Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«УЛГАЙГАНДА ӨЗҮМДӨН КИЧҮҮ ЖИГИТТИ СҮЙҮП КАЛДЫМ»

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж

Кеңсебизге орто жаштагы аял келип, «мен сырымды эл менен бөлүшкүм келет. Ушул жашка келип сүйдүм, болгондо да үй-бүлөлүү, өзүмдөн кичүү жигитти» десем четтен иренжишери турган кеп. Бирок мен турмуштун жылаңач чындыгын айткым келет» дейт Нургүл аттуу айым.

«АЗАП МЕНЕН ЖОЛУГУП, 3 КҮН ГАНА ЧОГУУБУЗ»
– Мен сүйүү кандай учур болсо да, кечигип келе берерин түшүндүм. Учурда кырктан ашкан аялмын, ушул жашта жүрөгүмө сүйүү келип отурат. Жолдошум 2001-жылы мен уул төрөгөн күндүн эртеси каза болуп, жалгыз калгам. Күйүтүмө чыдабай жүргөнүмдө, бир айдан ашпай ымыркайым да чарчап калды. Ошондон бери таш болуп калган жүрөгүмдү жылыткан жалгыз адамым Адыл болду. Бул ысым жан дүйнөмө сиңип бүткөн. Менден кичүү. Учурда Астанада үй-бүлөсү менен жашайт.
2009-жылдын июнь айында Чүйдө, Воронцовкада эс алып жүргөм. Адыл да ал жакта дарыланып жүрүптүр. Сейилдеп жүргөндө көрүп калчу элем, ал да мени узата карап калчу. Жолдошумдун каза болгонуна 8 жылдын жүзү болсо да, кылчайып эркекти караган жан эмес элем. Негедир ал бейтааныш жигитти көргөн сайын купуя ойго батып калчумун. Бир күнү бир бөлмөдө чогуу эс алып жаткан келин кирип, «бир жигит менен тааныштым, мени жанындагысы экөө чайга чакырып жатат, барып келели» деди. Бул сунуш мага жакпагандыктан, баш тарттым. Ал келин чыгып кеткен. Бир убакта эшик тыкылдап калды. Эшикти ача салсам, маңдайымда менин көңүлүм түшкөн жигит турат. Өзүмдү жоготуп эле үндөбөй туруп калдым. «Сизди чайга чакырып келдим эле» деп үн катты. Ушуну эле күтүп тургансып, мен дароо кийинип, жигитти ээрчий бастым. Барсак, баягы жанымдагы келин, дагы бир киши болуп, шаңдуу отурушкан экен. Мүнөзүмдөгү түнттүк шамал айдаган булуттай тарап, мен да алардын катарына кошулдум. Ырдап, тамактанып чогуу отурдук да, телефон номерлерибизди алышып, тарап кеттик. Эртеси кайра жолуктук, ошентип жүрүп бири-бирибизге кандай көнүп кеткенибизди байкабай да калдык.
Кетер күнү экөөбүз дагы жолуктук. Андан ажырай албай, жаш кыздай көзүмө жаш тегеренип турду. Ал мени таштабаска, мени ыйлатпаска сөз берип, жолугушчу күндөр алыс эмес экенин айтып коштошту. Экөөбүздүн жашообуз бири-бирибизге айкын болуп, Адыл менин сырдашыма, жакыныма, сүйгөн адамыма айланды.
Ошол эле жылдын сентябрь айында кайрадан жолугуштук. Ноябрь айында мени Таласка чакырды. Ошондо көргөн азабымды сураба. Барбай эле койсомбу дегем, бирок такыр эле жүрөгүм тынчтык бербей туруп алды. Бардык жумушумду жыйыштырып, Таласты көздөй сапар тарттым. Казакстан аркылуу бармакмын, бирок паспортум булганып, кокустуктан так болуп калган. Ошону илинчек кылып, казактар такыр өткөрбөй коюшту. Бере калайын десем же жанымда ашык акча жок, кайра артка жөнөдүм. Эми мени эч нерсе токтото албайт болчу. Төө-Ашуу аркылуу сапар тарттым. Кыргызстандын ичинде жүрүп, жолго эле 2 күнүм кетти. Акыры эңсеген адамыма жетип, «Манас Ордодон» жолугуштук. Ошончо азап менен жолугушсак да, биздин жолугушуулар ашып кетсе 2 же 3 күнгө гана созулат. Баарына кайылбыз. Жолугушуу, кайра ажырашуу... Ушул азап менин көкөйүмө тийсе да, жолукпай коё албадым.

«УБАКЫТ АЗ...»
Адылды жылуу ордунан козгоп кыйнагым келбей, 4 жыл аралыгында көп жолу жолукпайын деген чечимге келсем дагы, колумдан эч келбей койду. Ал Астанададан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кетет. Ар келген сайын мага майрам. Бул азаптан кантип кутулушту билбей жүргөндө катуу ооруга чалдыгып калдым. Учурда онкологиялык каттоодомун. Алдыда мени операция күтүп турат. Эгер мен ал операцияга макул болсом, 2 гана жол бар. Же айыгып кетем, же жашоо мөөнөтүм андан да кыскарат. Артка кылчайып, өмүрүмдө саналуу гана бактылуу көз ирмемдер болгонун, анын көбү Адылга тиешелүү экенин түшүндүм.
Адыл, кечир, мен сенин тынч жаткан дүйнөңө бүлүк түшүрдүм. Айтпаган менен үй-бүлөңдү же мени кыя албай кыйналып жүрөсүң. Бирок тилегеним жамандык эмес эле. Кааласам, жанымда болуп, менин өмүрүм үчүн чогуу күрөшмөксүң. Бирок мен антип өзүмчүлдүк кылгым келбейт. Үй-бүлөң менен бактылуу бол. Мындан ары канча убакыт жашасам да, сен деп гана жашайм. Сүйүү тууралуу кинотасмалар, дүйнөлүк шедеврлер кайдан жараларына эми түшүндүм. 31-март туулган күнүң. Бул ыр саптарынан башка белек бере албайм...

Сезип турам, сенсиз өтөт
күндөрүм,
Сезип-сезбей бар кызыгын
дүйнөнүн.
Ырга айлантып ырдап өтсөм
өзүңдү,
Жаным менин, аттиң эми кеч
дээрмин.

Нургүл
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(102)
03.04.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сизге ден соолук жана бакыт
03.04.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ойнош оттон ыссык кала берсе боктон сасык дегенди уктум эле баарына алла таалам озу кубо даже уйлоно элек 20дагы балдарга дагы никесиз бироо мн болууга болбойт динден тушунук деген жоок мен мындай тушундум сыноодон кыскасы ото албай атат деп
04.04.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм..каяктагы суйууну айтып жатасыз эжекебай Силеде эч кандай суйуу пуйуу болгон эмес бул жон гана конул ачуу деп аталат менимче
04.04.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulutbek ото туура айткан, созундо калет жок мен да кошулам
04.04.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул суйуу эмес, бул утурумдук конул ачуу. Тиги аялдын эт-бетинен кетип суйгон жигити деле алам дебептир,соз деле айтпаптыр, демек акмак адамга деле белгилуу болуп жатпайбы бул нерсе деген аялдын ойнош куткондугу а тиги мырзанын аялынын козуно чоп салгандыгы. Эми эжеге шыпаа берсин, но эркек эсин токтоткуча канча аял-келин-кыздарды сыздатпайт(повод беришип жыртандашса), ошондуктан да айтышат да эркекти Кудай ураарда 50 жашта жаш болот дееееп хе-хе-хе
04.04.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Тагдыр
04.04.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх суйуу, суйуу. Чыныгы суйуунун убактысы ченемдуу дегендей чон суйуунун арты созсуз ушундай бутот. Ошон учун айтылса керек эн таттуу, эн улуу суйуу-бул жетпей калган махабат деп.
04.04.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйо билип суйууну барктагыла
Суйуунун жетиш кыйын кадырына
Суйуш учун жараткан бизди кудай
Суйуп дайым арахатка баткыла!!!
04.04.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kusuru tiet baldarynyn jana tigi aram erkekktin da baldaryna kusuru tiet,Allanyn aldynda kunondu koboitpo,akylyn bolso myndai aram ishke barba,balkim oshon uchun orukchan bolup kalgansyn oilon Allahdan kechirim sura jenil oiluu bolbon menin keneshim?
04.04.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшегин эгиз тууса да шылтоо эптеп гезит бетине чыгыш керек
04.04.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек киши кичуу кызды алса болот ал еми аял киши тийбей еле койгону жакшы го анткени карыйт да аял анан туугандары не дейт
бир еле жол бар екинчи аял кылып алсан болот
04.04.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжем иий эжем... анда эмне отуп кеткен куйоонузду суйбойт белениз?
04.04.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен үчүн түшкө кирбеген окуя сыяктуу сезилип жатат.Негедир түшунбөй калым.Эми улуу болгон соң акыл калчап андай кадам таштабай койсо болмок.
04.04.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуну жанатта тозокта десе болот, суйуу эмне экенин билбей жашаган жакшы деп ойлойм.Чын суйусуно жетип жашап бактылуу болгондор кем болсо керек.Менин сизге айтарым озунузду ойлон.
04.04.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуу аялдын жашоосунда узуун тарых а эркектин жашоосунда
эпизод дешет, аялды гулго тенешет гул кунду карап осот, аял да жылуулук кай жакта болсо ошол жака карайт балким сиз башка уй булосу жокко конул бурсаныз зынакорлук деген куноону мойнунузга илбейт белениз. Мусулманбыз бул жашоону отмуш сыноо катары кабыл алалы.
05.04.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу ар бир пенденин башында бар екенине ишенем!бирок сиз Адыл байкеге суйуунузуду супер инфо аркылуу билдиргиниз келиптир деп тушундум мен.Ал байкенин аялы окуп уйундо сиздин айыныздан жанжалдашып да жаткандыр балким ким билет.кыскасы турецкий кино болуп кетиптир бул жагы))ежеке чынында ичинизге сактасаныз болмок екен.Эмне жыйыньык чыгат деп ойлодунуз бул жерден?же Адыл уй булоосун бузуп сизге келиш керекби?Бойдок байкелерибизге деле коз кыссаныз суйуп калышыныз мумкун..
05.04.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуу адамга баш ийбейт,Суйуу баш ийдирет)))Кандай болгон кундо да суйуп калган куноолуу эмес да.
05.04.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, созундо калет жок.Керек болсо 80ге чыкканда суйуу келиши мумкун..жогоруда суйууну баш ийдирем деген сыяктуу коммент жазгандарга боорум ооруп жатат.Табалабай тобоо келтирсенер.
05.04.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп жашаа айыгып кет бирок бироонун куйосу эч качан сага куйуп жанында турбайт.Бул суйуу эмес ал конул ачуу
06.04.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a4uu.4yndyk,
мен дагы ошентип ойлойм конул ачуу деп.ушундайлар куйоолу аялды тируулой жесир кылат,ал эми балдарды тируулой жетим кылат.бул же го 40 жашта экен,азыркы 16,17 жаштагы кыздар уй булолуу кишилер менен журуп атпайбы.Аллах таалам кыздарыма ыйман,ынсап берсин.
06.04.2013. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх, бул дагы Жараткандын сизге берген сыноосудур... Аллах дартынызды женилдеткен болсун!
06.04.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ех еже капа болбонго мен да сизге окшомун озумдон чон айымдарды жактырып калчуу адатым арбын а сиз озунуздон кичуу баланы бары окшош мен да коп жерде озумдон чон турмушу бар аялдарды жактырып калам бирок ушу мезгилге чейн бирине да айткан емесмин сизди суйуп калдым деп баары сезимдерим журогумдун тупкуруно сактап келем айтайн деймин бирок биронун семясын бузуп бериш ото кыйын нерсе ошондуктан тагдырга там берип жашап келем еже сиз да ушундай жагдайга туш келипсиз чамамда
06.04.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдырга тик карап башка жазганын моюн менен тартып алдынызда турган операсядан жакшы жыйынтыктарды алын аллах сиди колдосун
06.04.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул жетпей турду эле
07.04.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suiuu jashka karabait eje! mm..birok al sizdi koldonup jatkandyr
07.04.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сырыны кандай максатта жарыялап жатканын тушуно албадым. Суйуу- бул бир гана адамга арналган ыйык сезим. Суйууну суйгон адамын сезип, билсе болду да. Аны элге алып чыгып жарыя кылуунун эмне кереги бар эле? "Суйуу" десе эле аны менен кошулуу, дене кумарын кандыруу деп тушунбоо керек. Бул эже мумкун чын эле суйгондур. Бирок "жигитченин" суйуусунон кумонум бар. Суйуунун чеги уй-булодон бутуу керек. Силер чекти бузупсунар.
07.04.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,сүйүү! Бул сезимге так аныктама да жок, болжолдуу аныктамасы чексиз кооз сөздөрдөн куралган сезим.Бул эженикиндей сүйүүнү акыл-эс башкара албайт. Аны учурда жалындаган жүрөгү гана башкарууда десек болот. Чыныгы сүйүүдө "Ал адамдын эмнесин жакшы көрөсүң" деген суроого жооп жок болсо...Адылда сүйүү жок болсо керек, ким билет, балким жөн гана пайда
07.04.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ланып жаткандыр. Эркек сүйсө алат деген кеп бар го, сүйбөгөнү деле дурус дейм, Адылда да бул сезим болсо үй-үлөсүн таштаганга аргасыз болмок, Алмаз Райымкуловдой болуп. Негизгиси эженин сүйүүсү ден-соолугуна дем күч берсин. Сүйүү адамды кубантат, эс алдырат, жыргатат а мунун баары ден-соолукка пайдалуу.
08.04.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat_bed, сизге эскертүү!
Коммерциялык маалыматтарды "Комерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилген.
10.04.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжеке бул жаратылыш дейт,коп жылдан бери эркек мээримин корбой журуп анан кичинекей конул бурууну суйуу деп туу тутуп алыпсыз,бул аялзатыбыздын эн "слабый"жери.Билесизби бул сезим отуп кетет,албетте убагында ото курч,чеги жок азаптай сезилет.Сизге Аллах шыпаасын берсин,сиз бактылуу болосуз албетте!
21.04.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жогорудагы комментарийлерге кошулбайм,аял ошол слабый жеринен кармалса да минтип элге жар салбай,эми мен сизге бир жагынан боорум ооруйт ,бир жагынан суйундум ушул кыска жалган омурунуздо да жашоонун даамын тата алыпсыз
22.04.2013. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын Жашоо чын суйуу 40-жаштан кийин башталат экен деген ушул тура!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо