбызды балдарды көбүрөөк сборлорго алып чыгуудан издөөдөбүз.
Көптөгөн мыкты машыктыруучулар үй-бүлөсүн бага албай, айлык акынын аздыгынан иштерин таштап жатат. Бирок, көз тийбесин, мамлекет колунан келишинче каржылоодо. Машыктыруучулар 15-20 күндөп сборлорго, мелдештерге кетишет. Чет жерлерден биздин машыктыруучулар бир эле учурда дарыгер, массаж жасоочу жана психолог болушат. Анан үйгө келгенде «өз балаңды карабай, башканын балдарын ээрчитип жүрөсүң» деген сыяктуу сөздөр болот. Бирок ушундай кырдаалдарга, аз маянага чыдап иштегендер бар. Ошондой эле акчасы бар, өзүн-өзү каржылаган машыктыруучуларыбыз да кездешет. Мына, Кыргызстанда машыктыруучулар ушундай шартта иштешет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо