Мирлан Давлатов, ырчы:«ЫРЧЫ БОЛУШУМА ҮЙДӨ ИЛИНГЕН АККОРДЕОН СЕБЕП БОЛГОН»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Бүгүн бизде конокто Баткен районунун Согмент айылынан чыккан таланттуу ырчы жигит Мирланбек Давлатов. Анын «Балалыгым», «Классташым», «Адам мейман адамга», «Махабатым – жылдызым», «Жакшы көрөм өзүңдү» сыяктуу ырлары көпчүлүктүн көңүлүнөн орун таап келет.

Туулган жылы – 1983-жыл, 25-май
Туулган жери – Баткен району, Согмент айылы
Билими – Баткен мамлекеттик университетинин информатика адистигин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйүктүү жары жана 2 баласы бар

– Мирлан, алгач эле чыгармачылык чыйыр жолуңуз кантип башталганынан маегибизди баштасак...
– Менин ырчы болушума, эң негизгиси, үйүбүздүн бурчунда илинип турган аккордеон себепкер болгон. Кичинемде анда ойноого аябай куштар элем. Үйдөгүлөрдөн аны алып берүүнү сурансам, «сен кичинесиң, аны көтөрө албайсың» деп коюшчу. Кийин аккордеондо гана эмес, гимназияда окуп жүргөн убакта пианинодо ойноону үйрөнгөм. Алгачкы «Махабат» деген ырымды 8-классымда жаратып, 11-классты аяктаганымда эң алгачкы альбомумду чыгардым. Ал убакта Баткенде үн жаздыруучу студия болбогондугуна байланыштуу, Ош шаарына барып ыр жаздырып келчүмүн. Азыр заман, технология өнүгүп, үндү үйдө отуруп эле аппаратуранын жардамы менен жаздырып калбадыкпы. 

– Окуучулук күндөр эмнеси менен эсиңизде калды?
– Студенттик кез менин окуучулук күндөрүмдүн уландысы болду. Себеби мен Баткен облустук гимназияда окуп жүргөндө окуучулар жатаканасында жашачумун. Ал жерде классташтар менен бирге тамактанып, бирге жатып-турасың. Алар сенин бүлөңдөй болуп калышат. Бир бөлмөдө 4 бала жатып, мугалимдер берген үй тапшырмаларды бири-бирибизден көчүрүп, сырыбыз да бир эле. Мектепти аяктап студент болдум, батирлерде жашадым. Кызыктуу күндөр өттү.

– Элге тааныла баштагандан баштап жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Элге тааныла элек мезгилде шоктонуп, тентектик кылып жүрө бересиң. Ал эми көзгө көрүнүп калгандан кийин ашыкча кыймыл жасоодон мурун көп ойлонуп, анан кадам жасайсың. Калктын калың катмарынын алдында досуң экөөң бирдей туура эмес жорук жасаган учурда сенин гана катачылыгың көрүнүп, ал эми досуңду эч ким сындабайт. Баары сени гана көрө тургандыгы талашсыз. Сени тааныбаган учурда көчөгө жатып алсаң да, эч кимдин сени менен кабары жок. Таанымал болуп калгандан кийин ошого жараша кулк-мүнөзүң да өзгөрөт экен.

– Сиздей талант кандай үй-бүлөнүн уулу болду экен?
– Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Үй-бүлөдө 4 уулбуз. Атам мектепте англис тил сабагынан мугалим болуп 30 жылдан бери эмгектенип келет. Апакем үй кожойкеси. Ата-энем биз кандай кесип, кандай жолду тандабайлы, дайым бизди колдоп, кубаттап турат.

– Бул жылдарда эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?
– Мектепти аяктаганыма мына быйыл 13 жыл болот. Эгер менде 13 жыл мурда азыркы акыл болгондо дүйнөгө Кыргызстандын атын чыгарган Мирланбек Давлатов болууга аракет кылмакмын. Муну менен мен азыркы абалым жаман деп айткым келбейт. Болгону гана эгер ошол убакытты кайрып келүүгө мүмкүн болсо, чет мамлекетке барып билим алмакмын. Чыгармачылык менен иштеп, «Кыргызстандан чыккан белгилүү ырчы» деген сөздөргө жетмек белем деп ойлоп калам. Үй-бүлөлүү болгондон кийин карьера үчүн иштөө мүмкүн эмес экен.

– Учурда канча ырыңыз жана клибиңиз бар?
– Көп эле ырларым, 7 клибим бар. Ырларымдын 90 пайызын жергиликтүү акын-жазуучуларга жаздыргам. Обондорунун баарын өзүм чыгарам. Атайын бир продюсер менен иштебегендиктен, клип тарттырууда, элге концерт берүүдө кыйынчылыктар болот. Мен дагы эми эле чыгып келе жаткан мезгилде продюсер менен иштешүү максатым бар эле. Бирок мен тааныган жана өрүкзарга өз концерти менен келген жаш ырчылар да «продюсерсиз эле иште» деп насаат айтышкан.

– Жогоруда сырт жакка чыкканга мүмкүнчүлүк жок дедиңиз, келинчегиңиз чыгарбайт окшойт...
– Адам баш кошордон мурда өзү жактырган мүнөздөргө ээ, идеалдуу образды жаратат да, ошол идеалга төп келишкен түгөй издей баштайт. Мен да ошондой адамдардын катарын толуктайм. Жаратканга ыраазымын, менин тандаган жубайым Жийдегүл мен койгон талаптардын баарына жооп берет. Учурда бир уул, бир кызыбызды бапестеп чоңойтуп жаткан бактылуу үй-бүлөдөнбүз. Келинчегим менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн мезгилде эле менин чыгармачылыгымды колдочу, азыр да иштөөгө толук шарттарды түзүп, колдон келген жардамын аябайт.

– Маегиңизге рахмат!

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(17)
01.04.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мындай ырчыны укпаган экенмин
05.04.2013. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jibeka_foreve.live, анда артта экенсин
01.04.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анча мынчада 1жылда бир же еки жолу корунуп калат ТВдан анча деле популяр емес бирок ырлары уккулуктуу ,ийгилик болсун коп коп ырдап турунуз
01.04.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
жакшы ырларды ырдайт бирок уну музыкасы озбек ноталарын кошулушуп кетет !
01.04.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырлары сонун!"Таланты бар,таанышы жоктордун"катарын толуктайт...
02.04.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege Batken oblasty emes,je raionu da barby?
02.04.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negr,
Ооба, Баткен району бар)))
10.04.2013. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negr, апей, билбейсизби? Баткен областы, Баткен району, Баткен шаары да бар!))))
02.04.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
yrlary sonun,Davlatovdun!
03.04.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичекей кезибизже касетасы бар эле менде. Корсо Давлатов деген ушул ырчы экенда.Ырчынын онун биринчи жолу кордум. А так ырлары жакшы болчу.
03.04.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ырларын жуктоп коеласыздарбы?
03.04.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.04.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, чон рахмат супер инфо!))))
06.04.2013. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
anjella8888, Ырларын 7-8жылдан бери угалек болчум. Чын эле аранжировкасы тажикче экен. Анын себеби Баткен тажиктер м.н кошуналаш. Бул байкебизда талант бар тааныш жок болуптур))))
04.04.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирландын ырлары мага жагат,жаны чыккан ырлары болсо,жуктоп коюунуздарды суранам Супер инфо,рахмат!
05.04.2013. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы ырлары,азаматсын ийгиликтер болсун!!!
14.10.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз мыкты талант ээси! ырлары жагымдуу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо