ТӨКМӨЛӨРГӨ МАЙМЫЛДАР ОРУН БЕРБЕЙ КОЮШУПТУР

№541 5-21-март, 2013-ж

Башталышы – 18:30 (жарым саатка кечикти)
Концерттин өткөн ордуКыргыз драма театры
Көрүүчүлөр100 пайызы (7-мартта)
Мыкты номерЖеңишбек менен Аалынын айтышы
Билет баасы – 500 сом

Төкмө акындар «честный» калк келет эмеспи, концертти өз убагында башташса керек деп Кыргыз драма театрына 18:30да кирип бардым. Кыргызчылык менен жарым саат күттүрүп, анан көшөгө ачылды. Эл комуз үнүнө, куйкум сөздөргө суусап калыптыр, залда жылчык жок. Калп айтпайын, концерттин соңуна чейин тикесинен тик тургандарды көрдүм. Алпаруучулар Жакут менен Адилет «Келсеңер угасыңар» десе эле келе бересиңерби? Бир нерсени так угуп, анан келбейсиңерби. Балким, Жеңишбек менен Аалы силерди алдап койду?..» дешсе, залдагы кемпирлер «апей, ботом, эмне дейт?» деп чочуп кетишти. Көпкө күттүрбөй чыккан акындар аларды кечке мыскылдап жаткан алпаруучулардын катыгын берип ташташты. «Эмнеге экөө филармонияга бербейт?» деп келгендердин бири нааразы болгонун айтып, акындар мындайча жооп узатышты: «Бизден бышык артисттер Бишкектин чоң залдарын биринчи басып алыптыр. Аалыке менен Жеңишке аз эле киши келет деп, кырдрам бизге артыптыр...» Айтымдарында, Опера-балет театрын өпкөсү чоңдор бербей коюшса, Спорт Ордосун куудулдар ээлеп алышыптыр. Акыры циркке кайрылышса, маймылдардан бошобосун айтып узатышкан экен экөөнү.
Акындардын шакирттери Кубат, Жылдызбек дегендер да концертке конок катары келишти. Бирок канчалык аракет кылышса да, сөзгө азырынча чоркок экени билинип турду, кеп таппай калган жерден комузун би-ир топко кылдыратып, болбосо «аа-аа» деп созуп барып кырдаалдан чыгып жатышты. Ошондой эле меймандардын катарын «Кыз-жигиттин айтышы» номери менен Бекзамир, Турдукан, Эрлан, Баян аттуу жаш акындар жана пародист Айтбек Мукамбетов толуктады.
Акындар «скромно» эле кутулу­шат дешкениби, аялзатынын майрамына карата залды жасалгаламыш этип койбой бир «косяк» кетиришиптир. Бирок аткаруучулук чеберчиликтин мыктылыгы муну актап кеткендей. Көптөн бери сөз баккан төкмө акындардын айтышын укпагангабы, концерттен энергия алгандай эле болдум. Аягында «таң аткыча ырдай берет элек, театр жатат шаштырып, болбосо ырдай бермекпиз, элди залга жаткырып...» деп үч саатка созулган концертти күндүн кү­нөө­көрлөрү өздөрү жабышты.

Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(14)
18.03.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iigilik aaly menen jenishbek baikelerge talantynar myndan daagy orkundoi bersin
18.03.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иштерине ийгилик каалайм Женищбек менен Аалынын
18.03.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толик журбогон жерин барбы
28.03.2013. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jhanibek, эздин го адамды
18.03.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм бул да болсо бизнестин бир туру!жаттап,айтыш кургандары кызык да кызык!
18.03.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женишбек аалы менен биз сыймыктанышбыз керек булар чыныгы талантуулар.
19.03.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
19.03.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишбек менен Аалыны жаттап айтышат деп ойлобойм алар залкар акындар деп эсептейм .шакирттери балким кээбир жерлерин жатташаар
19.03.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун качан жуктойсунор?
20.03.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MMA_1,
Саламатсызбы! Тилекке каршы видеосу жок.
20.03.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосу болгондо жакшы болот эле
22.03.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуттук кадыр-барк үчүн, кыргыз тили, өнөрү үчүн, ыйман жолуна басым жасаган санаттарын угуп эле жүрөм. Ийгилик КЫРГЫЗ ЭЛИМ деп талантыңар ташкындай берсин!
24.03.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сыйлайм бул эки акынды, Женишбек агабыз азамат, чыныгы талант.
09.07.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да концертине кирдим. Абдан сонун отту, чыныгы ырахат алып чыктым. Сокур кемпирдин монологун айтканда залдагылар ыйлашты. Айтор бир кулуп, бир ыйлап болгон эмоцияларыбызды чыгардык. Акындарга терен ыраазычылык билдирем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо