Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗДАР ЖЫРГАГАНЫНАН ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КЕТИП ЖАТЫШАБЫ?

№541 5-21-март, 2013-ж

Жаш депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка чыга элек кыздардын ата-энесинин атайын уруксат кагазы жок чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. Коомчулук мындай демилгени таң калуу менен кабыл алды. Эмне, кыздардын баары чет өлкөлөргө денесин сатып иштөө үчүн барып жатышабы? (Демилгенин автору кыргыз кыздарынын чет өлкөлөрдөгү сойкулук иштерине байланыштуу чырлар көбөйүп кеткенин, төрөлүп ташталган балдар, аборт жасаткандар көп экенин негиз катары карманууда). Эмне үчүн 23 жашка чейин? Бул адамдын ээн-эркин орун которуу укугун чектөө эмеспи? Учурда бул токтом тиешелүү комитеттен колдоо тапты, эми жалпы парламенттик жыйынга чыгаруу гана калды.

«ЧЕКТӨӨ КЕЛЕЧЕКТИ САКТОО ҮЧҮН...»
Демилгени көтөрүп чыккан ЖКнын депутаты ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВАны кыска кепке тарттык.

– Эмне үчүн 23 жаш?
– Башында 22 жаш деп жаттым эле. Курак чегин кыскартуу же көбөйтүү сунуштарын кабыл алууга даярмын. 22-23 жаш деп тандоонун себеби, бул аралыкта кыздар ЖОЖду аяктап, бир кесиптин ээси болуп, балким, турмушка чыгып, өз укугун билип калат. Антпесе, чет жакта 14-16 жаштагы өспүрүм кыздар сексуалдык жана эмгек кулчулугуна дуушар болуп жатат.

– Башка өлкөлөрдүн бул сыяктуу маселелер боюнча тажрыйбаларына көз чаптырып көрдүңүзбү?
– Жаш кыздарды чет мамлекетке чыгарбоо жагынан Түркмөнстан эң белгилүүсү. Эгерде бул өлкөнүн кызы чет жердикке турмушка чыгып калса, анда мамлекет ортодо кепил болуп берет. Түркияда миграция агымы күчөп турган кезде кыз-келиндер менен жаш балдарды өлкө аймагынан чыгарбоо саясаты болгон экен. Эркектер сыртка чыгып, иштеп тапканын кайра өз мекенине жөнөтүп, кийин 80-90 пайызы кайрылганын уктум. Ушул эле көрсөткүч баарын эркин койгон мамлекеттерде 40 пайыздын тегерегин түзөт. Өзбекстанда 35 жашка чейинки аялзатын чет жерге чыгарууда чектөө бар, алар туугандарынан же күйөөсүнөн уруксат алышы керек.

– Чектөө киргизүү эмнеден улам келип чыкты?
– Кыргызстандын келечегин сактап калуу үчүн. Бүгүн өлкөдөн чыгып жаткан жаш кыздар – эртеңки күндүн энелери. Айылга барып калсаң, той-топурду мындай кой, өлүм-житимде жай казууга адам табылбай калууда.
Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз кыздары чет жердеги мигранттардын ичинен эң жашы болуп саналып, таштап кеткен ымыркайлар менен жасалган аборттордун саны боюнча да эң алдыда экен.
Бул демилгени былтыр эле айтып чыккам, бирок коомчулуктагы сындардан улам токтотуп койгом. Бирок жер-жерлерде шайлоочулар менен жолуга келгенде, көптөгөн улуу кишилер токтомдун тагдырын сурашып, анын туура иш экенин айтышууда. Ошол үчүн кайра алып чыгууга белсендим.

– 23кө толо элек кыздар башка өлкөгө чыгуу үчүн ата-энесинен милдеттүү түрдө уруксат алышы керек экен. Андай мүмкүнчүлүгү жоктор чек арачыларга пара берип, кийин кезектеги коррупциянын булагына айланып кетпейби?
– Окуу, ишке орношуу же дарылануу максатында чет өлкөгө чыгуу керек болсо, аны тастыктаган документтер көрсөтүлсө, аларга чектөө каралбайт.
Коррупция боюнча, бул көрүнүш улам азаюуда. Комитеттин талкуусуна келген Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын өкүлдөрү да «эгерде долбоор кабыл алынып калса, коррупцияга жол бербейбиз» деп айтышты.

ЗЫЯНДЫН ЗЫЯНЫ АЗЫРААГЫН ТАНДОО
Кыздардын четке чыгуусун чектөө менен биз анын конституциялык укуктарын да чектейбиз. Баш мыйзамдын 25-беренесинде «Ар бир жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эркин чыгууга укуктуу» деп жазылат. Ошол эле учурда 20-беренеде «Жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн» деп айтылат.
Ыргал Кадыралиеванын токтом долбоорун жалпы депутаттар кабыл алууда дилеммага кабылары анык. Биринчиси, жаш кыздардын конституциялык укугун бузбай, алардын чет өлкөлөргө чыгуусун азыркыдай эркин калтыруу. Экинчиси, 23 жашка чейинки кыздарды четке чыгарбоо үчүн жөндүү шылтоо табуу.
Ал кандай болушу мүмкүн? ЖОЖго өтүп-өтпөгөнүнө карабай, алардын баарына жогорку билим берүү. Же алардын баарын өлкө ичинде жумуш менен камсыз кылуу. Үчүнчү да жолу бар, 23 жашка толгонго чейин, балким, бийликтин үгүттөөсү менен алардын баарын турмушка узатуу керек
болот.

МИГРАНТТАРДЫН ОРТО ЖАШЫ – 30
Кыргызстандык мигранттардын орточо курагы – 30 жаш. Бирок социологдордун айтымында, жыл сайын бул көрсөткүч жашарууда.
Орусияда жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда ысымын жашырган кыргыз кыздарынын бири кыска маек берген. Ал: «Биз москвалыктардын жүрүм-турумун туурай баштайбыз. Аларга теңелебиз деп отуруп, кантип бузулуп кеткенибизди аңдабай да калабыз. Мен бул жакта никеге чейин эле төшөк мамилесине өтүп кеткен көп кыздарды көрдүм. Мисалы, 18 жаштагы кыз Орусияга келет, кайсы бир жигит менен жүрө баштайт, кийин чогуу жашоого өтүшөт. Кыздын боюна бүтүп калганда жигити жөн эле башкасына басып кетет. Жыйынтыгында ал кыз же үйүнө, мекенине кете албайт, же турмушка чыга албай калган окуялар өтө көп кездешет»,- деп айтып берген.

1990-жылдардын башында массалык жумушсуздук каатчылыгынан Орусияга жүздөгөн, миңдеген кыргыз аялдары чаар баштыктарын көтөрүп жөнөшкөн. Казан башында калган үйдүн кожоюну балдарынын тарбиясына жетиштүү көз сала албай, эненин тарбиясын көрбөй, ээн чоңойгон жаштардын армиясы келип чыкты. Учурда ошол балдар 20 жаштын тегерегинде. Учурунда кароосуз калган балдардын басымдуу бөлүгү минтип турмушунда түз жол таппай, ары-бери урунуп жүрүшкөн чагы.
Депутаттын демилгеси аргасы жоктуктан келип чыгууда. Бирок ошонун ордуна бийлик өкүлдөрү чындап эле мамлекеттин келечегине, жаш муун үчүн күйсө, анда мигранттарга шарт түзүп берүүгө баш катырышсын. Анткени чектөө болобу, жокпу, бул жумуш издеп чет өлкөлөргө чыгып жаткан жаштардын агымын токтото албайт. Ушундай чектөө менен эле жаш кыздарыбызды Кыргызстанга байлап коё алышпайт. Анткени кыздар Орусия же Казакстанга жыргаганынан чыгып жатышкан жок. Айылдарда, шаарда жетишерлик жумуш орундары жоктугунан, жардылыктан улам кетип жатышат.
Жыл сайын «мигранттар миллиарддан ашуун доллар которуп жатат» деп ооз көптүрө статистикалык маалыматтарды жарыялайбыз. Ал акчанын артында, ар бир тыйындын артында канчалаган кыйынчылыктар, көз жаштар, бели ката элек жаштардын эмгеги, зордукталган кыздар, ажырашкан үй-бүлөлөрдүн тагдыры жатат. Андыктан эл өкүлдөрү жаш кыздарга чектөө коюу жолун эмес, жумуш менен камсыз кылууда чет өлкөдөгү ири компаниялар менен кыргызстандык мигранттардын ортосунда кепил болуп берүү жагын карап чыгышса, миңдегендердин алкышына жана сообуна калары бышык.

Эльвира Караева
koom@super.kg

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
23КӨ ЧЫГА ЭЛЕК КЫЗДАРДЫ АТА-ЭНЕСИНИН УРУКСАТЫСЫЗ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЧЫГАРБОО ТУУРАБЫ?

Бактыгүл Чойбекова,Талас району:
– Туура. Азыркы кыздардын түрдүү кырдаалдарга даярдыгы начар. Мектептин окуу программасына чет өлкөдө өзүн алып жүрүү жана мамиле куруу маданияты, жыныстык мамиле тууралуу сабактар киргизилген эмес. Качан гана ушундай программалар киргизилип, окуучулар билди дегенде жашка чектөөнү жойсо болот.

Жаңылай Кадырова, Баткен шаары:
– Азыр 22демин. Бул демилгени колдойм жана жашка чектөөнү мындан да жогорулатса болот. Көпчүлүгү мектепти бүтүп эле чет өлкөгө сапар алышат. Бул туура эмес. 18 жаштагы кызды алдап коюу кыйынчылыкты деле туудурбайт. Ата-энелерге кыздарыңыздарды чет мамлекетке жөнөтөрдөн мурун бир ойлонсоңор демекчимин.

Мирлан Шабдалиев, Ысык-Көл облусу:
– Мен буга кошулам. Кыздар чет өлкөдө эле эмес, ата-энесинин кашында деле кордук көрүп калып жатышпайбы. Жумуш издеп барып канчалаган жапжаш кыргыз кыздарыбыз бирөөгө сатылып, кул болуп жүрүшөт. Ар бир ата-эне кыздарын чет жакка чыгарбай, турмушка узатса, андан кийин жолдошу менен бирге каалаган жерде иштөөгө болот.

Алымжан Молорбаев, Ош облусу:
– Чет өлкөгө билим алганы баратса, мейли, чыга беришсин. Ал эми жумуш үчүн чыгып жатышкан болсо, 23 жашка чейинки кыздарды эле эмес, жигиттерди да чыгарбоо керек. Себеби алардын тажрыйбасы аз, калпычы жана башка ууру-кескилерден коргонууну билишпейт.

Эркиналы Саитов, Жалал-Абад шаары:
– Мен Орусияда 3 жыл иштеп келгем. Чынында, кыздарды көрүп зээним кейиди. Алданып, документтерин жоготуп, кул сыңары иштеп жүргөндөр көп. Кыздар 23 жаштан кийин чыксын дегенге макулмун. Кыздарыбыздын абалы азыр ар бирибизди ойлондуруп калбадыбы?!

Шайлоо Өмүрбекова, Нарын шаары:
– Өз кыздарыбыздын чет жерде кордолуп жатканын көрүп, угуп жатабыз. Аларга өзүбүздүн өлкөдө шарт түзүп бериш керек. Окуу же ар түрдүү келишим менен бара жаткандар болсо, тиешелүү мекемелер менен байланышып, анан кетишсе. Кыздарыбыздын керт башына кепилдик берген чет жерде эч бир мекеме жок.

Эльмира Эсенаманова, укук коргоочу:
– Каршымын. Бул эл аралык адам укуктарына да каршы келет. Биздин кыздар кандайдыр кыйынчылыкка туш келбесин десе, анда өлкөдө жумуш орундарды түзүүсү керек. Биздин депутаттар адам укугуна каршы мыйзамдарды жазышат, алар жөн эле отуруп демилгелей бергенин токтотушса...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(54)
18.03.2013. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenzhe_007 кыргызстанда бузулса да оз мекени орусяда болсо кыйын ар кимдин колунан отуп журуп бир кун кочодо калат. Кыргыздар калып тажиктер озбектер мн журуп жатышпайбы ошондой моментти козун мн корсон тушуносун. Албетте баары дегенден алысмын
18.03.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен каршымын,кандай журуш жашка карабайт,жаман жургондор жок эмес коп туура бирок мамлекетибиз бут элди жумуш мн камсыз кылсын эч ким эч жакка кетпейт
19.03.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tuura ele masele koygon deym,birinchiden kizdarga ilayik jumush menen kamsiz kilip koyushsa ,oshondo chet olkogo dokument arkiluu gana chigip kalishsa jakshi ele bolmok ,bolboso gop ele kizdar Kirgiz atin bulgap jatishat.
19.03.2013. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура чечим Чектоо болушу керек
19.03.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура эмес.Ыргал эжебиз жыргал жашоодо жашап алып эле кысым коргозо береби?себеби беш кол тен эмес ар кимдин жашоосу ар кандай,эч ким жыргаганынан кеткен жок.мисалы 4,5 баласы м.н куйоосу м.н ажырашып кеткендер бар.эн чон кызы 22деп койолу.окутайын десе акчасы жок,берки балдарын бага албай атса.анан кичине жардам болсун деп иштетет да.
19.03.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
fanatka19, туура айтасын мен сага кошулам.чектоо киргизгенден коро бизге жумуш оорундарын таап берсин. мисалы мен дипломумду колума которуп алып жарым жыл канча деген эшик кактым пайда жов. вот эми кудайга шугур дипломум мн казакстанда иштеп журом.бизде бул жактагыдай зарплата жок и еще ишта жок. элдкр ойногонунан чет олкодо жургон жок.
22.03.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19, андай учурда атасыбы же энесиби уруксат кагаз бериш керек деп жатпайбы
23.03.2013. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirlanusenov,колунда уруксат кагазы болсо эле жакшы журуп калабы анан.
19.03.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чектегенден пайда жок, 18-22 жашар кыздар эмес, колтойгон эле аялдарды көрүп жүрөм, азер дегенде түн уйкусунан тура калгандарды. Кыргызстанда эри, 2 ден 3 төн балдары бар. Аларды көргөн жаш кыздар эмне болуп калыптыр
19.03.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
23тобу 43тобу жашта айырма жок да.айырма адамдын озундо.бузулса 60жаштан да бузулат.
19.03.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sabyr86, туптураа айтасыз.Бузулчу Адам жашка карабайт.Болоор бала богунан дейт.
21.03.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fariuri, боло турган баланын бо....н билсе болобу,менин баламды билип берчи анда,сага берип жиберейин б....н
22.03.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86, акыл ээси толук жетиле электи бузуш оной болуп жатпайбы
19.03.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чет мамлекетте кордук коргондон коро ошол чектоо жолу аркылуу уйундо отур.Шалактаган кыздарды коргондо тим эле адамдын эси чыгат.Ата-энесин козуно илмек тугул Кудай-Тенирин тааныбагандар анан ошентип оздорунун журум турумунун натыйжасында оздорунун шыбагасын алып жатышат да.
19.03.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ee koygula chi jaman jurush jashka dale karabayt 40 ka chikkan dale juro beret. Kuday gana iyman bersin baarina. Bizdin elder toy topurda oturushup koldoruna araktan alip anan kelgile baldaribizdin baktisi uchun dep tost koyorgobdon korok, daaratti alip bashin sajidaga soyup Allah tan suransa oshondo jaratkan ozu tuura jolgo salat. Iysa aleyhi salam enesinin boyuna butkondo balasinin tagdirin al ele emes but Omurun Allah ga tapshirip jakshi tilekterdi tilep jurgon,
19.03.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон гана тыйю салып кою менен бул маселе жонго салынбайт. бул нерсе менен кайра коррупсияга жол берилип жатат, себеби окууга же догдурга деген документ болуш керек дейт. ошол докумен учун ар кимге акча берип жасатып алып чыга беришет. антпесе кыргызстанда отуруп алып эмне жумуш кылат жумуш орун жок болуп жатса. биринчи жумуш менен камсыз кылуу керекго
19.03.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura 4e4im. Men kowulam jalgyz jonotpow kerek. Menda Moskvadamyn ata enem bir tuugandarym m.n. Kafe iwtetebiz tobo tobo kelgen kyzdardy aialdardy korup jakandy tiwteisin. Keltirbew kerek kan4alagan kyiyn4ylyk koruwot. Andan koro biwkektegi ki4i sexterdi joiup ar bir oblaska 4oon wveinyi sex a4ysyn. Kyrgyzstan en aldyda turatko tigu boiun4a ana jumuw tigu4u, dizainer, menejerler mawyna ustalarga tolgon tokoi jumuw orundary a4ylat. Emne dep oiloisunar?
22.03.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
killerka8905, туура
19.03.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы,жаман журуш кыздын озунон.Не оз элибизде жургон кыздар эле жакшы журот деп ким кепил боло алат.Ар бир адамдын озуно ынсап бербесе закон эмес,уйуно байлап отурган кызын да не кылаарын ким билет.Бул да болсо барып-барып акчага айланат го.Ишенбейм бизде баары закондун негизинде болоорун.Иштегенге же окуганга болсо чыгарабыз дейт.Окуганга го далил документтердин болоору анык.А иштей тургандаргачы,эмне Кырг-да жаткан адамга ким иш таап керектуу докум-н жонотмок бул да болсо акча ортодогуларга.
19.03.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бунун баарына ким кунолуу устудогу отурган жакшы адамдар куноолу да красавчиктер ким ойлоп атса кыздарды бузулуп калбай калгандан кийин бул жондо катураак ишке киришсенер ништяк болмок
19.03.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен устудо айтылгандардан да озгочолорун коруп келгем.Эн эле биринчи орунда бузукулук кучогон.Айта кетсем бир эле бала бир келин м.н тошок мамиледе болуп журуп аз убак отпой эле ошол келин озунун жаш кызын чакыртат.Кыскасы апасы м.н да кызы м.н да бири бирине билдирбей тошок ырахатына батып журот.
Мен кош колдоп колдойм бул демилгени
20.03.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
не тураа кабыл алуу, мен кошулам 23 эмес25тен кылыш керек кыз баланын талаага чыгыщы болбойт, талаага окууга чыкса болот,биздин канча жаш кыздар Москвада журот 18ге толо елек кыздар толтура Москвада кыздарыбызды коргосок жакшыгоо,анан чондор оздоруда чындыкта иштеши керек.
20.03.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн тураа дегеним кечиресиздер.
20.03.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул туура бирок жаштарды иш менен камсыз кылуучу шарттарды да түзүү жагын ойлонушса боломок. Кыздардын бузулуусуна жигиттердин таасири чоң, ошол кызга жигиттер кызыгып асылбаса анда ал эмне асмандан бузулмак беле? Колдонуп,колдонуп анан башкасына өткөрүп бергендерди угуп, көрүп эле жүрөбүз!
22.03.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abu_kg, эркектер келе десе эле алабер деп талтая бериш керекпи. ошон учун жашын чектеш керек болуп жатат да
20.03.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул чечим туура эмес дегендер Москвага келип Кыргыздардын кафесине кирип коргуло оз козунор менен 18-19жаштагы Кыргыз КЫЗДАРЫН
20.03.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жагынан туура жаш кыздар алданып бузулганы. Бир жагынан туура эмес москвадан болок шаарда комерция менен иштегендер кыздарды алып келип нянка кылып же продовец кылып иштеткендер жакшы жургон кыздар бар мисалы мен туугандарымдын кыздарын иштетем 17жаштагы торт кыз бир жакшына иштешет
22.03.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rozka, туугандар менен келген башка тема. анда кепилдик ала турган адам ошол тууганы да
20.03.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kızdardı kızgangandı emne kılasınar kırgız erkegı baarı alkaş ışi jok.yı bulö bagış yçyn açka yıdöby oturayın.patrıyot kırgız elım degen bır deputat je prezıdent je erkek körsöt.manas dastanındagı jerın elın korgogondor tyşymö dele kırbeyt ymytsyzym.kım ele çet jakta sasıgan orustun tyrktyn koreudın manka kazaktın kol aldında jyrgysy kelsın.ata jurtumdun jıtın kırgızımdın tamagın ala toomdu keremettyy kölymdy körböu jasamak maga onoybu allah baarının belaasın bersın.ertereek kıyamet kayım bolso
20.03.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттар оздору закон чыгарышат, алар эми оздору законду билбегени бул аял айтканынан анык! Закондо личная неприкосновенность личной жизни, свобода, лицо сам выберает свое место пребывания, проживания и т.д
20.03.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура!
21.03.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
КАРШЫМЫН. ал учун олкону гулдоткуло.
22.03.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрыкча москвадагы кыздарды коруп заманын таарып кетет. Кыргызым азыртадан ойлонолу! Эртен кеч болуп калат!
22.03.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чектоого мен да кошулбайм. Мамлекетибизде жумуш жок экени айтпаса да белгилуу. Мен ЫРГАЛ эжеге бир нерсени белгилеп айтып кетким келет. Кыздарыбыздын укук, мумкунчулукторун чектегендин ордуна жалбарып жардам сурап эшигинизди каккан эжекебизге берген убаданызды да бир карап койсонуз ашыктык кылбас эле.
23.03.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чектегенде эмне пайда??андан коро чет жерде жургондорго шарт тузуу жонундо ойлонушпайбы десен.чектеп коюп бизге ДЕПУТАТТАР нан таап беришеби????
25.03.2013. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар. кыздар деп жакшы ой сунуштаптыр. Жаштарды кармап калгынар келсе. Жаштарга жумуш ордуларын даярдап, айлык акысын которбойбу. Алган айлыгы аз, тамак- аш кыбыт. Айлыгы кобурок, жакшы жумушка чыгайын десе аны да сатышат. Бардык жерде коррупция.Булар да жыргаганынан чыкпаса керек жет элге. Депутаттар жылуу жерде отуруп, чонтогун толтуруп алып,элдин проблемасын билбей эле суйлой берет. Элди да ойлоп койбойсунарбы? Качанкыга чейин кыргыз эли кыйналып жашайт!!!
25.03.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарбайлы дебей биринчи жумушту ойлосонор депутаттар,жумуш болуп акча болуп турса кайсы кок мээ олкодон чыгып кеткиси келсин!
26.03.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir jagynan karaganda tuura,kyzdar chet olkodo kimisi kandai jurot,bilbeibiz,joop da bere albaibyz!Birok bizdin olkodogu jumushsuzduk ar daiym masele jaratyp kelet,sebebi degende biz algan ailygybyz menen kunumduk jashoobuzdu kamsyzdandyra albaibyz!Ar bir jashtyn oilogon oi maksaty bar,baardygy ele bashka olkonu korgusu kelet,ishtep kenen akcha tapkysy kelet.Jana da ar bir kyzdyn deerinen demekchimin!Buzula turgan kyzdar sandyka saktap koiso dele buzulup ketet,chet mamleketi jok ele!
26.03.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koigulachy,andai bolboi ele koisun! Menda azyr chet jakta jurom.Anan buirusa dagy bashka olkonu kydyraiyn degen oium bar bolchu,a 23jashka cheyin kuiogo tigip ketsekchi?Baldarybyzdy kuchaktap alyp torkunubuzgo jetish kyiyn bolup kalat!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо