Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Балтабай Абдылдаев, сүрөтчү: «ӨМҮРҮМ ӨТКҮЧӨ АЙТМАТОВДУ ТАРТЫП ӨТӨМ»

№541 5-21-март, 2013-ж

Бүгүнкү биздин каарманыбыз Балтабай Абдылдаев өнөрү менен элге таанылган. Атактуу сүрөтчү жана айкелчи сүрөт дүйнөсүнүн сыйкыр күчүнө арбалып калышынын себептерин жана жеке жашоосун төмөндөгүчө баяндайт.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы
– 1962-жыл, 25-март
Туулган жери – Талас облусундагы Кара-Буура районунун Бакайыр айылы
Билими – Чуйков атындагы жогорку окуу жайынын скульптор бөлүмүн аяктаган
Эмгек жолу – 1987-1989-жылдары Бакыян орто мектебинде мугалим, кийин райондук театрда сүрөтчү болсо, учурда борбордогу Тарых музейинде сүрөтчү
Сүрөттөрү – 300дөн ашык. Айкелдери Токмок, Кант шаарынын борборунда жана Бишкектин Панфилов сейил багында коюлган
Үй-бүлөсү – 5 уул, 2 кыздын атасы

– Саламатсызбы, Балтабай агай? Сиздин көптөгөн эмгектериңизди көрүп, угуп жүрөбүз. Алгач өзүңүз тууралуу азыноолак кеп салсаңыз.
– Жакшы болот. Таластын Кара-Буура районунда төрөлгөм, балалыгым да ошол жакта өттү. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын экинчисимин. Бир туугандарымдын баары чыгармачыл адамдар. Бирөө сүрөтчү, экинчиси поэзияга жакын. Бардыгы үйлүү-жайлуу. Өзүм болсо азыр өзүңүздөр көрүп тургандай чакан өнөрканамда сүйүктүү кесипти аркалап келем.

– Сүрөтчүлүк өнөргө болгон шыгыңыз кантип ойгонгон?
– Бул өнөр мага мураска калган. Анткени чоң атам мыкты сүрөтчү болгон. Ал эле эмес, менин тайларымдан да сүрөтчүлөр чыккан. Кичинемден чоң энем Айбегимдин керемет жомоктору менен чоңойдум. Бул дагы таасир берди. Ал киши колунан көөрү төгүлгөн уз, сөзгө чебер адам болчу. Балалыкта чоң энемдин оозунан уккан жомоктор ушул күнгө чейин эсимде.

– Өнөрканаңызга киргенде эле Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү, айкелдери көзгө урунду. Улуу инсан менен кандайча таанышып калгансыз?
– 1994-жылы эмгектеримди эл назарына коюуну чечтим, анда Курманжан датканын сүрөтү да бар эле. Аны тартууда мен белгилүү максаттарды көздөгөм. Музейде, бир улуу инсандын же болбосо өзүнүн жакындарынын үйүндө илинсе деген жакшы ой менен тарткам. Көргөзмөгө келген германиялык журналист ошол сүрөткө көзү түшүп калды да, алып кетти. Ал кийин Айтматовдун колуна Бельгияда тапшырылыптыр. Ошондон көп өтпөй жазуучу Кыргызстанга келгенинен кабар алдым да, түз эле өзүнө бардым. Көпкө сүйлөшүп отурдук, сүрөткө өзүнүн баасын берди. Кыскасы, ошол Курманжан датканын сүрөтү мени атактуу жазуучу менен тааныштырды.
Айтматовду тартам дегеним менен, жалгыз өзүн кагаз бетине түшүрө албай келем, анткени анын жан дүйнөсүн бүт бойдон сүрөттө чагылдырып берүү өтө кыйын. Ошондуктан жазуучуну алгач Мухтар Шаханов менен, андан соң Мухтар Ауэзов менен бирдикте полотного түшүрдүм.
Чыңгыз аганын көзү тирүү кезде өзү менен сүйлөшүп отуруп, «Айтматовдун талаасы» деген аталыштагы айкел комплексин жасайлы деп бир жакшы ишти максат кылдык эле. Тилекке каршы, улуу инсанды арабыздан шум ажал жулуп кетти.

– Айкелчи катары да тааныйбыз. Айкелдериңиз тууралуу айтып кетсеңиз...
– «Чоң философ, классик сүрөтчү» деген жазуучунун баасына татып, бүгүнкү күндө дагы көптөгөн эмгектерин жаратуу менен алекмин. Айткан сөзүбүзгө далил катары «Кылым кыянаттары» деп аталып, бетондон даярдалган 11 метр узундуктагы айкелиме токтололу. Ал Токмок шаарынан орун алды. Мындагы менин берейин деген идеям 1916-жылдан 2010-жылга чейинки трагедиялар. Тактап айтканда, 16-жылдагы үркүн, Ата Мекендик согуш, Баткен окуясы сыяктуу кандуу окуялар камтылган. Мындай чоң айкелдердин идеясынын бышып жетилүүсү дагы бир топ убакытты талап кылат. Келечекте мындай айкелдердин көбү жасалат, анткени оюмда дагы көп идеялар бар.

Эмгектери менен кыргыздын сүрөт искусствосуна зор салымын кошуп келе жаткан Балтабай Абдылдаев агайыбызга чыгармачылык эргүү каалоо менен коштоштук.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg


Ч.Айтматовду кумир туткан сүрөтчү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
SUPER.KG видео
16.03.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, улуу инсаныбыз келбес сапарга кете бербедиби. Атам өлсө да, атамдын көзүн көргөн өлбөсүн деген ушул чыгар.
Сизге ийгилик Балтабай агай.
SUPER.KG видео
16.03.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгегинизге данк. Айтматовдун сизге берген белеги бул жакшы экен. Ал үйдү эмесе ким бермек эле азыр? Жакшы материал болуптур.
SUPER.KG видео
16.03.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ч.Айтматов Кыргыздын экинчи Манасы эле мындай адамдар кылымда бир жаралса керек,Кыргызды дуйного дунгурото тааныткан Ч.Айтматов эмгегине таазим,артынан очпос ийиз калтырып кетти.
SUPER.KG видео
17.03.2013. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qinigi azamat uxundai bolot/
SUPER.KG видео
18.03.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай бактылуу адам Чынгыз Айтматов менен иштешип
белегин алып ар кимге эле насип кылбаса керек
SUPER.KG видео
18.03.2013. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максат кайрадан ишке кирдиби супер инфого???
SUPER.KG видео
18.03.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cho:Бул материалды жасаган Максатпы? Мен анда абдан кубанычтымын!!! Ишине ийгилик.
SUPER.KG видео
18.03.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishterinizge ijgilik!
19.03.2013. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай керемет!Агабызга ийгилик!
SUPER.KG видео
19.03.2013. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оада Максатда менда анын ишке киргенине кубанычтуумун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо