Эркин Рыскулбеков, телеалпаруучу:«ӨЗҮМДҮ ЖУРНАЛИСТ ДЕГЕНДЕН УЯЛАМ»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Сүйлөсө тилинен чаң чыккан, дайыма өсүүгө, жаңы идеяларды табууга талпынган жаш телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков бизде конокто.

– Салам, Эркин. «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей, телевидение ааламына келген жолуң тууралуу сөз баштасаң...
– Кичинемде, жатак-мектепте окуп жүргөндө эле абдан активдүү болчумун. Кароо-сынактарды калтырбай, концерттерди алпарып жүрчүмүн. Мектептин концерттик залы ошол кезде мага чоң сахнадай эле туюлчу. Телевидениенин босогосун 2008-жылы аттадым. Бир досум «Заманага» алпаруучу тандап жатышыптыр, барып көрбөйсүңбү?» деп айтып калды. Телевидение тууралуу түшүнүгүм жоктугуна карабай, өзүмдү байкап көрөйүн дегем. Барсам, Тамара Джаманбаева «сени алабыз» деп калды. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Ал убакта мыйзамдын негизинде окууну бүтпөгөн студенттерди штатка алышчу эмес да. Окуумду жумушка киргенден кийин бир жылдан соң бүттүм.

– Өзүңдүн кесибиң журналистпи?
– Жок, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүн бүтүргөм. Бирок өзүмдү пиарлоого жокмун. Эфирге беш жолу чыгып алып, «мен журналистмин» дегендерди укканда кыжырым кайнайт. Мен өзүм ТВ редактормун, долбоорлорду иштеп чыгам, ойлоп табам. Чынында, өзүмдү журналистмин дегенден уялам. Кечээ эле бир университеттен «бизге келип лекция окуп бер» деген сунуш түштү. Аудиторияга кирип эле студенттерге «балдар, мен журналист эмесмин, бизде баары өз иши менен алек болбой, бизнесмендер саясатчы, дарыгер эместер эле дарыгер болуп жүрүшөт. Мен да калп эле журналист болуп алдым» деп ачыгын айттым. Баары күлүштү. Бирок теледе топтогон тажрыйбам, болгон билимим менен бөлүшкөнгө аракет кылдым.

– Көбүнчө дебаттарды уюштуруп, телеберүүлөрдү алпарасың, өзүң да талаш-тартышка жакынсыңбы?
– Ооба, дебат боюнча мен Кыргызстандын 4 жолку чемпионумун. Талашат десе эле туурабы, туура эмеспи, тартыша бергендер жакпайт. Аргументтештирип, кандайдыр бир расмий далилди мисал келтирип, анан талашса. А бизде жашоодо «чоң энем айтты эле», «бир жерден уктум эле» деген сөздөр көп колдонулуп калат эмеспи.

– Өзүң тууралуу айта кетсең?
– Түбүм Токтогулдан болот. Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөм. Бая күнү бир тойдон «жумгалдык болом» десем, ал жерде токтогулдук бир эжем отуруптур. Анан ал «балакеттен жумгалдык болосуңбу» деп өлө тилдебедиби. 3 жашымдан баштап Чүйдө өстүм. Биздин айылда жалаң орустар жашачу. Көчөбүздүн аты Украина, айылыбыздын аты
Карл Маркс эле. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, мен эң кичүүсү, үйдүн эркеси, апамдын неберелеринин «конкурентимин». 5-класска келгенде атам кыргызча үйрөнсүн деп мени мажбурлап Чүй облустук гимназия-мектебине берип койгон экен.

– Сени жакшы ырдайт деп угуп калганбыз. Ырчы болгуң келбейби?
– Эми ар ким өз иши менен эле алек болсунчу. Бир жолу «Көгүлтүр отто» «Дельфин жана Русалка» деген ырды ырдай коём деп азыркыга чейин шылдың болуп жүрөм. Ырдасам болсо керек, албетте, сонун кылып жаздырып, фонограмма менен (күлүп). Той-кечелерде, дос-туугандардын арасында ырдап калам.

– Сенин сүйлөө манераңды орусиялык телеалпаруучу Андрей Малаховго көп окшоштурушат. Сурайын дегеним, аны атайын туурайсыңбы?
– Орусиянын каналдарында эмне деген гана ток-шоулар бар. Бирок бири да Малаховдукуна окшошпойт. Анын өзүнүн стили бар. Өзү ток-шоунуку ошондой да, ары-бери чуркап жүрмөй. Ооба, мен туурайм, туурайт дегенде аны өрнөк, үлгү катары туурайм дегеним. Рахмат, мени окшоштуруп койгонуна, Борис Моисеевге окшоштурса деле жүрмөкмүн да, туурабы (күлүп). Бирок мага Иван Урганттын алпарганы жагат, импровизациясы күчтүү.

– Өзүң ал жактан кандайсың?
– Мен Нурзат Токтосунова менен көп концерттерди алпарам. Экөөбүз доспуз. Нурзат ыкшып эле күлө берет, «каяктагы сөздөрдү таап аласың?» деп. Бир жолку үйлөнүү тоюнда орус депутат айым «горько, горько» эле дейт кечке. Анан мен «Баланча Баланчаевна, сиз оппозиция менен «горько» кыла бериңиз, бул жерде кыргыздардын тою болуп жатат» десем, баары күлүп жиберишти.

– Кепти жеке жашооңо бурсак. Апаңды качан эрке келиндүү кылайын деп жатасың?
– Үйдө үйлөнбөгөн эле мен калдым, калганы баары үйлүү-жайлуу. Эжемди Лариса Гузеева деп коём, бирөөлөрдү таап алып эле «могу менен таанышып көрбөйсүңбү?» деп ортомчу жеңе боло берет. Анан айтам «убактым келгенде үйлөнөм да, барчы» деп. Азырынча белгисиз, качан үйлөнөрүм.

– А сенин табитиңдеги кыздарды билсек болобу?
– Сөзсүз ыймандуу, кыргыздын салтын сыйлаган кыз болуш керек. Жакында эле кесиптешим Галина Горноженко кыргыз жигитине турмушка чыгып жатканда айттым, «сен жөн эле кыргыз жигитине турмушка чыгып жаткан жоксуң. Бүткүл бир чоң комплекске чыгып жатасың» деп. Бизде кыргыздардыкы ошондой да, үй-бүлө, каада-салт баары чоң комплекс. Менде деле ошондой, үй-бүлөмдү, ата-энемди, үйдүн айрым жазылбаган мыйзамдарын сыйлаган кыз болсо. Апамдын «характери» деле бир топ, ага чыдаш керек дегендей, ха-ха... Мага көп окуган, акылман, көрөгөч кыз болсо.

– Келбетичи?
– Сүрөттөп бере албасам керек. Сүйүүдө, достукта, карым-катнашта стандарт болбойт, жок. Мен ушуга чейин 200-300дөй түгөйдүн тоюн алпардым, түгөйлөр экөө эки башка. Бирөөсүнүн бою узун, кыска, семиз, арык дегендей. Ошолордун баары бири-бирин сүйүп
калган да. Эгер стандарт деп жүрсөк, баарыбыз Наоми Кэмпбеллдин артынан чуркап калбайбызбы?..

– Эс алуунун кандай түрүн жактырасың?
– Ар кандай, бир гана түнкү клуб, бийик музыканы жактырбайм. Тоого чыгам, караокеге барып ырдайм, керек болсо шишкебек менен сыра ичем. Бир жолу досум экөөбүз балдардын ок атышмай жайына барып атышып, жаш балдардын машинасына отуруп алып аябай ойногонбуз. Мен үчүн эс алуунун бардык түрү жакшы.

– Жубайың кайсы тамактарды жасап берип турушу керек?
– Мектепте окуп жүргөндө сулудан жасалган шорпо менен күрүчтөн катуу көңүл калыптыр. Анан балык менен быштакты да жактыра бербейм. Калган тамактарды ылгабайм деле.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Эркин Рыскулбеков: "Жан дүйнөм ыйманга толсо дейм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(28)
01.04.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен кечээ эле бир тойдон ушул бала менен тушкон суротумду коруп жылмайып койдум эле, коп деле коро элекмин кандай теледебат алып барат, бирок мага жагат чогуу суротко тушконумо окунбойм, ийгилик менен акыл эс жана чын ден соолук каалаймын. Аида эжен))) балким эми бир той кылсак сага чыгып коробуз, бирок дагы да болсо тойду жакшы алып барганга аракет кылышын керек)))
01.04.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Малаховго окшоштургандары жакты.:) турган турпаты эле жылмаю тартуулайт.
01.04.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеринизге ийгилик
01.04.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынеле буудай кууруйтго...
02.04.2013. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа, молодец! "Манаста" окуп жургондо эле сахнадан тушпой, алып баруучу болуп журчу эле. Ийгилик!
02.04.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тили буудай кууруган менен бадырак боло бербейт го! Макул, ошентсе да таланты бар. Ийгилик!
02.04.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусчаны да кыргызчаны да катырат бул жигит озу
02.04.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Той алпарганын көрүп "ии жакшы экен" дегем. Эми маегин окуп билимдүү, өзүнө реалдуу баа бере алган адам экен деген ойдо калдым.
03.04.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Малаховго коп окшоштурчумун,бирок бул жигитти аябай гордый болсо керек деп ойлоп журсом "адам" деген атка татыктуу мырза экен, азамат!Чындап эле озун-озу мактагандар толуп жатышпайбы мен кыйынмын, укмушмун дегендер, а бул мырзанын чыныгы журналист экендиги байкаса болчудай берген интервьюсунан.
04.04.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa but baaryn bolgonun bolgondoi aitat eken,erkek!
04.04.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул да мактанса болмок да "келечектин легендасы" болобуз деп )))))) себеби бул жигитте билим десе билими, акыл десе акылы бар эле
05.04.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии жагатда мага ушу бала )))
05.04.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркин дос менен квартирада чоогу жашаганбыз... Эн сонун адам, дос... Аябай сонун кундор болчу... Мага озунун жакшы коргон койногун да берген мен Америкага баратканда.. "На Удачу" деп...Аябай суйундум жетишкен ийгиликтерин коруп... Сыра ичем дегени чын:)) Кээде достор менен ашканада ичип туну менен уйку берчу эмес... Ийгилик сага досум:))
05.04.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин байке игилик сизге!!!!!!!!!!ушундай мыктылыгыныздан жазбаныз!!!!!!!!!!
07.04.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми баарын убакыт таразалайтда...
SUPER.KG видео
05.06.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бали жигиттин гулу!!!!!! Тилегиниз орундалсын!Амбицияныз кучтуу негизи сиздин!!!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sooooooonun mayek boluptur! chon rahmat! den sooluk, ijgilik kaalaim!!!
SUPER.KG видео
06.06.2013. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин менен студенттик кундордо чоогу жашаган, досум деп билген адам катары айта алам, " мафия" десе жеген тамагын жерге коюп ойночу:)) Аябай суйундум жетишкен ийгилигинди коруп:) Эркин эркек!!!
SUPER.KG видео
06.06.2013. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурун ушу баланы көп жактыра берчү эмесмин. Бирок азыр жакшы такшалып калгандыктанбы, сыйлап калгам. Аябай жакшы маек куруп бериптир, ачык, жашырбай. Сөздөрүнө жетеленип маекти аягына чейин эринбей көрүп чыктым). Эркинге ийгилик.
SUPER.KG видео
06.06.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур. Эркин азаматсын.
SUPER.KG видео
06.06.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
так так жооп бериптир.Жакшы маек курушуптур,иштерине ийгилик
SUPER.KG видео
06.06.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек Ийгилик калайм!
SUPER.KG видео
06.06.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур. Кыргызстандын Малахову!!! :) Иштеринизге ийгилик Эркин байке
SUPER.KG видео
06.06.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай кызыктуу маек куруп бериптир.Азамат, Ийгилик!
SUPER.KG видео
09.06.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин байке абдан таланттуу жигиттердин бири ар дайым изденуудо журот, ийгилик каалайм, тилеген ой максаттарынызга жетиниз!
SUPER.KG видео
10.06.2013. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы кыргыз тилин ширелите суйлой билген жигит.
Жигиттин келечеги кен алдыда дагы коптогон жетишкендиктерди багынта алат.
Мындайча айтканда суйлоо стилин Андрей Малахов менен коп окшоштура берем, бул менин жеке оюм.
Жонокой суроолорго абдан кызыктуу кылып жооп бериптир, суйлосо коз алдына баары тартылат экен....
SUPER.KG видео
11.06.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максатына жетчуудой корунот! азаматсыз! дагы талыкпай эмгектене бериниз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо