«ӨЗ АТАМ БЕТИМЕ КИСЛОТА ЧАЧЫП, ЖАРЫМ ЖАН КЫЛДЫ»

№542 22-28-март, 2013-ж

Колумда каарманымдын мурунку сүрөтү турду, анын азыркы абалына салыштырып болбойт. Анын шайдоот маанайдагы сүрөтү жана көз алдымда учурдагы келбети... Көрсө, Кубаныч аттуу мырза кислота бетине чачырагандан улам көздөрү көрбөй калыптыр. Ушундай аянычтуу абалга аны өз атасы алып келген экен...

«АТАМДЫ ООНАП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН СҮЙРӨП КЕЛЧҮМҮН»
– Үй-бүлөдө жалгыз баламын. Ата-энем эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Эл кыйналып турганда биз кыйынчылык көргөн жокпуз, анткени атам жакшы кызматта иштеди. Мектепти бүтүп, Бишкекке, жогорку окуу жайга тапшырдым. Окуумду аяктап келип Нарында иштеп, үйлөнүп, сүйгөн жарым менен ынтымакта жашай баштадым. Ата-энемдин эки бөлмөлүү эски үйүнүн жанына чоң үй салып, үй-бүлөбүз менен чогуу жашачубуз.
Бардыгы арак деген балээден башталды. Кызматынан бошоп, пенсияга чыгып калгандан кийин атам ичкиликке берилип кетти. Күнүгө үйдө уруш-талаш, атам экөөбүз «сен өлбөй койдуң же мен өлбөй койдум» деген жаман сөздөргө чейин айтышабыз. Бирок баары бир ал арак ичкенин токтотпой койду. Кийин ага апам да кошулду.
Өзүм жашмын, теңтуштарымдын арасында кадыр-барктуу болсом, ата-энемдин кебетеси тиги болсо, анан кантип арданбайм?! Эртең менен түз басып чыгып кеткен атам түштөн кийин төрт аяктап жөрмөлөп келет. Же болбосо дагы бирөөлөр жетелеп келет, жеткирип келет, сүйрөп келет. Жаныма батты. Айтпаган жаман сөздүн баарын айтам, сөгөм. Аракеч адамды ал азаптан алып чыгуу жөнөкөй адамдын колунан келе бербейт экен. Менин бир гана жаңылыштыгым, атама ушундай мамиле жасоо менен анын арагын токтотом го деп ойлогонум болду. Атамдын арагы менен алпурушуп жүрүп өз жашоомо көңүл бура албай калдым. Аялым экөөбүздүн жашаганыбызга канча жыл болсо да, ал төрөгөн жок. Бала жытын искеп ата болгум келип турганы менен, келинчегимди таштай албай 9 жыл жашадык. Акыры ал «тукумсуз калмак белең, башка бирөөгө үйлөнүп, балалуу болушуң керек» деди. Экөөбүз урушпай-талашпай 1998-жылы эки айрылыш жолго түштүк. Колуктум кеткен соң мага жашоонун кызыгы деле жок калды.

«БАТКЕНГЕ БАРДЫМ, ӨЛБӨДҮМ...»
– 1999-жылдын жай мезгили болчу. Аялым экөөбүз ажырашкандан кийин деле жолуга бердик. Ошондо түшүндүм, аны жакшы көрөрүмдү. Ошол жылы Баткен окуясы башталып калбадыбы... Баарын таштап, аскер комиссариатына барып келишим түздүм да, Баткенди көздөй баса бердим. Анда да өлбөдүм. Бир жарым жыл кызмат өтөп, 2001-жылы аман-эсен үйгө кайтып келдим. Келсем, баягы мага тааныш көрүнүш. Намаз окуп жүрчү элем, үйдөгү абалды көрүп аны да таштап салдым, өзүм да иче калчу болдум. Бирок тез эле эсиме келип, токтоттум.
Кырсык 2006-жылы, кышында болду. Бир күнү адатынча атам мас болуп келди. Катуу сөздөрдү айтып жаткырып коюп, уктап калгам. Бир убакта бетим ысый түштү. Тура калсам, атам маңдайымда калчылдап колунда бир нерсе кармап туруптур. Элесимде калган акыркы ирмем ушул болду, ошондон кийин караңгылыктын чүмбөтүнө орондум да калдым. Атам мас абалында мага жини келип өлтүрүп салайын дегенби, бетиме кислота чачып жибериптир. Кислотанын өлчөмү көп окшойт, минтип көзүм көрбөй калды. Ошондо эсимен танып калыпмын...
Нарын облустук ооруканасынан жакшы боло албадым. Мени борборго алып жөнөштү. Эне деген баары бир эне экен, мени сүйрөп аман алып калуунун айласында кара жанын карч уруп жүрдү. Машинамды саттырдым, дагы бирин-экин каражат болуп жатып акча көп эле короду. Дарыгерлер эзилген бетимди сөөгүнөн тарта кураштырып, тери чапташты. Төрт ай ооруканада жатып, акыры 1-топтогу майыптыкка чыгарып, үйгө жиберишти. Көзүм биротоло көрүүдөн калды. Дубалды сыйпалап кирип-чыгып күн өтө берди.

«ЭЖЕМ АТАМДЫ АЛДАП ҮЙДҮ ӨЗҮНӨ ЖАЗДЫРЫП АЛЫПТЫР»
– Баса, атамдын мурунку аялынан төрөлгөн аталаш эжем бар. Анын жолдошу каза болуп калып, атам ага там сатып берген. Кийин анысын сатып ийди. Кырсыктан кийин апам дүйнө салып, атам экөөбүз жашап калдык. Эжем биздин үйгө келип-кетип каралашып жүрдү. Бир жылдан кийин мага өлүм тилеген атам да жарык дүйнө менен кош айтышты. Эмне болуп каза болгону белгисиз. Кызыктын баары атам өлгөндөн кийин башталды. Маркум тирүү кезинде эжем атамдын мас абалынан пайдаланып мен салган үйдү өзүнө жаздыртып алыптыр. Ошентип, мени көчөгө кууп чыгып салды. Темселеп кайда барарымды билбей калганда Оттук айылындагы таякем келип алып кетти. 2 жыл ал жакта баш калкаладым. Мечитке барып, Кудайга ибадат кылып, ыйман жолуна түштүм. Эки жылдан кийин там талашуу тууралуу сотко кайрылдым. Үйдүн 70 пайызын майып болгон үчүн менин пайдама, 30 пайызын эжемдин пайдасына чечип коюшту. Ичи оокатка толо заңгыраган үйүмдү элестетип келип, сыйпалап бир талпак таппай калдым. Баарын эжем көчүрүп кетип калыптыр.
Учурда 46 жаштамын, абалым ушундай. Башымдан өткөн окуяны кызыкчылык үчүн же кимдир бирөө боору ооруп жардам берсин деп айткан жерим жок. Эгер ушул макаланы окуп, ичкиликке берилип жүргөн адам оңолсо же ата-энесин капа кылып, таарынтып алган бирөө алардан кечирим сураса, ошол менин олжом! Мен ата-энемди ошол калыбында кабыл албаганым үчүн ушул кыйноого туш болсом керек. Бардык нерсеге жаза болот экен. Шахмат оюну бүткөн соң хан да, пешка да бир кутуга салынат. Баарыбыз бир Кудайдын алдына барарыбызды унутпай жүргөнүбүз оң.

Кубаныч мырза ушинтип баянын аяктады. Мени таң калтырганы, ал көзү көрбөсө да 3-4 жылдан бери жалгыз тиричилик кылганы болду. Баарын сезим-туюму менен жасайт экен. Ал тургай гитара менен обон созуп ырдап да берди. «Төкмө акын Жеңишбек Токтобековдун чыгармачылыгын абдан баалайм. Өзүмдө ыр жазып же обон чыгарган деле талантым жок. Эгер Жеңишбекке жолукчу мүмкүнчүлүк болсо, тагдырымды айтып берет элем. Уккулуктуу дастан жаратса, балким, бир топ адашкан инсандарды арактан кайтарат белек деп калам. Арактан жыргаган эч ким жок. Муну адамдарга түшүндүрө албаганыбыздын өзү эле турмуштагы чоң трагедия деп билем» деген ойлору менен бөлүшө кетти.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(25)
25.03.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаныч мырза ден соолукта болунуз
25.03.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам заты!!!! бул сынодур сизге, бирок антейн десен сиз деле эмнеге андай туруш корушунуз керек. Эмне атаныз сизе андай мамиле кылат эле.Айтышатго бирого олум тилегиче ,озуно омур тиле дейт атаныз ошондой кылбаптыр да
25.03.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оз канынан жаралган баласына олумду каалаган ата-эненин барынан жоктугу жакшы, ыйман жолунда журсонуз- Кудайым сизди бактылуу кылат.
25.03.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
blinnn,kyrgyzdar bul arak degenden ka4an arylabyz?po4ti superdin ar bir sanynda bir jaman okuyany okuisun,anyn sebebi janagy ele arak
25.03.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul adamdi taaniym. Atasina kol kotorchu. Ozu kop ichip jurchu. Atasi teskerisinche balasinan uyalchu... Biroogo sin aitpailik... Bolgon iw bolgon. Alla taala tarazalait kimdiki chin kimdiki jalgan
25.03.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ıslamda ıçkılık ıçmrk,narkotık,nıkelyy ayalın je kyıöösyn başka bıröö menen aldatmak,boy kötörmök,öç almak bular en çon kynöö sayılat,oşonduktan ölgön kyny myrzö azabına anan tozokko kırböögö dayardanın kırgızdar
25.03.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тобо кылайын
25.03.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынаа сага, озуда айтып жатпайбы атамды жаман создор менен урушар элем деп,эми озуну урушаарда адам жок кайтар дуйно бул. Аллах шыпаасын берсин эми.
25.03.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир пенденин журогундо ислам,дилинде ыйман болсун!!!Антпесе ушинтип озубузго эле кыйын пенделер....
25.03.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энесинен,жаны бар туруп жарык дуйнодон ажыраган адамда кайдагы бакыт,анын устуно аталаш эжеси да антип кетсе.Негизи озу муноздон тагдыр жаралат эмеспи,анын сынары биздин каарманыбыз да бул тагдырын озу тилеп алгандай.Балапан кезинен бала кылып,эч нерседен кем кылбай чонойтуп,окутуп-чокутуп,уйлонтуп,уй жай берип,адам катарына кошуп койгондо,алтындай ата-энесинин бир капризин(арак ичкенин)которо албай,кудайга жакпаган иш туткан болуш керек.а дейбиз бу дейбиз кудайым иисабыр берсин эми.
26.03.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасы баласына душман болуп,адам заты айбанданда артып барабыз
26.03.2013. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым сизди бир олумдон сактаптыр,беш эненизге мындан аркы тагдырыныз кайгы менен чокпой кубаныч менен толуп турсун.
26.03.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишунун баары ошол жаман арактан да! иий Кудай сактасын ошондой атадан.
26.03.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай озу жар болсун эми.
27.03.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата эне озун кандай алып журсо да капа кылбаш керек. бул жерде кимде куноо бар экенин бир гана КУДАЙ билет.
27.03.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаныч мырза сизге ден соолук каалайм. Жалгыз уул болсонуз да атаныз баркынызды билбей кетиптир, сабыр кылыныз.
27.03.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланыйын Кудай ай, бул не деген шумдук...Мынакей бизге "70 жылдык СССРдин синирген маданияттарынын" бири ичкилик кесепети-адамзаттын тозогу...Ичкиликтин артынан не деген гана тири укмуш нерселер болуп жатат.Бул мырзага эми сабыр жана Тейитбек аталардан кудай сактасын...
27.03.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубаныч мырза,сизге ден соолук жана сабырдуулук, кудайдын козу туз болсун сизге!
28.03.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубаныч мырза сизге ден соолук каалайм. Ата-эне жаманбы жакшыбы сыйлашыбыз керек. Сыйлабасак эртеби кечби ошондой кунду Кудай озу корсотот
28.03.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунон жаралган баланы аеосуз кордогону туура эмес го, Кудай сактай кор!
29.03.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дуйно сыналуу учун да адамзат,алдыда дагы канча сыноо турат.
30.03.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээээх Эмне дешти да билбей турам.... Аракты эчким женген эмес, женбейт дагы!
01.04.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул окуяны окуп шок болдум четте туруп сын пикир айтуу совет беруу оной эми анын баарын кудай таразалайт биз пенде суйлой беребизда сизге сабыр тилейм айтаарым озунузду коп жемелей бербениз
13.04.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээх Гүл жан, Гүл жан ушундай журок ооруткан окуяларды кайдан таап жазасын деги?!
01.02.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх бул да арактын айынан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо