СЕМИЗДИК – АТАККА ТОСКООЛ ЭМЕС!

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Дүйнөдө семирип кетүүдөн коркуу же илимий тил менен айтканда обезофобия деген түшүнүк бар. Анын себептери ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, депрессия, сугалактык жана башкалар. Семирип кетүү карапайым адамдарга гана эмес, атактууларга да тааныш.

КЕЛБЕТИ ТАБИТТИ АЧЫП...
Атактуу ырчы, бийчи Кристина Агилера да семирип кеткен атактуулардын катарында. Өзүнүн кайталангыс ретро образы менен белгилүү бул айым «мен 20 килограммга толгом. Салмак кошконума карабай өзүмдү бактылуу сезем. Көрө албастыктан айтылган сындарга кулак төшөбөйм. Арыктап, сөөгү гана калган кээ бир кесиптештериме салыштырмалуу менин келбетим табитти ача тургандай. Кыскасы, мен өзүмдү сексуалдуу деп эсептейм» деп айтканы да бар.
Кристина Агилера акыркы ырын дал ушул темага байланыштуу чыгарган. Ал «Сенин денең» Your body») деп аталат. Бул ырдын жарык көрүшү менен Голливуддун сынчылары «чын эле Кристина бактылуудур. Бирок гардеробун баары бир алмаштырышы керек. Ушундай салмагы менен сахнада кыска кийинип секирип жүргөнү жарашпайт экен» деген сындарды айтышкан. Кристина жанында жүрүп чыгармачылыкка көмөк көрсөткөн адамдарга «силер мындан ары толук айым менен иштешесиңер. Муну туура кабыл алып, көнүшүңөр керек» деп айтып келет.

ТОЛСО ДА СЕКСУАЛДУУ
«Гости из будущего» тобунун ырчысы Ева Польнанын акыркы учурда аябай толуп кеткени белгилүү. Эл ичинде «Еванын семирип кетишине топтун жоюлушу, андан кийинки жеке ырчылыкты баштоодо кабылган көйгөйлөрү себепкер болушу мүмкүн» деген сөздөр айтылып жүрөт. Ырчы канча салмак кошконун, албетте, айтпайт. Бир кездерде эң арык жылдыздардын катарына кирген Еванын азыркы келбетин көргөндөр «мынчалык семирет деп ким ойлоптур?! Көзгө өөн учурайт экен» деген ойлорду айтышат. Ал эми ырчынын күйөрмандары «Еваны салмагы үчүн эмес, чыгармачылыгы үчүн сыйлайбыз. Ал семиреби же арыктайбы, биз үчүн ар дайым эң сексуалдуу айым» дешет.

КҮЙҮТТӨН ТОЙГОНУН БИЛБЕЙ КАЛГАН
Алпаруучу Дана Борисова дагы акыркы учурда толуп кеткен атактуулардын тизмесине тиркелип келет. Анын толуп кетүүсүнө турмушундагы өзгөрүүлөр себепкер. Өзүнүн айтымында, ал 15 килограммга семирген. Дана жарандык никедеги жолдошу Максим менен ажырашканда депрессияга кабылган. Акчанын тартыштыгынан, кызы менен жалгыз калганынан улам тамак жегенин көзөмөлдөй албай, тойгонун билбей калып жүрүп толуп кеткен.
Дана Борисова: «Ооба, мен өзүмдү таштап жибердим. Аял үчүн жалгыз калуу эң кыйын экен. Мен тургай, кызым да депрессияга кабылды. Эми көз жашым кургап бүттү. Жашоого жаңы дем менен келип отурам. Негизгиси, сүйүүдөн көңүлүм калган жок. Кайрадан сүйүүгө жолуктум. Мындан ары алдыма максат койгом, арыктайм! Бассейнге жазылып койдум, күндө кечинде чуркап жатам. Кыскасы, Дана кайра жашоого кайтууда»,- деп баштады.

ЖАКШЫ АДАМГА ЧОҢ ОРУН
Ашыкча май менен «дос» болгондордун дагы бири – Сергей Жуков. Ал «Руки в верх» тобунун тарашы менен баарына кол шилтеп, өзүнө кам көрүүнү унуткан. Мунун себеби жашы өтүп бара жатканындабы же мурдагыдай популярдуу болбой калгандан стресске кабылганбы, айтор, ал Сергейдин өзүнө гана белгилүү. Бирок ал өзүнүн толуп кеткендигин кемчилик катары санабайт. Тескерисинче, «жакшы адам бул дүйнөдө чоң орунду ээлеши керек» деп тамашалап жүрөт.

ИЧИНДЕГИ МАЙЛАРЫН АЛДЫРГАН
«Орусиянын жеңеси» («Сваха России») атка конгон Роза Сябитованын дагы бир топ ашыкча салмагы бар эле. Бул айымдын "томпоктугу" атактуулугуна тоскоолдук кылганбы, айтор, ал өзгөчө кадамга барган. Башкалардан айырмаланып, диетага да отурбай, спорт менен да алектенбей, барыптыр да, шарт абдоминопластика (курсактагы ашыкча майларды алдыруу) жасатыптыр. Кантсе да айланасындагы адамдар Розанын бул кадамын жакшы кабыл алышкан. Операция жолу мененби, айтор, «дагы бир-эки жеримди оңдоп-түзөп алсам, арманым жок эле» деген оюн билдирген.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
08.04.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза сонун болуп калыптыр
08.04.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоскол болуп,Озу деле кыйналып кетсе керек?
09.04.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сергей Жуков мага аябай жагат озу да ,семирсе да,ырлары да...
09.04.2013. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бадыева кошулбаптыр тизмеге
09.04.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ева кантет ай, салмак адамдын кебетесин ушунчалык озгортоорун билбеген экем напсини тыя билиш да маанилуу экен пай пай стресс мстресс болуп турса керек ээ
10.04.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mahabat. Kandai4a Badyeva kowulbaptyr degeniniz??? Antip syn taksanyz erten Kudai bawynyzga 2-ese kylyp berip koiot))
10.04.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо,бизде стресске кабылып,кыйналганда арыктап,зуба чистка болуп чыга келебизго,абулар толуп кеткени кызыккен,Анда биздин чиновниктерибиз элди кантип багам,кыргызстанымды кантип онуктуром деп стресске кабылып атып,кантип бок курсакка айланып калганын билбей калышат тура,эми тушундум.....байкуштардын элди ойлоп семирип жаткандарын;)))))
10.04.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, ха ха хааа, сизге +5
10.04.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kg.lady, олот ко андааа бир 10 15 жылдан кийин даже ак уйдун эшигинен батпаганынан кире же чыгалбай ,элди ойлой ойлой ак уйдун ичинде калып кетишеткоо кайран жандар быыш быш этишип
11.04.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, коментинди окуп алып аябай кулдум. Сонун екен. Туура айтасын
10.04.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg lady ха ха туура айтыптырсын
12.04.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээй эн негизгиси адамдын козун май баспасын, калганын ондоп тузоого болот ;)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо