«КӨПКӨН КЫЗДАРДЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУМ»

№542 22-28-март, 2013-ж

Бактыгүлдүн жашоо үчүн күрөшү энесинин ичинде жатканда эле башталыптыр. Тагдырдан болуп, жарык дүйнөгө бир колу жок, мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлөт. Ошондон бери эле аны кырсык тооруп жүргөндөй...

«ТӨРӨЛӨ ЭЛЕКТЕ ЖЕРИЛДИМ»
– Атым – Бактыгүл, Каракол шаарынын тургунумун. Мен апамдын курсагында жаткан кезде ата-энем ажырашып кетишкен экен. Жалгыз кантип багам дегенби, айтор, апам мени боюнан алдырам дегенде дарыгерлер мөөнөтү чоң болгондуктан алдыртканга макул болбой коюшуптур. Апам боюнан түшүргөнгө аракет кылып, дарыларды иче берип курсакта жаткан менин бир колум өспөй калыптыр. 1990-жылы туулгам, оң колум чыканактан ылдый жок.
Кийин апам турмушка чыгып, биз менен өгөй атам чогуу жашап, алты жашка чыкканда сиңдилүү болдум. Жашоом тозокко айланды, уруп-согуп апам менен өгөй атам катуу кыйнашчу. Жергиликтүү элдин айтымы менен айыл өкмөтү 11 жашымда апамды ата-энелик укугунан четтетип, сиңдим экөөбүздү «Ак-Суу» балдар үйүнө өткөрүштү. Үйдөн көрбөгөн мээримди ошол жерден көрүп, мектептен окуй баштадым. Аракет кылып жатып бир кол менен болсо да сокмо сокконду, кийим-кече тиккенди үйрөнүп алдым. Билинбей 18 жашка чыгып, балдар үйүнөн кетүүгө аргасыз болдум. Сиңдим балдар үйүндө калды.

ЭКИ БАКЫР – БИР ТУКУР...
– Балдар үйүнүн жетекчилери Каракол шаарындагы 3 жылдык кесиптик окуу жайга тапшыртышты. Басынып жүрүп акыры окуудан чыгып кеттим. Бишкек шаарына барып, кафелердин биринен иштеп көрөйүн деп борборго келдим. Бир күнү Бишкек шаарынан өзүмө окшош мүмкүнчүлүгү чектелген адам менен көчөдөн таанышып калдым. «Оорунун кадырын оорукчан жан билет» дегендей, Айдар экөөбүз гана бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Ал токко урунуп колу-бутунан ажыраган экен. Сол колу чыканактан ылдый, бир буту түбүнөн кесилген эле. Ошентип жүрүп экөөбүз баш кошууну туура көрдүк.
Кайын энем ортобузга киришип, «сен эмнеге колу жок немени аласың? Үйдүн ичи жыйналбай калды, тамак кеч даяр болот» деген өңдүү сөздөр менен күнүгө жемелейт. Жолдошум үн катпай, башын жерге салат. Бир аз бактылуу болгон күндөрүм да ушинтип аяктады. Жолдошум мындай жашоодон тажадыбы же кайын энемдин сөзүнө кирдиби, «сени менен жашай албайм, ажырашалы» деп калды. Айла канча деп чыгып кеттим. Мен дагы мээримдүү эне, сүйүктүү жубай болгум келген эле...

«ЭКИ КЫЗ ЖОЛДОН КАРМАП САБАШТЫ»
– Кайрадан Бишкектен Караколго келип, жатарга батир издеп жүрсөм жаныма бир унаа токтоп, ичинен эки кыз түштү. «Атың ким, эмне кылып жүрөсүң?» деп тийишип киришти. «Атымды айтпайм, тийишпегиле» десем, мас абалындагы кыздын бирөөсү тээп жиберди. Ошентип, тигилер мени уруп башташты. Алар эки жарым саат сабап, эрмектешти. Бири «менин телефонумду сындырып салдың, төлөп бер» деп доолап кирди. Же мен анын телефонун көрсөмчү?! Автоунаасына отургузуп, белгисиз бир жакка айдап баратты. Жолдон кыздардын бирөөсү түшүп калды, менин жанымда калганы «үйдө жолдошум бар, сен ага «бир конокто болдук, телефонун мен сындырып алдым, төлөп берем» деп айт» деп кыйнады. Менин каршы болгонума карабай үйүнө сүйрөп кирди.
Чындап эле үйүндө күйөөсү бар экен. «Мобу кыз телефонумду сындырып салып, сага чала албай калдым» дегенде оозум ачылып калды. Күйөөсү жаныма келип, «аялым үч күндөн бери үйгө келе элек, кайда, ким менен болдуңар?» деп менден сурады. Мен окуянын болгонун айтсам, аялы уруп баштады. Эс-учумду жоготуп коюптурмун. Ойгонсом, колу-бутум байланып аңда жатам. Эки жакты карап, аңдын жанынан өтүп бараткан бир жигиттен жардам сурадым. Ал мени көрүп, бутумдагы жипти чечип, дароо ооруканага жеткирди. Бир аз убакыт өтүп, ден соолугум жакшы өңдөнүп калгандыктан, ооруканадан чыгууга туура келди.
Мен дагы адаммын да, мен дагы ичимдеги букту бирөөгө айтышым керек го. Бирок баары бир үмүт өчпөйт экен. Бир күнү мен таңды кайгы менен эмес, жылмаюу менен тосормун деп үмүт кылып жашап келем.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(60)
26.03.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге аябай боорум ооруп турат, Сиз созсуз бир куну танды жылмаюу менен тососуз!
26.03.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kadam сен кайдан билесин бул кызды что она монипулирует чувствами дегидей?
26.03.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым берээрин эч унутпасын сенинда багын ачылаар сабырдуу бол
26.03.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми жардам бере алсам....бир гана соз менен эмес. Кана эми ошондой адамдарды жазалай алсак......
26.03.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сабаган кыздарга арыз жазбайбы.уйун деги билет экен.милицияны ээрчитип барсын. ал шалман кыздар жоопко тартылсын
27.03.2013. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., ошону мен дагы тушунбой жатамын да эмнеге кайрылбайт
26.03.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bbbbbbbbbbbbbbb заманын менен куруп кал ай тиги эки копкон кыздын чачтарын бирден жулсам
27.03.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт гана каалайм.Сен да бактылуу бол!Сага жаман каалагандарды кудай озу жазаласын.Жамандык корбо,жаман адамдардан этият болуп сак бол!
27.03.2013. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан ары атынызга жараша бактылуу кундор болсун, бир нерсеге тушунбой турам ушундай кордук коруп ал кыздарга эч кандай иш чара колдонбогонузга сизде деген фактылар бар да а эмне учун колдонбойсуз аракет кылсаныз сизге жардам берчуулор табылат минтип олтура берген болбойт керектуу органдарга кайрылыныз кудага шугур тилиниз бар мээниз жайында эле экен жардам сураныз сизге чын журогумдон ийгилик каалап кетмекчимин, кудайым сизди мындан ары колдосун
27.03.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым колду бутту берип акыл эс бербептир жанагы эки кызга. жардам бергендин ордуна байкушту сабашып. азыркы жашоон кызыктырып жатат сага колумдан келген жардамымды бергим келет. кантип байланышсам болот сен менен?
27.03.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолугунун мумкунчулугу чектелген адамдардын жашоосу кыйын,алар бул жашоодо тартынуу менен жашап келишет. Ошондуктан аларга кол колторуп, уруп-соккулабай,колдон келген жардамды берип сооп кылыш керек.
27.03.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жарык дуйного келе элек жатып ар кандай дарыларды ичип сизди майып кылган апанызда куноо!!!
28.03.2013. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колу жок жараткандан Кудай озу сактасын. Бирок бул кызга анча ишенбей турамда создоруно
28.03.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне милицияга барса деле ошода колу жок деп аларда конул бурушпайт! Андан коро тооба кылып, намаз окуп кудайдан бакыт ден соолук сурасан баары жакшы болот! А сени кордогондорду кудайга тапшырып кой...
28.03.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai oshol kyzdarga adam chydagys azapka duushar kylsa eken.
28.03.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи ушундай учурлар мектеп курактагы окуучуларда коп кезигет. Ата-энесинин да тарбиясын албагандык же откоол убактагы шоктугу бул.
Жашоо улана берет, озунузго жакшы караныз. А тиги кыздар оз жазасын алат...
29.03.2013. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanday tashboor ubaldan korkbogon kizdar alar¡kuday alardin jazasini bersin ilayim.saga da sabir jana bakit kaalaym baktigul
29.03.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайтка курамы окшош сайттын шилтемесин калтыргандыгы үчүн Balmuzdak 3 күнгө сайттан четтетилди!
29.03.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуля синдим мен сага кайраттуу бол дээр элем.Ал эми сени кордогондорду кудай кордосун.Башка айтаарым жок....
29.03.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай тобо ушундай шылуун кыздар да болобу азыр кыздарда деле бет жок алчы таасын жегендер кобойду
29.03.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуу бол, алла таалам мээримдуу эмеспи, сен дагы бактылуу болосун!!!
29.03.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
САбырдуу болунуз сабырдын тубу сар алтын демекчи,Аллахыма дуба кылыныз дубаныз жетет,бул дуйнодо баардык нерсе сыноо учун жасалат , сизди да суйуп кутуп жашаган адамыныз бардыр жок болсо табылат ишениниз , бул кундорда отот кетет, ошо гундордун биринде сиз баланыз менен тандын атканын чоогу жылмаю мн кутуп алас деген умутомун,сизге берген советим мындай руханий балыгынызды ашырын келечеке жашоого чоон умут мн каран , Кыздарга келсек алар жазаасын алат Эсенбек Murzabekov.esenbek_1996@mail.
30.03.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай эне оз кызынан кечет тобооо
30.03.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдын 15 карангы 15 жарык демекчи бактылуу кундорунуз али алдыдадыр, ардайым жакшы умут менен жашаныз....
30.03.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nadira89.sairagul1983
Биз Бактыгүлгө бир нече жолу Бишкектен жардам бергенбиз. Айтпай -дебей туруп эле ким жүрү десе эле кетип калат.Издеп убара болгонубузду сурабагыла. Мен шаардагы белгилүү кайрымдуулук борборунда иштейм.
31.03.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык сыноолор Аллах тааладан келет да. Андыктан ар бир адам өзүнүн кийинки жашоосу үчүн жакшылап күрөшүү керек деп ойлойм. Антпесек ушул сыяктуу көрүнүштөр боло берет. Эгерде азыркы кздын ата-энеси ыймандуу болгондо кыз толук жана кадимки балдардай төрөлмөк. Андыктан азыркы жаштар Аллахтан биринчи ыйманынарды сурагыла. Аллах баарын берүүчү жана алуучу!!!
04.04.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жакшы болот буюрса Бактыгул
07.04.2013. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jashoo kurosh,biz jashash uchun ar daiym kuroshushubuz kerek,oshondo gana jashai alabyz! Siz da bul jashoo menen kuroshuudon ech kachan bash tartpanyz,oshondo gana jene alasyz!
07.04.2013. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалому алейкум урматтуу Бактыгул эже сиз сабыр кылыныз кайгырбаныз Аллахка шугур кылып жалгыз Аллахтан гана жардам сураныз намаз окунуз Аллахымдын баардык буйруктарын аткарууга аракет кылыныз.Ушуну эсинизден чыгарбаныз Аллахым озу суйгон гана пендесине дарт берет,ыйман берет,кыйынчылыктар менен сынайт анан пендеси ошолордун баарына шугур кылып сабыр кылса акыретте жаннатын белек кылат бул дуйно отор кетер дуйно убактылуу сыноо дуйно а акырет биздин туболуктуу дуйнобуз жашообуз болот.
07.04.2013. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иншаллах Аллахтан сизди даайыма дуа кылабыз!Аллахым сизге сабыр,ден-соолук,жана бул дуйно жана акыреттин бактылуулугун насип кылган болсун жана ушунчалык мееримдуу,бактылуу эне болууну насип кылган болсун амиинь уа ажмаиинь
23.02.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул, сага ден-соолук жана АЛЛАХЫМ бак берсин!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо