№541 5-21-март, 2013-ж

Пилдин тумшугунун салмагы 120-150 килограммга, узундугу бир жарым метрге жетет. Баш жагындагы эки тилчеси тамак жегенге, ар кандай оор нерселерди көтөрүп, жыттарды сезгенге ылайыкташкан. Тумшугу менен суу ичип, ысыкта денесине суу чачып салкындайт. Кызыгы, тумшугу менен бир жутканда 6-7 литр сууну шимирип алышат.
Кичинекей пилдер тумшугуна көп чалынышкандыктан, энелери бир нече ай аны туура алып жүрүү эрежелерин үйрөтүшөт. Ал эми улууларына бул мүчөсү душмандарынан сактанууда жана балдарын коргоодо эң мыкты жардамчы болуп бере алат. Пилдер тумшугун шилтөө менен душманын өлтүрүп же болбосо катуу жаракатка кабылтышы мүмкүн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Бул такталып жазылган маалымат.