№542 22-28-март, 2013-ж
Акыркы учурларда жашы жете элек өспүрүмдөргө жыныстык зомбулук көрсөтүү фактылары көп катталууда. Жакында эле болуп өткөн окуядан улам педофилдердин саны азайбастан, кайра көбөйүп жаткандай сезилет.
БАКТЫГА ЖАРАША КЫЗ КАЧЫП КЕТКЕН
2013-жылдын 22-февралында Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБ-ине аталган райондун жараны А.С. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү болжол менен саат 13:30дар чамасында белгисиз адам 11 жаштагы кызын курулуш имаратынын тосмосуна алып барып, коркутуп, күч менен зордуктоого аракет кылган. Бактыга жараша кыз ал аңгинин курмандыгы болбой, качып кетүүгө үлгүргөн. Бул арыз боюнча тез аранын ичинде иликтөө, издөө иш-аракети жүрүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү жаран милиция кызматкерлеринин кылтагына түшкөн.
Кылмышка шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын тургуну, 1972-жылы туулган Фёдор Клюк аттуу немис улутундагы жаран болуп чыккан. Анын учурда туруктуу жашаган үй-жайы жок, селсаяктык күн кечирип жүргөндүгү да аныкталган. Ал буга чейин да Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 246-беренеси (сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн, баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү), 336-беренеси (эркиндиктен ажыратуу жайынан же камактан качуу) жана 164-беренеси (уурдоо) менен соттолуп, жазасын алган. Учурда бул факт боюнча да үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
«МАС БОЛЧУМУН»
Адамдын көз жаздымында калбаган бул жосунсуз жорукту кантип жасаганын кылмышка шектүү Фёдор Клюк эрдик жасагансып төмөнкүдөй баяндап отурду:
– Кызуу болуп көчөдө келе жаткам. Аңгыча бет маңдайыман болжол менен 12-13 жаштагы кыз чыкты. Аны көрүп зордуктоо үчүн жакын арадагы курулуш имаратынын тосмосунун ары жагына сүйрөп алып бардым. Кызды кармап, бекем кучактаганымда ал кыйкырып жиберди. Анан мени тиштеп алды. Ошондо аны коё берип жибердим. Кыз болсо чуркаган боюнча качып кетти.
Жакында эле депутаттар Кылмыш жана жаза кодексине педофилдерди химиялык жол менен бычуу тууралуу өзгөртүү киргизүү сунушун биринчи окууда кабыл алышты. Балким, бул мыйзам кийинки окуулардан да колдоо тапса, өспүрүм балдарды кордогон педофилдердин саны азаймак беле?..
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүү калтырууга жана провокациялоого жол берилбейт!