БИР ТУУГАНДЫН ЖҮРӨКТӨГҮ ОРДУ КАНДАЙ?

№542 22-28-март, 2013-ж

Бир бооруңа кайрымдуу мамиле кыл! Ар бир кыргыз баласы кичинесинен ушул сөзгө сугарылып чоңоюп келе жатса да, айрым учурларда бир шаарда туруп, экинчисинин кабарын билбегендер бар. Ислам дининде да бир тууганчылыкка өзгөчө маани берилген. Бул тууралуу аалымдар төмөнкү окуяны айтышат.
Бир адамдын үч уулу жана бир иниси согушка аттанышкан экен. Бир топ убакыттан кийин ал кишиге “сенин бир уулуң каза болду” деген кабар келет. Ал “Алла берди, кайра алды” деп сабыр кылганга аракет кылат. Андан кийин эки уулу каза болгону тууралуу кабар келет. Анда да  мурункудай жооп берет. Бир аз убакыттан кийин “согушта бир тууган иниң каза болуп калды” деген кабар келет. Мурунку үч азага туруштук берип, сабырдуулук менен караган адам катуу кайгыга батып капа болгон экен. Суук кабар алып келген адам таң калып, “сиз үч уулуңузда мынчалык капа болгон эмес элеңиз, мынчалык күйүп аза күткөн жоксуз. Эмнеге иниңизге катуу күйдүңүз?” деп сурайт.
Анда ал: “Иним ата-энемден калган жалгыз бир тууганым эле. Ата-энем эми кайра тирилип, мага ини жаратып бере алышпайт. Ал эми уулдуу болушум мүмкүн. Мен ошого инимди жоктоп капа болдум”,- деген экен. Бир туугандын даражасы кээде баладан да ашык болушу мүмкүн.
Ал эми кыргыз санжырасында таланттуу ага-ининин мисалы айтылып келет.
Тянь-Шань тоолорун жердеген тоолуктардын арасында эки бир тууган таланттуу акын чыгат. Экөө көз тие турган сулуулугу, комузда кол ойноткон чебердиги, оозунан төгүлүп турган ырлары, мукам добушу менен эл оозуна алынат экен. Бир күнү төкмө акындардын  таймашы болуп, кыргыз жергесинен мен таланттуу дегендин баары чогулат. Боз үйдүн кийизин түрүп коюп, улам бир төкмөлөрдү ырдатышат. 7 күнгө созулган таймашта эки бир тууганды жеңе турган адам табылбайт. Акыры бардыгы жеңилип, беттешүүгө бир туугандар гана калат. Улуусу комузун кайрып төгүп коё берерде, кичүүсү ордунан шак тура калып, колун бооруна алып:
– Агам, устатым, мен эч качан сени менен таймашпайм. Тагдырдан болуп, экөөбүз эле калдык. Эми мен сага жол койдум. Элиңдин жалгыз булбулу сенсиң, мындан ары. Эми сенден башка атаандаш табылбаган соң мен ырчылык, төкмөлүк өнөрдү сен үчүн, сенин даражаң үчүн таштайм. Мындан ары комузду колго албайм,- деп туруп боз үйдөн чыгып кетет.
Талант күчү оңой бекен? Шаңшып жүргөн жигит думугуп ырдагысы келет. Топко барса эле ыры төгүлүп, төгүп жибере турган болгондо, элден качып тоо таянып кетет. Жалгыз жүрүп, 5 жылдан кийин мергенчилер жолуктуруп калганда баягы жигит дудуктарча жаңдап сүйлөп калган болот. Көрсө, ырдап жибербейин деп думугуп жүрүп, чын эле жигит дудук болуп калган экен.
Кыргыздын түпкү салтында да бир тууган үчүн көз ирмебей өлүмгө барышса, ислам дининде бир туугандык ымаланы үзбөй, колунан келгени бечарасына көмөк көрсөтүүсү керек экендиги айтылып келет.
Ал эми дагы бир хадисте Алла белек кылган  берекелердин бири бул – бир тууганына кайрымдуу болуу деп айтылат. Акыр заман жакындаганда үйдөгү береке кетип, бир туугандар бири-бирине кайрымсыз болуп калышат дешет.
Демек, боордоштор бири-бирине жылуу сөз айтуудан калып, ыркырашып турса, акыр замандын дагы бир кадамга жакындап калышы. Андыктан бир туугандарга мээримдүү бололу

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(32)
25.03.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин бир туугандарым-менин жандарым.
25.03.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бир туугандарынды сагынасын, коргун келет, суйлошуп сырдашсам дейсин... бирок азыр ар ким озу мн озу... жок дегенде сагынганда чалып сурап койсо болмок деп ойлоп каласын.. бир туугандардын ынтымагы болуш учун менимче ата-эне жашынан тарбиясына синирип барыш керек. ар бири озунчо турмуш куткондон кийин эле озгоруп калышат го
25.03.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bars22, мен сага кошулам
25.03.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуш кургандан кийинда озгорбой жашаш керек да. баландан да жакын болот дегенге мен кошулам. менин иним мен Москвага кеткенде сагынып ооруп калганын уканда аябай ыйлагам, кайра кеткенге айла жок.
25.03.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиректерим
25.03.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир туугандарым менин бактым ошолор .Акам менен эжем биз ар дайым чогуубуз учобуз!!!
25.03.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир туугандарымдан алыстамын. Аларды сагынып, абдан кооп эстеймин,ага кошул-ташыл, биз бирге өскөн айылымды, биз көз ачып көргөн айыл элинин таалим тарбияга бай элин сагынамын!
25.03.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир туугандык мээримди сезбей келем себеби мен жалгызмын бир Эле бир тууганым болсо дейм
25.03.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир туугандарымдын омурун тилеп келем баардыгы уй булоолу болсо дагы кунуго суйлошпосом болбойт алар дагы мени жакшы корушуп сагынып калышат ден соолуктары чын болуп балдарынын жакшылыктарын корушсун менин бир боорлорум
25.03.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акын бир туугандарды мен бир китептен окуган элем. сынган кылычта болуш керек точно эсимде жок
25.03.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуржамал эженер китептен окуп алып уруп коюптур
26.03.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jhanibek, китептен алса эч нерсе эмес.Мен озум жаздым деп айткан жери жок.Макаланы даярдоодо ар жерден алып даярдашат коркомдой турган жерин коркомдошот дегендей.
26.03.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аска-зоо бир тууганым,
Сенсин бактым.
Бек болсун дайым омур жанын!
26.03.2013. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир боорлорум бир туугандарымды аябай сагындым,бир тууганын коп болсо сен ошончолук бийиксин анткени алар сени которот.
26.03.2013. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir ele sindim je baikem bolso dep kyaldanip kelem bir tuugan sezimin bilbei kalganim okunu4tuu
26.03.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте, макала хадистерден алынып жазылган. Аны эч ким өзүм ойлоп чыгардым деп айтпай эле турат Урматуу!Кийинки окуя, китептерде санжыраларда айтылып жүргөн кыргыздын кадимки эле икаясы
26.03.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин бир эле тирегим бар!!!аны ото аям!!
26.03.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда акчан болсо бир тууганын аябай боорукер болуп калат.иштебей акчан жок болсо карабайт
26.03.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin da bir ele tiregim bar,achuuma tiygende urushsam da jurogumdun tupkurunon ayap turam.
27.03.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тууган ата-энеден баладан да жакын болооруна байкем каза болгондо гана ишендим. Андан беери канча жыл отту эч унута албай ыйлай берип стрес деген оорууга жолугуп коп оруйм. Жараткандан 1байкем 1инимдин амандыгын тилеп келем.
28.03.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым баарынардын бир туугандарынар болсун. Биз 5бир тууганбыз 4 уул 1кыз. Мен аларды аябай жакшы коромун
28.03.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир туугандарымды абдан жакшы кором аларсыз бул дуйнону элестете албайм,биз 7-бир тууганбыз мен эн чону болгондуктан кундо аларды ойлой берем,дайым чогу жургум келет,бирок турмуш ар кимди ар жаккка болуп салды.
28.03.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-Энем,Бир туугандарым бар-мен бактылуумун,алардын ден-соолугу бекем,омуру узун болушсун,эч качан оорубасын!
28.03.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым мага белек кылган бир туугандарым, менин аска-зоом... Ар дайым кудайдан алардын аманчылыгын, барчылыгын, кен келечек, бактылуу жашоосун тилеп келем... Бир туугандарым бар мен бактылуумун...
28.03.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур жолокторум бир туугандарым бар ар дайым Бири бирибизди колдойбуз. Бирок кыздардан озум эле эжем же синдим болгондо арманымболмок эмес.
29.03.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тууганым таянар тоом,жолонор аскам,мен да инимди аябай сагындым сени жакшы кором,менин жалгыз шириним иним!
30.03.2013. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тема экен,биримдиктуу,мээримдуу бололу туугандар.
30.03.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгери чон энем айтаар эле,катын жолдо,бала белде,бир тууган табылбайт,ата-энен келип кайра жаратып бербейт даа деп.Бир туугандар ошон учун бир тондо жатып,каны,жаны бир болгон сон,ынтымактуу,мээримдуу,бирини-бири коргой-сыйлай билген,карамдуу,куйумдуу жакын болуусу шарт.
30.03.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул жашоодогу эн бактылуу адаммын анткени мен сегиз бир тууганммын кудайыма мин мертебе шугур
31.03.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли тагдыр мага башын ийбегин,Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин,Мен озундон башка нерсе сурабайм,Арка-белдей бир тууганга тийбегин!!!
01.04.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен онбир биртууган мын азыр аларды айабай катуу сагынып журом багыма ата энем бир туугандарым аман болсо ошол менин байлыгым
07.04.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bir tuugandarymdy janymdai korom,airykcha ejemdi. Anyn kichine ele kabagy burkolso janym chygyp kete jazdait!Kudaidan ozumdon dagy ejemdin baktyluu bolushun kaalaim,anyn bir tamchy da jashyn korgum kelbeit! Jana ech nersemdi ayabaim al uchun!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо