КЫЗДАР, ЧАПКЫЛА!

№542 22-28-март, 2013-ж

Кыздардан «кандай жигиттер жагат?» деп сурасаң, сөзсүз «тамашакөй» деп жооп беришет. Ошол себептүү тамаша айтып жүзү таанылган «Тамашоунун» башы бош «красавчиктерин» чогулттук. Эгер сыртынан жактырып, даап сөз айта албай жүргөн кыздар болсо, анда карап турбагыла, чапкыла!

Кубаныч Курманбеков: «АЯЛЫМ АЛГАНДАН СОҢ БРИЛЛИАНТЫМ БОЛОТ»

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 25-май
Туулган жери – Бишкек шаары, №2-төрөт үйү
Бою – 182 см
Салмагы – 74 кг
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу, сулуусу
Мүнөзү – Шайыр, ак көңүл, шашма
Материалдык байлыгы – Samsung Galaxy Note үлгүсүндөгү чөнтөк телефону, Мерседес 280Е унаасы
Учурда – «KG 77» командасынын оюнчусу

Куба шаарда төрөлүп-өскөн, менменсинбеген, өтө жөнөкөй бала. Түгөй тандоодо адашпайын деп өзүнө окшош кыздарды караштырып жүрөт. Эң жактырбаганы – калп. Ага түгөй болом деген кыз калп айтуу тууралуу ойлонбой эле койсо болот. Кыска-кыска, үзүп-үзүп сүйлөгөн Кубаны тойгузам деп көп деле убара тартыштын кереги жок. Анткени «картошка кууруп берсе деле мага жага берет» дейт.
Эң негизгиси, кийин баш кошуп калсаңар, чалкалап диванда жата бербей, баланы жуундуруп, таза карагыла. Анткени болочок ата «жумуштан келгенде балдарымды жыттап жыргап отургум келет» деген кыялын айтты. «Алганга чейин алтыным, алгандан кийин бриллиантым болот» деп ишендирет. Оо, кайсы гана кыз кийин жолдошунун бриллианты болууну каалабасын?! Кыздар, башка бирөө бриллиант болуп кеткиче чамдагыла, сары алтын жигитти илип кетишпесин!

Эмил Эсеналиев: «МАГА СТЕРВА КЫЗДАР ЖАГАТ»

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 28-апрель
Туулган жери – Нарын району, Он-Арча айылы
Бою – 170 см
Салмагы – Самат Эркинбековдон оор
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын төртүнчүсү
Мүнөзү – Бетке чабар, боорукер, бир аз орой
Материалдык байлыгы – Ак-Өргөөдөгү үйү
Учурда – «Ак-Өргө City» командасынын оюнчусу

Эгер Эмил менен жүз көрүшүп, ал орой сүйлөп койсо «ий, бул «жылдызняк» болуп калган турбайбы» деп ойлобогула. Ал сахнада жоош көрүнгөнү менен, жашоодо орой, жини бат келет. «Айла жок, бул сапат табиятымдан» дейт Эмил. Анан да бул жигиттин табити өзгөчөрөөк экен. Элге жоош кыздар жакса, Эмил «андай кыздар менен мага скучно болуп кетет» деп, «стерва» кыздарга жүрөк тартып туруп аларын дагы кошумчалады.
«Ак-Өргө Сity» тобундагы Улук так Эмилдин табитинде экен, андыктан ошол жигитке карап түздөнө берсеңер болот, кыздар. «Желательно» фигурасы жакшы болсо, а эгер болбой калса айла жок деп ага да көнүп берет. Бул мырза бирөөнү сүйүп калса, ошону менен эле токтолорун айтат. Бирок азырынча бирөөгө токтолбой, ар кайсы кызды жактырып жүрөт. Ак-Өргөөдөгү кара тору жигиттин издеп жүргөнү дал сиз болуп жүрбөңүз, андыктан башка бирөөгө тарттырып жибербей, аракетти күчөтө бериңиз.

Айбек Бурханов: «КАРЬЕРА ДЕГЕН КЫЗ БОЛСО,АНДА МАГА ЖАРАБАЙТ»

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 17-сентябрь
Туулган жери – Ош шаары
Бою – 172 см
Салмагы – 68 кг
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу
Мүнөзү – Жоош, аз сүйлөйт
Материалдык байлыгы – Өзүнө жетиштүү
Учурда – «Моника Беллуччи» командасынын оюнчусу

Көздөрү бакырайып, каш-кирпиги төгүлгөн, «Моника Беллуччинин» «поехалии!» деп кыйкыргычы же Шректин мышыгындай көз караш жаратуучусу Айбекке кыздардын көзү токтоп калары турган кеп. Айбектин артыкчылыгы кыргыз, орус, өзбек, түрк, англис тилинде эркин сүйлөйт жана кез-кезде сизге арнап ырдап да жибериши мүмкүн.
Үй-бүлө курарда ал талапкер кыздарга бир гана шарт коёт, кыздын үйгө карамдуу болушу зарыл! Дегенибиз, силерге бул мырза жагып, бирок аны менен жарышып карьера жасайм десеңер, анда азыртан оюңардан кайта берсеңер болот. Айбек «карьера деген кыз болсо, анда мага жарабайт» деп кесе айтты. Бою сөзсүз түрдө куудул жигиттен кыска, бирок өтө жапалдаштар да жакпайт экен, «165тен жогору болушу керек» дейт. Жылдыздуу жана бой көтөрбөгөн кыздарды жактырат.
Түштүктүн жигити эмеспи кантсе да, самсаны тандырда болбосо да духовкага, ашты очокко катыра жасайт. Эми айткылачы, кыздар, кимдин гана ушундай көп кырдуу таланттуу, чырайлуу жигиттин ашыгына айлангысы келбесин?!

Азамат Исмаилов: «ҮЙ-БҮЛӨМДҮ СЫЙЛАГАН ЖУБАЙЫМ БОЛСО, АРМАНЫМ ЖОК ЭЛЕ»

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 11-апрель
Туулган жери – Нарын шаары
Бою – 165ке барса керек
Салмагы – 60 кг
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кенжеси
Мүнөзү – Жоош, боорукер, ишенчээк, жалкоороок
Материалдык байлыгы – Хонда Стрим машинасы
Учурда – «Тамадалар» командасынын оюнчусу

Бир кездерде күйөрман кыздары «Сникерс» менен багып жүргөн Азамат Исмаиловго көз артып жүргөндөр болсо, шашкыла, мөөнөтүңөр кыскарып баратат. Ал бир жылдан бери болочок жубайын издөө менен убара. Андыктан таптым дегиче дароо үйлөнгөнгө даяр.
Азамат намазга жыгылып, беш маал окуп жатканына байланыштуу «намаз окуган кыздар болсо жакшы болмок» дейт. Анан да назик, оор басырыктуу, орундуу сүйлөгөн бийкечтер, эч тартынбай аракетиңерди баштай бергиле. «Менин боюм кыска же узун эле, эми кантем?» деп баш катырып отургандар болсо, анын да жообун сураштырганбыз. Азаматка кыздардын бою узун-кыскасынын айырмасы жок. Болгону жылдыздуу болуп, жарк этип көздөрүңөр чагылышып кетсе, иш бүттү дей бергиле.
Бул мырзанын дагы бир жакшы жагы, кээде колуңардан шыпыргыны алып үй шыпырышып, чыны жуушуп салат. Бир сөз менен – идеал! Бирок бир нерсени капарга алып койгула, кыздар, Азамат келгенде үй «чики-чики» болуп турушу шарт. «Жумуштан чаалыгып-чарчап келгенде мени жылмайып тосуп алган, үй-бүлөмдү сыйлаган жубайым болсо, арманым жок эле» деп «тамашоучу» ачык оюн айта кетти. Эгер анын талаптарына жооп берип, койдой жоош болсоңуз, Азамат да тескери баспай, туруктуу күйөө болуп берүүгө кепилдик берет.

Самат Эркинбеков: «КЕЛИНЧЕГИМ КЫЛЫКТАНА ЧЫГЫШ БИЙИН БИЙЛЕП БЕРСЕ...»

Туулган жылы – Жакында гана 21 жашка чыкты
Туулган жери – Токмоктун Он бир-Жылга айылы
Бою – 168 см
Салмагы – Айткандан уялат
Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын кенжеси
Мүнөзү – Жумшак, кээде нерв болуп кетмейи бар
Материалдык байлыгы – Жакында алган Хонда Марч унаасы жана Ак-Өргөөдөгү эки кабаттуу үйү
Учурда – «Ак-Өргө City» командасынын оюнчусу

Куудулдуктан тышкары актёр катары да өнөрүн көрсөткөн «миниатюрный» Саматка чалмаңар даярбы, селкилер? Даяр болсоңор, анда кеттик. Силерге бул мырзага жагуунун бир нече жолдорун айтып берейин. Самат «нерв болуп кетмейим бар» десе чочубагыла, анысын унутчаактыгы жууп кетет. Унутчаактыгынын дагы бир жакшы жагы, эгер кийин кер-мур айтыша кетсеңер, Самат бат эле капасын унутуп, ортоңордо таарыныч болбогондой өтөт да калат. Эгер силер тамекини оозуңарга тиштеп көрбөгөн болсоңор, анда куудул жигиттин жүрөгүнүн эшиги дайым силер үчүн ачык. Өзгөчө мурду кырдач кыздардын «шансы» көбүрөөктөй.
Дагы бир көңүл бөлчү жагдай, ашканада борщ, солянка сыяктуу суюк тамактарды жасап, жигиттин көңүлүн ала албайсыңар. Ага караганда беш бармак, мантыны жасап берсеңер, Саматка майдай жагат, семирип да алат. Бирок кийин турмуш куруп калсаңар, «тамашоучу» жигитти үй жыйнаганга жардам бербей койду деп таарынбагыла. Анткени ал кичинекейинен үй жыйнай берип тажап, «үйлөнсөм, үй ишине аралашпайм» деп өзүнө сөз берген. Бирок жаныңызда эрмек болуп дайыма сүйлөп, капалансаңар, боорду эзип күлдүрүүгө даяр.
Ии, баса, эң негизгисин унутуп кала жаздаган турбаймынбы. Куудул жигит «кийин келинчегим мага кылыктана чыгыш бийин бийлеп берсе...» деп кыялданарын айта кетти. Кыздар, азыртан бий ийримине барып, даярдыкты баштай берсеңер болот.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Тамашоунун "красавчиктери"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(56)
SUPER.KG видео
24.03.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо эле озгочосунор го
SUPER.KG видео
24.03.2013. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саматтын колунда манжасында обручалка журотго байкасанар!!!
SUPER.KG видео
25.03.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cупе-Инфо мен коро албай жатам.Откондо ушинтип коро албай койгон элем издерден жардам сурасам купуя жооп берилген,бирок купуядан тушунбой койдум сураныч тушундуруп койгулачы?
SUPER.KG видео
25.03.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chik80, Aigowa, kg.1987tls, Gulyamur, Aigowa, Gulyamur,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
Билдирүүңөр жашырылды.
Aigowa - эскертүү!
Сайттын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
25.03.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаныч Курманбеков менен Самат суйкумдуу,экоонорго тен ийгилик,издеген тугойунорду таап бактылуу болгула.
25.03.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кубанын кызы бар го
25.03.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgul ал кыздарына "серезный" мамиле кылбаса керек да...
SUPER.KG видео
25.03.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбек мага мурун жакчу эле, мындан кийин жакпай калды. Кыздар деле карьера тузгусу келет да. Эмне куйоолорун эле карап отура бериши керекпи? менин оюмча идеалдуу айым баардык нерсеге жетишет.
25.03.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айбек Бурхановдун табити ото кучтууго!Окуубаган кыздар, бою 165тен жогору деп...кудайым бешенесине кайсы кызды жазcа ошол кыз менен бактылуу болом десе да болмок!
25.03.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкалары жок го, канаааа?
25.03.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hahaa,ke4ooku jarym finalda kg77 jardynar e:D, aran 4yktym ai sport ordosudan)))
26.03.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык балдар эле сулуу кыз дешет сулуу эместерди ким алат анда?
26.03.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоооо, табитинер кучтуу го))))
26.03.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara katındın agınan emes,bagınan,algan kyıöö jaraşsa kara katın ak bolot,orustarda makal bar krasıvaya jena,çucaya jena je suluunuku kur.....t,köp suluu kördyk körböyle koysom bolmokken......
26.03.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куба мага жактын
26.03.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпады тортоо тен
26.03.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммммм албетте сулууууу стильный кыздар жагатта аларга=)) мага жакты!
SUPER.KG видео
26.03.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага Азамат жакты намаз окуп дин жолунда жургону учун.


26.03.2013. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлошкон кыздары кандай эле жок болсун, просто оздорун пиар кылып жатышат.
27.03.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul törtööny kyiöö tappay jyrgöndör ele karabasa kesır bolbosun
SUPER.KG видео
27.03.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат красавчик чыныгы талант бар сенде!калганын билбейм..Самат деген малыш че то Оштуктарга коп асылчу болдун!азыртан токтотбосон мындайынды кичине кыйын болот озуно байка балакай!!
SUPER.KG видео
27.03.2013. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Азаматтын создору жакты,чынында идеалдуу аял болбойт анын кемчилдиктерин тарбиялоо эркектин колунда,Азамат талантуу да и акылдуу дагы экен,азамат!Ушундай тугой болсо жашоо алдыга жылат,Аллах максатына жеткирсин сени,ийгилик!
27.03.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары эле ойундагыдай болсо кана! пешенеге жазганын коросунор.ийгилик баарына!!!
27.03.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алып баруучунун озун алып журуусу,суйлогону жасалма. башка алып баруучунар жокпу?
27.03.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир инсан,озунун ой пикирин айтканга акылуу,бирок..Алла таала эмнени пешенеге жазса ошону коробуз!Жараткан тилегинерди кабыл кылсын!
27.03.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар да "жылдызняк" болуп башташыптыр. Айбекте талант бар дейт элем.
28.03.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Айбек Бурханов жагат да
28.03.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Конечно Бурханов, крррасавчик да!
30.03.2013. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айбек Бурхановдун логинин бергилечи аябай жакшынакай экен
SUPER.KG видео
20.05.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой никому прям не нравится sexy girl...! :)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо