«СЕН ЭМНЕ КЫЛМАКСЫҢ?»

№542 22-28-март, 2013-ж

Былтыр «Соолуган карек» кыска метраждуу тасмасы менен көрөрмандардын купулуна толгон «Медиастар» киностудиясынан жаңылык. 19-марттан тарта Бишкектин кинотеатрларында режиссёр Сүйүн Откеевдин «Сен эмне кылмаксың?» фильми көрсөтүлө баштады. Бул тасма былтыр тартылып баштаган. «19-мартта бет ачарын өткөрөбүз деп чуркап, 10 күндө тасманы алып чыктык» дейт тасманын жаратуучусу Сүйүн мырза.

Тарткан өлкө – Кыргызстан
Жанры – Мелодрама
Сценарийдин автору – Кундуз Акиева, Сүйүн Откеев
Режиссёру – Сүйүн Откеев
Ролдордо – Эркин Эгембердиев (Данко), Арнис Кыдырмышев (Жоомарт), Анжелика Бекболиева (Айым), Данияр Макашев (Бекзат), Улан Султангазиев (Талгат)
Тасманын узактыгы – 75 мүнөт
Бет ачары – 19-март
Бюджети – 25 миң доллар

ДОСТУКТУН ЖАЗЫЛБАГАН МЫЙЗАМДАРЫ
Кино сүйүүчүлөрү бул тасмага «оригиналдуу тасма болуптур» деп баа беришсе керек. Анткени ал маңызынан тарта окуяларына чейин оригиналдуу түрдө иштелип чыккан. Фильмде бир нанды бөлө жеген 5 студент: байдын уулу Бекзат, айылдык жигит Талгат, шумпай жигит Данко, ай чырайлуу Айым жана профессорлукка умтулган Жоомарттын тегерегиндеги окуялар баяндалат. Студент кезден ынак болгон достор университетти аяктагандан кийинки 5 жылда катуу өзгөрүшөт. Досторуна карыз акча сурап кайрылган Талгаттын оюн таш каап, достуктун жазылбаган мыйзамдарына күбө болот. Төрт жигит менен бир кыздын ортосундагы окуялар камтылган бул тасмадан көрүүчүлөр турмуштук сабак чыгарышып, кийинки муунга айта жүрчү жагдайларды таба алат. Тасма чоң даңгыр жолдо Талгат небересине ушул окуяны айтып берүүсү менен башталат. Тасманын 55-мүнөтүнөн тарта табышмактуу жоруктардын жандырмагы чечиле баштайт.

  

«ОҢ КОЛУҢ БЕРГЕН САДАГАНЫ СОЛ КОЛУҢ БИЛБЕСИН»
«Бул жерде идеянын автору деп эч кимди деле көрсөтүүгө болбойт. Себеп дегенде тасмадагы окуялар элдик накыл кептерден, окуялардын негизинде чогултулган»,- дейт Сүйүн Откеев. Негизи, хадисте айтылган «оң колуң берген садаганы сол колуң билбесин» деген кептин негизинде көрөрмандарга тарбиялык багыттагы тасма жараттык. Тасма тартууда Бекзаттын ролундагы Казакстандын «Эксклюзив» КВН командасынын мүчөсү Данияр Макашевдин тилден кыйналганын эске албаганда кыйынчылык болгон жок. Дагы бир өзгөчөлүгү, ар бир көрөрман тасмадан өз ордун, мүнөзүн таап, өзүнө «мунун ордунда болсом эмне кылмакмын?» деген суроо бере алат. Тасманын аталышы ошондуктан «Сен эмне кылмаксың?» деп аталып калды.

 

КААРМАНДАР ОЙ БӨЛҮШӨТ...
Эркин Эгембердиев: «КААРМАНЫМДЫН ЗЫКЫМДЫГЫ ЖАККАН ЖОК»
– Бул тасма режиссёр Сүйүн Откеевдин алгачкы толук метраждуу тасмасы болгондуктан, тартуу иштерине тыкыр мамиле жасалды. Тасмага чакыруу алып, дээрлик кыйынчылыксыз эле роль жараттым. Мен экинчи пландагы терс каарман Данконун ролунда болдум. Анын зыкымдыгы, сараңдыгы жаккан жок. Бирок роль сунушталдыбы, аткарабыз да. Негизи, жакшы тасма болду. Сюрприз болсун деп, биз, актёрлор да, аны көрө элекпиз.

 


Арнис Кыдырмышев:«МЕНИ КАСТИНГСИЗ ЭЛЕ ТААП АЛЫШТЫ»
– Мага чейин эле бул роль үчүн кастинг жүргүзүлүп, тандоолор болуп жатыптыр. Анан Эркин Эгембердиев мени бул ролго сунуштап, тартылып калдым. Негизи, өзүм илимди кууган деле киши эмесмин. Бирок образ жаратуу үчүн бардык кесипти жакындан билүүгө аракет кылдым.

Максат Кудайбердиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
25.03.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаны тартылып чыккан кинолордун сапаты начаар тартылып атат, а бирок жакшы кинолорду тартып жатышат.
25.03.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика(айым) мага абдан жагат, тартылган тасма кызыктуу тартылса керек.
27.03.2013. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунку тартылган Соолуган карек мага такыр жаккан эмес, актерлорду ким тандаса да эч нерсени билбеген адам тандаган... Идеся жакшы но... актерлор туура эмес тандалган (жаш курагын эске алган эмес)
27.03.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Киного ат коердо ойлонушса болмок. Сен эмне кылмаксын деп атап отуруп чарчап кетет киши. Оной анан эсте каларлык ат коюшса бироо жарым барат беле деген ой. Анан мага окшоп "ишин болбосун" деп коюп алып баш тырмабай:)))
29.03.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино да жакшы нерсе но ал жерде мааниси но атын не деп коюп алганын тушунбодум!!!
02.04.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка элдин кинолрунда музыкаларыда аябай жакшы иштелип чыгат,мисалы ар бир каармандын образына жараша музыкаларды тандап алышат,тамашокой болсо шандуу,каарду болсо дал озуно туура келчу музыкасы коштойт, же эпизоддорго жараша,а бизде кээде ун жазуучу студияларда суйлоп коюшат анысы же окшошпойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо