№541 5-21-март, 2013-ж
«Тамашоу» курама командасы 6-март күнү Москвада өткөн КВНдин Премьер-Лигасынын жарым чейрек финалында 3-орунду илип келишти.
– Салам, Эрмек, жеңишиңер кут болсун! Оюн кандай өттү?
– Рахмат, оюндан көңүлдүү кайттык. Албетте, кетип жатканда жеңебиз деген тилектер бар болчу, бирок азыркы жыйынтык деле жаман эмес. 3-орунду алганыбыз жакшы эле болуптур, анткени буга чейин жалаң биринчиликти ээлеп келип, «башка күчтүү команда жокпу?» деп, балким, кээ бир балдарда ой пайда болуп калгандыр. Ошол «жылдыз оорусу» менен жабыркагандар үчүн жакшы сокку болду. Балдар бирок андан сынып калбай, кайра чыгармачылык жактан күчтөнүп калышты. Чынында, жакшылап аракет кылса утса болот экен.
– Канча команда менен ат салыштыңар?
– Жалпысынан 18 команда болдук. 6-7-8-март күндөрү оюн жүрүп, биз алгачкы күнү эле 6 команда болуп чыкканбыз. Кубандырганы, биз жалаң күчтүү командаларга туш болуптурбуз. Бизди «өлүктөр командасы» деп атап жүрүштү. Анткени улам начар ойногондор «учуп» отуруп, биз менен 1-күндө ойногон бардык атаандаш командалар оюнда калдык.
– 3-орун баары бир биринчилик эмес да. Катачылык эмнеден кетти деп ойлойсуң?
– «Биатлон» сынагында кыска тамашаларды бир аз туура эмес тандап алдык окшойт. Бул сынак бир гана баладан көз каранды болуп калат да. Биз бир упайга 0,4 пайыз гана жетпей калдык. Андан кийин «неге антип окуп койдуң?» деп балдар ортосунда анча-мынча чыр болот. А бирок муну бир адамдын катасы катары көрбөшүбүз керек. Анткени баарыбыз чогулуп тамашаны жазганбыз.
– Эми алдыда кандай пландар бар?
– Кудай буюрса, алдыда «Тамашоунун» жарым финалы турат. Андан соң 22-23-апрель күндөрү кайра Москвага сапар тартабыз, чейрек финалга. Андыктан бизди колдойбуз деген патриот эже-байкелер болсо, кызматташууга чакырабыз.
«БИАТЛОН» СЫНАГЫНДАГЫ ТАМАШАЛАРДАН:
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсыздарбы!
Азырынча интернет булактарында жок, чыкса эле медиа-порталдын элдик видео бөлүмүнө жүктөп коюуга аракет кылабыз))