Чыңгыз Мырзаев:«АТА БОЛУП КУБАНЫП ЖҮРӨМ»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Бул мырза шоу чөйрөсүнө аралашкандан бери бүт жааттан өзүн сынап көрдү. Ди-джей, ырчы, актёр, телеалпаруучу, тамада... Мына, ошол кара тору сөзмөр жигит Чыңгыз Мырзаев былтыр үйлөнсө, быйыл кырк жылкылуу болуп, кубанычы койнуна батпай турат.

– Чыңгыз, бир жыл мурун үйлөнгөнүңүздө маек бердиңиз эле. Эми ата болуп отурасыз. Кызыңыздын бешик боосу бек болсун!
– Рахмат. Кудайга тобо, ушул күнгө жеткиргенине. Сен айткандай, бир жыл мурун 25-мартта үйлөндүм эле, эми бир жылдын урматына кыздуу болуп отурам. Үйлөнгөндө бир сүйүнсөк, кыздуу болуп дагы сүйүнүп жатабыз. Кызыбыз ата-энем, таята-таенесинин да биринчи тун небереси болгондуктан, алардын да кубанычтарында чек жок. Келинчегим Надира кызыбыздын кыркылыгын чыгарып төркүнүндө жүрөт. Тиш доктурлукка 2-курста окуп жаткандыктан, окуусуна бир чуркап, ортодо такси менен «учуп» жетип келип, эмизип жетишип жатат.

– Ата болгон кандай экен? Сезимдериңиз толкуп-ташып жатканы көзүңүздөн көрүнүп турат.
– Ата болуу олуттуу кадам экен. Учурда кубаныч сезимдерине курчалып жүргөн кезим. Адамдан адам жаралыш кыйын да, аман-эсен көз жарып алса экен деп коркуп жаттык. Ал күнү, 5-мартта эртең менен эфирим бар болчу, апам менен Надираны салып, төрөтканага таштап, «мен эфирден чыкканча баштабай жөн тургула» деп кеткем. Айткандай эле жумуштан келгенимде көз жарды. Кызыбыз өтө деле ыйлаак эмес, жакшы жагын байкасам, дароо «ий, мени тартыптыр» деп калам. Күндөн-күнгө кыялдары чыгып, үндү таанып баштады.

– Надира келин болуп барганда жакшы эле кыйналса керек?
– Ар бир үй-бүлөдө башкача жүрүм-турум, кыймыл-аракет, таалим-тарбия болот да. Надира да башында көнө албай кыйналып жүргөндүр. Үйүнө төркүндөп кетсе да «ох, Асанбайдын жыты» деп калчу эле. Азыр Манас айылына качып калды.

– Эгер таарыныша кетсеңиздер ким биринчи кадамга барат?
«Турмуштун муштумуна туруштук бер» деп айтып калышат го, ошого жакшылык-жамандыкка чыдай билиш керек. Кээде анын айтканы мага жакпай, меники ага жакпай калган учур болот. «Андай эмес, мындай болот» деп кеңешип, чечишип алабыз. Баары бир мен чоңдук кылып коюп жатам (күлүп). Эгер мен туура эмес кылсам, кечирим сурашты билем. Келинчегим туура эмес кылса, кабакты бүркөймбү, катуу сүйлөймбү, оюмду толугу менен айтам. «Сен бир-эки күн таарынып, мага чыкпай коё турган убакыттан өтүп кеткенбиз. Менин айткандарымды эске алып, кийин кайталабай турган бол. Биз мурункудай кыз-жигит эмеспиз, биз үй-бүлөбүз. Болду, ушул жерден токтоттук» деп кайра күлүп-жайнап кете беребиз.

– Түштүктүн келини болбодубу. Салтка ылайык кайын журтун тергейби?
– Мен башында эле «өзүңдөн улуу баланы кантип сен демек элең?» дегем. Ошого мени сиз дейт. Ал эми карындаштарымды өзүнүн сиңдилериндей көрүп, тергебей, атынан айтат. «Кээде урушканда сиз деп кантип урушасыңар?» деп да сурагандар болгон. Кудайга шүгүр, анчалыкка барган жокпуз.

– Таанышканыңыздарга да токтоло кетсеңиз...
– Радиодо иштеп жүргөн кезим эле. Азыр жакшы элестей албайм, кайнатам келген экен, «тойго тамадалык кылып бер» деп. Анан макулдашып, тыйынын да алып койгом. Надираны ошол тоюнда бийлеп жүргөнүн көрүп, «жакшы кыз экен» деп көзүм түшкөн. Бирок «жаш экен, ал чоңойгуча мен 2 балалуу болуп калам го» деген элем. Көрсө, ошондо тойдо эле периштелер экөөбүзгө «оомийин» деп жиберсе керек. Азыр ошол тойдогу сүрөттөрдү карасак, экөөбүз жанаша туруп сүрөткө түшө бериптирбиз. Ага мен күлүп, тамашалап калам, «мага өзүң эле жабыша берген экенсиң да» деп.

– Кайын журтка кандай күйөө бала болуп жатасыз?
– Жакшы күйөө бала болгонго аракет кылып жатам. Аалымдардын сөзү бар экен, «жардам бере албасаң да, тоскоол болбо» деген. Анын сыңарындай, оорчулугумду салбай, өзүмдүн арабамды өзүм тартып жүрөм.

– Жубайыңызды кайсы сапатына карап тандадыңыз?
– Аял деген буюм эмес да, бүгүн жакпай калды, эртең алмаштырып алам деген. Салыштырасың, «ушул кыз менен үй-бүлө курсам кийин кандай болот?» деп. Бардык жагынан ойлонуп, ата-энем менен кеңешип, анан үйлөндүм. Кудайга шүгүр, азыр Чүй менен Ошко көпүрө болуп отурабыз. Жубайымдын бир жакшы жагы, айткан нерсеге көнөт. Менин жаратылышымдан өзүмчүлдүк жактарым бар, айтканым-айткан, дегеним-деген болушун каалайм. Өзүмдүн чөйрөмдө жеңилгенге көнгөн эмесмин. Кабагым бүркөлүүбү, ашыкча сүйлөбөй, менин оюмду айттырбай түшүнүп турат.

– Кызганыч сезимдери кимде көбүрөөк?
– Экөөбүздө тең бар, болушу да керек. Анткени кызганыч деле сүйүүнүн бир түрү да. Элестет, мен жумуштан келсем, ал «кайдан келдиң?» деп кызыкпаса же ал сабактан келсе, мен эмне кылып жүргөнүн сурабасам. Мындай болбойт. Кызгануу десе сөзсүз эле урушуп-чабышып, кылычташып кетиш керек эмес. Жигит деген өзүнүн үй-бүлөсүн жаман сөз, көздөн коргогон тоо болуп, кызганып турушу шарт.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Чыңгыз Мырзаевдин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Чыӊгыз Мырзаев кыздуу болду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(42)
SUPER.KG видео
31.03.2013. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонор бек болсун,омуру узун,ден-соолугу чын болсун.
SUPER.KG видео
31.03.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай бирбиринерге тен экенсинер суктанбай койбойт экен киши,бактылуу болгула кызынар омуру узун болсун кен келечек калайм,ырларынды жакшы коруп угабыз чыгармачылыгына ийгилик коз тийбесин
SUPER.KG видео
31.03.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешик боонор бек болсун!
SUPER.KG видео
31.03.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешик боонор бек болсун
SUPER.KG видео
01.04.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наристениздер,ыймандуу,акыл-эстуу ден - соолугу чын болсун!бактылуу болунуздар!!!Нурайдын артынан коп-коп бобоктор келсин))
01.04.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешик боон бек болсун!
01.04.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бардык жагынан красавчик жигитта ушул жигит, молодец суйлогон созу жайында...
SUPER.KG видео
01.04.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынгыз-соз чебери,орду менен суйлойт,маекти угуп эле отура бергин келет.Ар пенденин баласы ошондой болсо кана! Коз тийбесин! Кудай омур берип, уй-було, тууган-уругу менен тынччылыкта, бактылуу болсун!
01.04.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula. kulk munozu,ayalga kylgan mamilesi menyn joldoshumdun kopiyasy eken. chyndygynda baaluu sapattar!
01.04.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешик боонор бек болсун!!!!
01.04.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыныз бактылуу, ыймандуу, адептуу, акылдуу адам болуп чоноё берсин! Дагы коп балалуу болунуз!
01.04.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы инсан деп айтат элем сизди.
01.04.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боон бек болсун! Кызынарды омуру м.н берсин.
01.04.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын сыймыктанган кызы болсун.
01.04.2013. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешик тойунуз бек болсун, кызыныздын омуру узун болсун кыргызымдын акыл карачач кыздарынын бири болсун жана ошондой эле уйбулолук очогунар эч качан очпосун!!!
02.04.2013. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suylogon sozdoru orunduu eken, kyzynyzdy omuru menen bergen bolsun, sizdegi baktyluuluk baarybyzga nasip etsin..
02.04.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуру узун болсун!
02.04.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешик боонуз бек болсун!!! кызыныз эл керегине жараган кыздардан болсун
02.04.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм, жакшы кабарынар бар экен. Чынгыздын кызынын бешик боосу бек болсун. Аябай жакшы, нике курган жакшы, ал эми балалуу болгон эн жакшы! Ийгилик!
03.04.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоюнда кызын которуп чыкканбы тушунбодум суротго...
03.04.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anjella8888, мен да тушунбодум бирок тою билтыр болгон да,же гулубу
07.04.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgul, ал гул
03.04.2013. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тойундагы суротто кайсы кыз болуп кетти
03.04.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbesh93, ал кыз эмес эле, көйнөктүн фатасынын аягы го...
03.04.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонуз бек болсун,кызыныздын омуру узуун,силерге,тууган-уругуна куйумдуу,акылдуу,бактылуу,эн негизгиси ден-соолугу чын кыздардан болуп чонойсун.Женешкабыз менен кармашкан колунар туболуко бир болсун!Аллахым эмне тилек кылсанар ошолор орундалышына жол ачып берген болсун.
03.04.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наристе-бул Аллахтын белеги деп коюшат экен, бешик боосу бек болсун. А келинчеги ырчы Ж.Тутуевага аябай окшош экен, синдилеринен эмеспи?
SUPER.KG видео
03.04.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маек мага жакты ачык жана туура суйлоду бактылуу болгула
04.04.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beshik boonuz bek bolsun,omurun bersin,ui-buloluk bakyt!
SUPER.KG видео
05.04.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik! Ayabai jakshy maek beriptir,ui bulooluk bakyt kaalaim!
SUPER.KG видео
06.04.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз сен апам жакшы корот озунун баласындай коруп. бешик боон бек болсун!
SUPER.KG видео
12.04.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулгону соооонун да ,жагат.
SUPER.KG видео
14.10.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyz Chyngyz baike. Bewik boonuz bek bolsun
SUPER.KG видео
26.11.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Чынгыз оюнду жаап жашырбай айтыптырсын.Бешик боонор бек болсун!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо