Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕН ООРУП КАЛСАҢ, МЕН ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙТ ЭЛЕМ»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

«Жакында үйлөнүү тоюбуз болот деп бактылуу болуп жүргөн күндөрдүн биринде мен тагдырдын күтүлбөгөн сыноосуна жолуктум. Ошол нерсе болбогондо мага түбөлүк жар болчу адамдын чыныгы жүзүн эч качан билбей калмак экем. Бул сыноо үчүн тагдырга рахмат айтышымды же наалат айтышымды билбей, жүрөгүм букка толуп жүргөн кезим» деп өзүнүн окуясын баштады Азема.

«ЧЫН ЭЛЕ МЕН ЖАҢЫЛДЫМБЫ?»
Экөөбүз оорукананын алдынан жолуктук. Шалдайган мени ал көрөрү менен бооруна кыса кучактап, машинасына салды да, үйүмө алып келди. Кучагы ушунчалык жылуу эле, мени кандай тагдырдын бороонунан болсо да тосчудай сезилди.
– Кубат?
– Ов.
– Анализ тапшырдым.
– Анан?
– Анализим... Мен ак кан оорусу менен ооруйт экем.
Кучактап турган колдор бошоп, жылан чаккандай селдее мени тиктеди. Сумкамдагы анализдердин жыйынтыгын араң ага сундум. Көз жүгүртүп туруп, өңү кубара түшкөнүн байкадым. Мени кучактап турган колун акырын сууруп алды да, столдун аркы бурчуна барып отурду.
– Мен да анализ тапшырышым керек...- деди ал өзүнчө күбүрөп.
– Бул жугуштуу оору эмес, коркпо.
Буулугуп, «баа» деп ыйлап жиберчү абалда элем. Анын кубарган өңүн, столдун аркы бетине качканын таңыркап тиктеп отуруп ыйлаганды да унуттум. Көз жашым да кургады.
– Баары бир. Туура эмес кылдың сен, алдын ала айтыш керек болчу, мен ушундай оору менен ооруганы жатам деп...
Мен оңураңдап жаткан Кубаттын жүзүн биринчи жолу көргөндөй карадым да, катып калдым. Ушундай оору менен оорурумду билсем, ага айтып убакыт кетирбей эле алдын ала дарыланып, бул нерсени болтурбай койбойт белем. Колундагы баракты столдун ортосуна таштап, «мындан ары мени күтпө, мен оору дегенден өлөрчө корком» деди да, сыртты көздөй басты.
Кеткенден кийин өксүп ыйладым. Өзүмдүн сүйүүмө, намысыма эмес, эркектин ушунчалык коркоктугунан кор болуп ыйладым. Коён жүрөк адамды арстан кылып көргөнүмө ыйладым. Чын эле жаңылдымбы? Мен үчүн Кубат чындыгында көп курмандыктарга барган эле. Ал тургай ата-энесинин каршы болгонуна карабай мага үйлөнө турган болуп үйүнөн чыгып кеткен. Кайда кечээги жалындаган албуут махабаты?

«ЭРКЕК КЭЭДЕ МЕКЕН БОЛО АЛБАЙТ ЭКЕН»
Ал түнү өмүрүмдө болуп өткөн окуяларды эстегенге мажбур болдум. Кыз болуп жаралганыма өкүнүп да кетем. Үч эркектин арасында жалгыз кыз болуп эрке болгондуктан, эч кимди теңиме албаган өткүр, тайбас жагым да бир топ болчу. Турмушка кеч чыгып, эрте ажырашып кеттим. Карьера жасап жүрө берип көп убакыт өтүп кетиптир. Карасам эле курбуларымдын балдары мектепке барып калган экен. Эне болгум келди, эмнегедир. Кызыгы, күйөөгө тийүүнү эмес, балалуу болууну эңседим. Сүйүү-күйүү эмес, «ушу мага болот окшойт» деген ой менен эле турмушка чыктым. Жолдошум билимдүү, жакшы кызматта иштеген жигит эле. Кайындарым да мен каалагандай болчу. Мына, жашоонун ырахатына батып жашай бер. Бирок... Жан отумду жолдошума төгүп бере албадым. Тек гана жубайлык милдетти аткарып жашоо мага оор болду. «Мага эркек керек эмес экен. Мен бул нерсеге ылайыкталып жаралбаптырмын» деп бүтүм чыгардым. Урушпай-талашпай, маданияттуу түрдө кийимдеримди алып чыгып кеттим.
Жылдар өтүп, Кубатка жолуккандан кийин өзүмдүн муздак аял эмес экенимди билдим. Менде деле башка аялдардагы жылуулук, кумар, эңсөө бар экен. Сүйө ала турган, сүйдүрө ала турган кудурет бар экенин билдим.
Акыркы убактарда өзүмдү алсыз сезчү болдум. Көңүлүм эч нерсеге чаппайт. Тааныштардын айтуусу боюнча анализге кан тапшырдым. Эч нерсе оюмда жок анализдин жыйынтыгын алганы барган мени жаман кабар тосуп алды. Мындай учурда көзүңө биринчи эле таяна турган, коргоочум деп билген адам тартылат эмеспи. Ал жолугушуунун жыйынтыгын жогоруда окудуңуз.

«ООРУКАНАДАГЫ «ЛЯП»
Кубат кеткенден кийин ыйлап жатып алып, доктурга ал күнү барбай койдум. Үйлөнүү тоюбузга кишилер да чакырылган эле, алардын баарын токтотконго аргасыз болдук. Баарынан оор учур ушул болду. Кубат өз жагына кантип түшүндүрдү билбейм, мен ата-энемдин алдында кубарып, эч сөз айтпай отуруп бердим. Эки күндөн кийин тааныштарымдын кийлигишүүсү менен орус улутундагы, жашы улгайган профессордун кашында отурдум. Ал мага ар кандай суроолорду берип, анализиме улам-улам көз жүгүрткөндөн кийин башка борборго кайталоо анализден өтүшүмдү айтты. Анан менин тагдырым чечилди! Кийинки анализдин жыйынтыгы менин оорум ак кан эмес, кандын курамындагы гемоглобиндин кескин ылдыйлап кеткендиги экенин аныктады.
Бактылуу болуш үчүн биринчи коркунучтуу кабарды угуп, андан соң анын калп экенин билүүнүн өзү жетиштүү экен. Мен ошондо жөн гана басып, эртең менен күндүн көзүн көрүп жүргөнүмө кубандым. Оозум күлкүдөн жыйылбай жүргөндө Кубаттан СМС келди: «Куттуктайм, жаным! Сени сүйөм!»
Айлана-чөйрөмдөгү адамдар мага күчтүүсүң деп айтышат. Ооба, мен күчтүүмүн, бирок күчтүү аял да коргоого муктаж, жанында чыныгы күчтүү эркек болуусун, өйдө-төмөндө, оору-кубанычта бир болууну каалайт. Бир чындык бар, Кубат. Эгерде сен ушундай ооруга чалдыкканыңда сени таштамак тургай бир карыш да жаныңдан чыкмак эмесмин. Керек болсо сени ажалдын оозунан сүйрөп чыгып, эч нерсеге карабай чогуу болмокмун. Сенин өмүрүң үчүн күрөшүүнү бакыт деп ойломокмун. А сен... Эч нерсеге өкүнбөйм, анткени баары бир биз кура турган үйүбүз сырты жылтырак болгону менен, ичи муздак болмок экен. Өкүнгөнүм, өксүгөнүм, сага капа болуп жүрүп, жүрөгүмдүн алдында бүчүр байлап келе жаткан жаңы өмүрдү кыйганым болду...

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(53)
01.04.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
боюнан алдырганы жазылыптырбы же мен корбой жатамбы?жаман корбогуло эки жолу окуп откоруп койдумбу дейм да.
01.04.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bopos, боюмдан алдырдым деп ачык жазган эмес, "журогумдун алдына бучур байлап келе жаткан жаны омурду кыйдым" деп кыйыр турдо жазыптыр...
01.04.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээээх тороло элек балада эмне куноо бул жерде???
01.04.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elvie91, журогумдун алдындагы жаны осуп келе жаткан бучурду деп айтылып жатат маани берип окуусаныздар
01.04.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
age88, балким озун жакшылап окуйттурсун? Жаны омур деп турат! Ал бала эмей эмне?! Не учи ученного!
06.04.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim, :)
01.04.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
турмуш курганга чейин чыныгы жузун коргону жакшы болуптур адам аласы ичинде мал аласы сыртында деген ошого
01.04.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болуп турат кайгырбаныз
01.04.2013. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркектер аялдардай кучтуу боло албайт
01.04.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне дештида билбейсин.....
02.04.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ары кайгылуу , ары кызыктуу окуя экен! Дагы ичээр суусу болсо бакыттын даамын татаар!
02.04.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырдын кыйын сыноолорунан отуптурсуз,кам санабан эн башкысы мунун баары артта калды,сизгеда кудайым бироону буйругандыр ...
02.04.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул эркектин куулугуна тан бердимго, уялбай кайрадан «Куттуктайм, жаным! Сени
сүйөм!» дегенине кантесин куйбогон жеринди кул кылат, ушундай эки жуздуу адамдарга айла жокда
02.04.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал сенин теңиң эмес экен. Мындай "эркектер" да кездешет, алардын бирин мен да жолуктургам, өкүнбөйм, жашоонун сабагы болуп кала берет. Бүчүргө убал болуптур...
02.04.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jenwina lubit uwami degendei siz kairadan aldanyp kalvbanyz, emi myndan arkysy jakwy boloor, Buiursa!Kuttuktaim, den soolugunuz bekem bolsun!
02.04.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат эркек экен, кайра
"мен сени суйом" деп айтыш эле канчалык оор!
03.04.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не мынча менин тагдырыма окшош? оооо АЛЛАХ мен да ушинтип айыгып кетсем....мени таштап кеткен жигитимди эч качан кечирбейм.Эх,Дастан..Дастиии....
08.06.2013. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikera1992, Аллах буюрса жакшы болуп кетесин!
03.04.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр аркандай ежеке окунбон жашоодун магызы алдында мобул комантарий бергендер да ал коркок екен тигнидей екен дейберетко чын чыныга келгенде алар да ушундай жолго барып койушу мункун ошондуктан аллах озу куч кубат берсин деп суйлосонор тура болмок бул да пешенеге жазганы болсо керек ким турмушу жаман болушун каалайт ким жанындагы жакшы коргон адамын жоготкусу келет еч бирибиз каалабайбыз андай нерсени тура чын чыныга келип чынында сизди суйгондо таштап еткени жарабайт аман еле болсун деп кой
03.04.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан ары бактылуу болунуз, жигитинизди кечириниз, ошол убакта ар кандай ойдо болуп дагы сиздин жанынызда болбосо керек, бирок ал сизди суйот ошол учун кайра сизге суйом деп жаздыда. Сени суйгон жана сен суйгон адам менен гана жашаганда бактылуу болосун....
04.04.2013. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай врачтатдын адашканынан ажалиндан башта олосун
04.04.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул болгон окуя эмес, жөн гана чыгарма
04.04.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунчалык да кара муртоз адам болобу дагы смс жазганын кара,кайсы бети менен жазды экен аллахым озу нысап берсин пендесине.
05.04.2013. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин да жашоомдо ушундай "жигит сорой" болгон,мага жукпайт бекен деп жакындарымдан суратып жанды кашайткан.менин ооруум болгону апперациядан кийин ичеги этке жармашып калган деп айтышкан врачтар.тушунугу,билим денгээли эн томон адамдар оорудан чочулашат.мен андайын угар замат "ден-соолугу чын кыз алсан деле кудай берем десе заматта ооруп калышы мумкун.сен мага жакшы жолдош боло албайсын"деп баш тартып кетип калгам.азыр Аллахыма рахмат,алтындан да кымбат адамга жолуккам.сиздин да жакшы жигитке ж
06.04.2013. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул болгон окуябы чын эле? Боюнан алдырбай эле койсо болмок экен э? Эх жашооо.....
06.04.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын аты Аида.Менин жакын таанышым болот.Жигиттин аты да озгортулуп берилиптир. Бирок окуялар ушул экооно таандык.Жигити дагы деле Аиданы айланчыктап журот. Аида деле жакшы корот аны бирок кечире албай атат окшойт.
06.04.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюнан алдырган эмес.Боюнда бар экенин озу деле билбей журуп, катуу оорудан улам врачка кайрылганда кеч болуп калыптыр. Сактап кала алышпады
06.04.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото окунучтуу!
06.04.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп эле сынтага бербесенер, кантип оз башынарга келгенин билбей калбагыла! Бир гана тооба келтирип, АЛЛАДАН жакшы нерселерди тилениш керек
07.04.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаманга омур бою кор болгончо.жакшыга бир жарк этип кулгон артык!
08.04.2013. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеч болсо да чыныгы жузун корупсуз. Адамдын чыныгы жузу бир тууганбы,таанышпы,жакын адамынбы жана досунбу качан башына жаман кун тушкондо билесин. Эми андан кол узунуз. Бактынызы башка адамдан издениз
09.04.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шашпай турса болмок жигити
01.06.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да жакында эле ооруйт экеними билдим. Жолдошума анализдерди корсоткондо мени кучактап алып "жаным дарылайм сени " деген созун укканда эле ооруган жерим айыга тушкондой болгон.
20.08.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы алдырганыныз туура эмес болуптур.Эркектин жузун коргондон кийин журок баарыбир муздайт да.Анан аял учун бир максат,бир милдет калат:бала тороп,тарбиялоо.Сиз Жараткан Берген баласын кайра кайра бере берет деп ойлойсузбу?!
24.07.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнени ойлоп кийин "мен сени суйом" деди экен э... Окунучтуу(
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо