БУЛБУЛ МЕНЕН МЕРГЕНЧИ

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Илгери-илгери өткөн заманда көзгө атар мергенчи жашаптыр. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып, токойдон кийик атып келип, бир айылдын элин бакчу экен. Бир жолу мергенчиликтен кайтып келе жатканда жол четинен канаты кайрылган булбул таап алат. Мергенчи аны үйүнө алып келип, жараатын дарылап өзгөчө кам көрөт. Күн сайын токойдо сайраган түрдүү канаттуу куштардын үнүн комузга салып, булбулга ойноп берет. Булбул мындай камкордуктан бат эле сакайып чыгат.
Бир күнү булбул мергенчиден:
– Мага күүлөрүңүздөн үйрөтпөйсүзбү?- деп суранат.
«Макул» деген мергенчи ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү чертет. Булбул болсо тыңшап, күүлөрдү туураганга тили жатыгып, аздан-аздан үйрөнө берет. Бара-бара тим эле комуздай таңшытып, бүт үйрөнүп алат. Анын сайраганын уккан эл тыңшап эле отургусу келип, таң калышат. Ошондо мергенчи булбулга:
– Сенин сайраганың баарына жагып жатат. Бирок күндүзү иш менен күйпөлөктөп жүрүп жакшы уга албай жатышат. Ошондуктан мындан кийин таң эртең сайрагын. Эл бош, сайраганыңды угуп ырахаттана маашырланышсын,- деп суранат.
Ошентип, мергенчинин сунушу менен булбул дайыма таң эртең сайрап калган экен.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо