Сапарбек Зулпуев, төкмө акын: «УУЛУМ ӨЗҮМДӨЙ ТӨКМӨ БОЛСО ДЕЙМ»

№541 5-21-март, 2013-ж

Бул жолу конок төрүбүздө куюлуштура сөз айтып, комузу колунан түшпөгөн төкмө акын Сапарбек Зулпуев. Айтылуу төкмө акын өзү жана акындык өнөрү тууралуу төгүлүп-чачылып кеп салып берди.

– Куш келипсиз! Маекти төкмөлүккө кантип келип калганыңыздан баштасак...
– Мен 1976-жылы 5-февралда Ош облусунун Өзгөн районудагы Мырзаке айылында туулгам. Биз кичирээк чакта радио дегенди аябай көп угар элек. Залкарлардын чыгармаларын, Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев агаларыбыздын аткаруусундагы айтыштарды көп угуп жүрүп таасирленип кеттим. Кой кайтарып жүргөндө колума чыбык кармап алып аларды туурап, өзүмчө эле бир нерселерди кыңылдап ырдай берчүмүн.

– Элдин сынына качан чыктыңыз анан?
– Алгачкы жолу калктын сынына 8 жашымда «Манас» айтып түшкөм. Андан кийин 2003-жылы тойдо акындар менен айтышып, элдин көзүнө көрүнгөм. Чоң сахнага 2005-жылы Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн айтышта Элмирбек Иманалиев жана Жыпара Кожукеева менен айтышып чыгып калдым.

– Төкмө акындардын таланты элге табышмак. Алар чын эле куюлуштуруп айтышабы же жаттап алышабы?
– Мен айтып калам, «Кудайым кудурети менен тилиме күч салган экен да» деп. Жаттап айтуу мен үчүн эмес.

– Жеңишке жетишүүнү аябай тилек кылып, бирок жетпей калсаңыз, абалыңыз кандай болот?
– Мен ар дайым шүгүр гана дейм. 4-орунда калып калганда деле өкүнүп кетпейм. Жакында эле Жалал-Абад шаарында Токтосун Тыныбековдун, Майра Керим кызынын жана шаардын 135 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн 2 күндүк айтышта 3-орунга татыдым. Мен ал жерде жеңишке жетишкениме бир кубансам, эки адамды эскерип жакшы сөз айтканыма бир кубандым. Ошол айтышта утуп алган акчанын баарын тасма тартууга жумшадым.

– Сахнада жаңылып алган учурлар болобу?
– Бир жолу Жыпара Кожукеевага орой, туура эмес сөз менен жооп айтып алып, кыйла сынга кабылгам. Ал маалда Жыпара турмушка чыга элек болчу. Мен «кара далы» деп айтып салыпмын, анан «оскорбление личности» деп мага жаза берилген ошондо. Сахнанын артына чыгып алып Жыпара таарынат десең, а мен кечирим сурап жатып араң жазгам таарынычын.

– Үй-бүлөңүз тууралуу кеп учугун улайлы...
– Азыр аялым бар дебейминби (күлүп). Ысымы – Махабат. Буюрса, балалуу болсок деп тилек кылып жатабыз. Уулдуу болуп калсам, уулум өзүмдөй төкмө акын болсо да мейли дейт элем.

– Сиздин да сахнада өзүңүздү алып жүргөнүңүзгө карата айтылган сындарды угуп калабыз.
– Мм, түшүндүм сизди (күлүп). Айтымдарында, сахнада турганда башкача кыймылдарды жасап жиберет экенмин. Оң тарабыма улам кылчактап карап коёт имишмин. Мага ал билинбейт да. Мен бул сынды угуп алып, «эми антпейм» деп чыгам да, унутуп калып эле кайра ошол кыймылдарымды жасап салам.

– Устатсыз шакирт болбойт дейт. Сиз кимдин шакиртисиз?
– Устаттарым аябай көп. Алгач Маданбек Айматов деген инсандын колунда окудум. Андан кийин Асан Апсатаров, Калыс Сатымкулов жана ошондой эле мени эл алдына чыгарып жүргөн адам Коомдук акындар фондунун президенти Абдували Акимбеков дагы мен үчүн устат.

– Комузуңуз качан болбосун жаныңызда жүрөт...
– Комузум – жан шеригим. Бир жылда 10-15 күн гана комузсуз жүрүп калуум мүмкүн. Калган учурларда ар дайым ал мени менен.

– Көзүңүзгө жаш алган учурлар болгонбу?
– Жеңишимди атам көрбөй калды деп катуу өкүнгөм. Бардык тууган-уруктар топтолуп куттук айтып келишсе, атамды эстеп, көзүмдөн жаш аккан.

Гүлжан Эшбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
18.03.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик талантыныз осо берсин.
22.03.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ruslan_92kg, даа чындыгында бул акебиз жакшы айтат биздин тойдо Жалабаттан аркада тосуп чыгып олло куюлуштуруп ырдаган комуз менен, тойду кызыткан эле,,.
23.03.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат братан.Мырза-Акенин атын чыгарып журо бер.
23.03.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз акындарын женип,казактар менен беттештиниз.азаматсыз!2-орунду алганыныз кут болсун!чынында соз баккан адам экенсиз
26.03.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынеле Жалаалабаттагы аркада синдимдин тоюнда ырдаганеле комуз менен тогуп,анан элдер акча кыстарышып дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо