«ЖАЛГАН ЖАЛААДАН ЖАБЫР ТАРТТЫМ»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Терезени карасам, элдин бардыгы кайдадыр шашып бара жаткансыйт. Кайда шашышат? Эмнеге шашылышат? Тиги кетип бара жаткандарга суктана тигилем. Сүрөт тартканды аябай жакшы көрчү элем. Ооруканада жаткандан бери ага да көңүлүм келбей калды. Эми мага жашоонун кызыгы жок. Жанымды деле кыйып коёр элем. Бир гана апам байкушту аяп кетем.

ххх

Ошол күнү каргашадай болуп балдар менен көчөгө чыгып калдык. Кичине ичип, тынч эле үйүбүзгө келип жатып калганбыз. Эртең менен эле короодо «менттер» турганын көрдүм. Сөзгө келбей, «кыз зордуктаган экенсиңер» деп сүйрөп кетишти. Түшүнбөй калдым. Анткени кечээ балдар менен сыра ичип, гитара чертип отуруп тарап кеткенбиз. Эч кандай кызды көргөн эмеспиз.
Көрсө, ошол күнү бир кызды белгисиз бирөөлөр биз отурган жерден бир аз алыс жактан зордуктап кетишкен экен. Кыз төрт жигит дептир, биз да төртөө элек, бирөө «Адилет» деп үн чыгарган экен, менин атым да Адилет. Ош шаарында миң Адилет бар го. Чындыкты эч ким териштиргиси келген жок. Төрт жигиттин эртеңки тагдырына эч ким кызыкпады. Бирден терип барып тыгып салышты. Кийин билсем, ал кыздын агасы «мент» экен. Анан... анан баары башталды.

ххх

Кара мүртөз адамдар кайдан жаралат болду экен?! Мынчалык адам санынан чыгарып салгандай эмне кылдым мен аларга? Болгону күнөөмдү мойнума алган жокмун. Апам менен атама «мунун баласы кыз зордуктаптыр» деген сөздү угузгум келбеди. Намыстан күйүп, башын көтөрө албай калышарын ойлогонумда, таптакыр мойнума алгым келбеди. Мектептин директору болуп эл аралап жүргөн атам шылкыйбасын дедим.
Милиция кызматкерлери мойнуна койдурабыз дешип уруп-сабашты. Алгач этим ооруганына чыдабай кол кайрысам, эки-үчөө жабылып кетти. Көзүм караңгылап бара жатып, «мойнуңа ал...» деп бакырып жатышкандарын уктум.

 ххх

«Мойнуңа ал...» Ушул сөз азыр да кулагыма жаңырат. Апам, ай, бир тамчы көз жашыңды тамызбайм дечү элем. Ак экенимди далилдеп ордон куткарып кеттиң. Өх, тим эле денем чымырап, жаным көзүмө көрүнүп бара жатат. Бир бутумдун сөөгү талкаланып, бөйрөктөрүм иштен чыгыптыр. Аны кечээ эле врач айтып кетти.
Бутумдун сынган сөөгү ичинен ириңдеп кеткендиктен, врачтар «гангрена» деп кесип салышты. Операциядан ойгонорум менен бутумду кармадым. Жок! Жоон сандан ылдый... Ыйлап жаттым. Жүрөгүм тызылдап, абалыма эч макул болгум келбеди.

 Ооруканадан чыкмай болдум. Жаш толгон апамдын көздөрү көзүмө чагылды. Чыдап карай албай терс бурулдум. Апам жакын келди да, майыптардын арабасында отурган мени сүйрөп жөнөдү. Атам алдыда ийиндери дирилдеп үнсүз ыйлап баратканын сездим. Үчөөбүз тең бири-бирибизге билгизбей ыйлап
жаттык.
Сүйгөн кызым Асел экөөбүз ушул жылдын күзүндө үйлөнмөкпүз. Апабызды кубантмакпыз. Бирок...

ххх

Мен тагдыр менен күрөшөм деп чечтим. Байкушту байкуш деген сайын чөгөт экен. Мен тагдырымды кабыл алдым, мындан ары чөкпөй, жашоомду уланта берем. Калемдеримди алдырып, мурункудай сүрөт тартып жатам. Ар бир тартылган сүрөтүм менен менин жашоо кумарым ойгоно баштады. Мен жашайм...

Адилет


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
01.04.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:'((( Baary jakshy bolot isheniniz!baary bolot!
01.04.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет,сиз кучтуу болунуз,баарын женип бактылуу болушунузга ишенем.
01.04.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооба...бул дуйно сыноо. намаз окуп, кудайга ибаадат кылыныз. Жараткан АЛЛАХ сизди эч качан таштап койбойт!
01.04.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
99.9% укук кордоочулар, 00.1% укук коргоочулар иштейт биздин олкодо!
01.04.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилет Аллахым омур берсин ден соолугун чын болсун окуп жатып журогум оруду.Бактылуу бол.
01.04.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет Аллахым омур берсин ден соолугун чын болсун окуп жатып журогум оруду.Бактылуу бол.
02.04.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жон эле окуя,азыркы адамдар сабап майып кылмак турсун,мага суйлоп жатканда тукуругу чачырап кетти деп прокуратурага арызы менен барышат,
02.04.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ledy.1993, Сен кайсы заманда жашап жатасын? Биз жашаган замандан да алдыга кеткенсинго? Алардын коолуна тушкондо билгенин кылышат, билбейсинго сен, байкеси да ошол жерде иштеген болсо элестеттим. Сизге жараткан алла сабыр берсин Адилет!...
02.04.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балким чынеледир неге антип ойлойсунар,менттердин кылыктарын угуп коруп эле журбойбузбу
02.04.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп атып коздон жаш да агып кетти(((эч качан чокпо,Адилет! Алладана жакшылык тиле.Сенин да кочондо майрам болот,буюрса. Менттерге кунун тушпосун,Кудааай...Адилетке окшогондордун далайын сындырышкан алар,ошолордун,ата энесинин коз жашынын убалы тийсин...Алланын алдында аар бир кылганыбызга жооп берерибиз...
02.04.2013. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын, менттер менен врачтарга күнүң түшпөсүн дегиле.. Күнөөсүздү күнөөлөп, соо адамды оорулуу кылып чыгарышат
03.04.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jardam en kerektuu? doktur menen milisiyadan kelet. Birok owolor da keede tebelep ketet
04.04.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Knt, азырынча сизге эскертүү!
Жаргон жана коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынат.
05.04.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициялар сабашат,бирок майыптыка чейин сабап,анан да милициялардын устунон кылмыш иши козголбогону не логично болуп жатат.мындай иштер бизде дур-дурболонго тушуп эле жатып калат.
06.04.2013. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men 100%ishenem saga Adilet.Sebebi menin klasstashym dagy tuptuura senikindey jalgan-jalaa m-n oturat azyr turmodo.Sotu ulamdan-ulam sozulup jatat.Mentter sabap moinuma aldyryp jatat.Janyp chykkycha sabashty dep aytkan.......Kuday ment m-n vrachtarga yiman-ynsap bersin! Tuura kylasyn!Ech chokpo!Teskerishinche turmush m-n jasho m-n kurosh!
17.04.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечегин алдыда кучтуу бол Адилет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо