АДАШКАНДА АБАЙЛА!

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Балдар, ата-энеңер, жакындарыңар менен эл көп жүргөн жайларга, базарларга, автобекеттерге, чоң-чоң дүкөндөргө байма-бай барасыңар. Албетте, мындай жайларда адашып кетүү коркунучу бар. Бул учурда эмне кылуу керек?

Коркпогун! Айрым балдар коркконунан баш оогон жагына чуркап жөнөшөт.Ата-энең сенден алыс эмес жерде жүрүшү мүмкүн. Андыктан ордуңдан жылбай, жакындарыңды күткүнүң. Алар сени кайсы жерден жоготушса, ошол жерге сөзсүз издеп келерин эске ал. Эгер эл аябай көп болуп, сени жөөлөй беришсе, анда ачыгыраак жерге же отургучтардын үстүнө чыгып ал.

Ыйлаба! Андан көрө «апа, мен бул жердемин» деп үнүңдүн болушунча кыйкыр. Үнүңдү угары менен алар жетип келишет.

Жардам сурагандан тартынба! Эгер жакындарың көпкө күттүрүшсө, милиция кызматкерлеринен же чоң кишилерден жардам сура. Дүкөндө адашып калсаң, сатуучуга, көчөдө милиция кызматкерлерине же улуу адамдарга кайрылып, адашып кеткениңди айт.

Алдын ала сүйлөшүп ал! Негизи, бир жакка барганда «эгер адашып калсак, тиги же бул жерден жолугушабыз» деп алдын ала пландап алсаң болот. Мисалы, фонтандын же болбосо чоң жарнактын жанынан деп.

Ким экениңди бил! Менимче, сен өзүңдүн жана ата-энеңдин аты-жөнүн, жашаган дарегиңди билесиң. Ошентсе да дарегиң, жакындарыңдын телефон номери жазылган баракты дайыма жаныңа алып жүрүүнү унутпа.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо