АВТОБУС АЙДАГАН АЙЫМ

№542 22-28-март, 2013-ж

Автобусту көпчүлүк учурда эркектер айдашат эмеспи, а биздин Ош шаарында эчен жылдан бери автобус айдаган айым бар. Кишимжан эжени маекке чакырып, экөөбүз жолугушкан жерден анын ишканасына жеткиче алдыбыздан чыккан кишилердин баары «Кишим, амансыңбы?» деп сый менен амандашып жатышты.

– Кишимжан айым, көбүнчө мырзаларга тиешелүү бул кесипти кандайча аркалап калды?
– Мен Алай районунун Жошолу айылында туулуп, бала чагым Гүлчөдө өттү. Айдоочулук атамдын сүйгөн кесиби эле. Эркек мүнөз болуп атамды ээрчип, машина оңдосо, мен да артынан темир-тезегин көтөрүп чуркап жүрүп кызыгуум артып калган. Мектепти бүтүп кесип тандоого келгенде апамдар «сен эркек мүнөз кызсың, дарыгер болушуң керек» деп Бишкекке жиберишти. Мен да доктурлукка кызыгып, макул болуп эле баргам. Анан ал жакта аялдамадан «Троллейбус айдоочулук кесибине окууга чакырабыз» деген жарыяны окуп калып, ошого тапшырып салдым. 6 ай окуп, практикага чыгардын алдында үйгө келсем, апам менен чоң энем «кыз балага болбойт бул кесип, кантип иштейсиң эми?» деп аябай тилдешкен. Апам «атаң жумушта, азыр келсе жакшы сөз укпайсың» десе атамдан аябай коркком. Бактыга жараша, атам мени тилдебей, тандоомо макул болуп, менин тарабымды талашкан. Анысы мага дем берип, окуумду ийгиликтүү аяктадым.

– Аял кишинин айдоочулук жумушка кабыл алынуусу бир топ кыйынчылыкка тургандыр?
– Жок, окууну бүтүп келгенимде 78-жылдар эле. Ошко троллейбустар жаңы эле келип, ремонттору жакшы эмес, линиялары толук бүтпөгөн кез болчу. Мен кайрадан «Автоучкомбинатка» тапшырып, андан соң «Такси мотор» автобазасына айдоочу болуп жумушка орноштум. Эң биринчи жүк ташуучу машина айдагам. Кызматыбыз почтага келген каттарды ташуу болчу. Жүргүнчү ташууга тажрыйба керек болгондуктан, төрт жыл жүк ташуучу унаа айдап жүрүп, кийин «жүргүнчүлөрдү ташуу категориясына» тапшырып, ошондон бери жүргүнчү ташып эмгектенип келе жатам. Айдоочу болуп иштегениме жалпысынан 30 жыл болсо, жүргүнчү ташып иштегениме 26 жыл болду.

– Рулга отурган алгачкы кез эсиңиздеби?
– Ооба, эсимде. 9-классымда атам автомектеп ачкан. Балдарды машина айдоого үйрөткөнү жолго алып чыкканда мен да ээрчип алып машина айдачумун. Жаңы үйрөнгөн адамга машина оору болуп калат да. Ал кездерде аялдар рулга отура элек кез болчу, мени көргөндөрдүн баштары кайрылып калар эле. Ансайын кызыгып калчумун.

– Үй-бүлөдө сизден башка дагы айдоочулукту аркалагандар чыктыбы?
– Бир туугандарымдын ичинен эркек балдардын баары эле айдоочулук окуу жайын бүтүрүшкөн, бирок эч кимиси мен сыяктуу жүргүнчү ташып иштешпеди. 3 уулум бар, алар да бул кесипке жакын эмес. Кичүү уулумду кээде кассир кылып жаныма ала жүрөм.

– Жездебизди да айдоочу болуп жүрүп тапкандырсыз?
– Ооба, иштеп жүрүп табышканбыз. Турмуш кургандан кийин деле жумушума каршы болбоду.

– Сиздин айдап баратканыңызды көрүп таңыркаган жүргүнчүлөр да көп болсо керек?
– Жылдар өтсө деле мага таң калып бүтүшпөйт. Адамдар автобуска чыгып келе жатып айдоочуну карашпайт да, чыгып алгандан кийин мени көрүп алып «канча жылдан бери айдайсың? Көнүп эле калгансыңбы? Жакшы эле айдайсыңбы?» дешип, айдаганымдан шек санап же түшүп кете албай обу жоктонгон аялдар көп болот.

– Орто жолдо автобус бузулуп калса кандай чара көрөсүз?
– Эгер оңдоочу куралдарым жанымда болсо, өзүм эле оңдоп алам. Анан менде жок темирлери бузулган болсо, ишканага байланышам.

– Бул кесиптен жадап, дарыгер боло бербептирмин деп өкүнүп калган учурларыңыз болгонбу?
– Андай учурлар болбоду. Эч качан чарчабайм. Ар бир аялдамага токтоп, адамдарды алмаштырган сайын аларды күзгүдөн карап отуруп кубанып, эс алам. Автобуска карапайым, жүрөгү таза, ар кыл мүнөздөгү адамдар чыгат.
Алган маянабыз деле анчалык эмес. Мисалы, күнүнө 3500 сомго жакын план толтурабыз. Андан бизге эч нерсе деле ашпайт. Алган маянабыз 5000 сом. Ишимди сүйгөнүм үчүн кээде план толбой калса, өз чөнтөгүмдөн толуктап коём. Жумушта да кесиптештеримдин алдында барктуумун. Аял болуп туруп алар менен тең ата иштеп жатканымды сыйлашат.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
25.03.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда коргондо тан калган элем. ишинизге ийгилик эже, уй булонуз менен аман болун.
25.03.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir kungo 3500 som oto ele kopgo,ya?
25.03.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каяка коп 3500государствага толойт анан калганын анан озуно алса керек да
26.03.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кором бул эжени №2 автобусту айдайт болчу.Азаматсыз!
26.03.2013. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротун коруп тааныдым бул ежени мен Ошто 2009жылы окуп жкргондо кирпичный жактан 105 машуртка айдачу биринчи тушкондо мен да аябай тан калгам, Ошко барган сайын кором,ишинизге ийгилик ар бир кесип ардактуу дагы да кадыр барктуу болуп журо бериниз
26.03.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай-иий мен бул эжени кече кана коргом, Азаматсыз эжоов!
26.03.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guzu77777,
rahmat KEP,owonu aityp jatam men da,kunugo 3500di okmotko toloit,a owol 3500 kunugo tuwot beken,bawka4a aitkanda,bir avtobustan kunugo nakta kan4a ak4a tuwot dep oilop jatam?owon u4un 3500 kop emespiii dep jatam
26.03.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да биринчи коргондо аябай тан калган элем...
27.03.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик каалайм эже арыбаныз. Мен дагы сиздин жургунчунуз болом))
27.03.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bul ejeni kund0 k0r0t elem da, traleibusta,marwrutda aidachuu Azamatsyz eje ishinizge iygilik!
27.03.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз эже,талбай эмгектене бериниз!!!
27.03.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эже №105 маршрутту (Фуркат кирпичный) айдайт эле, мен да коп жолу тушком бул эжеге, бирок негедир коркот болчум бул эжени коргондо, эми автобус айдап журот экенда
28.03.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр 12-чи автобусту айдап журот.кундо корот элем.
28.03.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектерге караганда жакшы айдаса керек,жол эрежесин бузбай,
28.03.2013. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кундо ушул эже айдаган автобуска тушуб,жумушка барам да.....
29.03.2013. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chirakbek.86,сизге эскертүү!
Баш тамгаларды грамматика эрежесине ылайык колдонуңуз.
30.03.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз башка айдоочулардан караганда жакшы айдайсыз.
30.03.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анча мынча ката кетируунуз мумкум болсо керек

31.03.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каяктагы 3500 сом,ал кундук планы го,эгер ар бир айдоочу мынча ала берсе авто базалар эмнеге жашап калмак
07.04.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negizi kaaloo bolso baary bolot!Demek jurogunuzgo jakyn kesipti tandagan ekensizda!Jakshy.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо