Камчы Сарыбаев:«ЖЫЛАНДЫН ТЕРИСИН ҮЙЛӨП, ЭЖЕЙЛЕРДИН СУМКАЛАРЫНА САЛЫП КОЙЧУМУН»

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Рубрикабыздын бул жолку коногу – белгилүү актёр, шайыр ди-джей Камчы Сарыбаев. Каарманыбыз менен биргеликте балалыктын ары таза, ары кыялкеч айылына сапар алмакчыбыз.

«ЧОҢ ЭНЕМЕ ДАГЫ ДА КИЧИНЕ БАЛАМЫН»
– Балалык кезди кимдер эстеп, кимдер гана сагынбайт. Балалыгым Тоң районунун Ак-Сай айылында өттү. Чоң ата-чоң энемдин эркеси болуп, алардын колунда өстүм. Ата-энемди 8-класска чейин «байке», «эже» деп жүрдүм.
Кичинемде арык, кичинекей, бирок өтө өжөр болгонум үчүнбү, чоң атам Сарыбай мени «чий балбан» деп коёр эле. Ал кишинин көзү өтүп кетти. Мүнөзүмдүн калыптанышына ошол адамдын таасири чоң болгон. Ал эми чоң энем Бүбүкан азыр деле "6 ай мурун баланчанын баласы үйлөндү эле" деп катып койгон чучук, таттууларын колума карматып, эркелетип турат.

«АДАБИЯТ САБАГЫН ЖАКШЫ ОКУГАМ»
– Балалыгымда тентектиктин планын жакшы эле толтурдум көрүнөт. Эсимде, мектепке барганда бала бакчадагы досторум «б» класска, мен «а» класска бөлүнүп калганым. Ошондо тентектигим үчүн урушкан Гүлжан эжейимди шылтоолоп, «б» класска барып отуруп алгам. Аным аз келгенсип, ал эжейимди чоң атама айтып, уруштургам. Бирок тентек болгонум менен, 8-класска чейин жакшы окудум. Адабият, тил сабактарын чакчумун. Ал эми өздөштүрө албаган сабактарда дароо жакшы окуган окуучулардын жанына отуруп алып, шакылдатып көчүрчүмүн. Математикада Самаранын, физикада болсо Кылыч деген классташымдын жанынан чыкчу эмесмин.
Жыланды өлтүрүп, терисин сыйрып, үйлөп эжейлердин сумкасына салган, класстын эшиги ачылбаса "сабак болбойт" деп анын ачкыч салынчу жерине ширеңкенин чийин тыккан күндөрчү?! Ушундай жоруктарым үчүн апамды мектепке канча чакыртышты. Ал медпунктта врач болуп иштечү. Апамды же өзүм чакырбайм, же чакырганы бара жаткан кыздарды жөн койбойм, «чакырсаң өлдүң, районго отчётко кетиптир дегин» деп коркутуп.
Үйдө болсо эч ким жокто иним, карындашым үчөөбүз газга колубузга тийген эттен шишкебек бышырып жечүбүз. Апам билсе урушат да, ошондуктан үйдүн терезелерин ачып коёр элек.

«АКЧАМ ЖОК, КОНЦЕРТКЕ ЧҮКӨЛӨРҮМДҮ БЕРИП КИРГЕМ»
– «Офицерлер» тасмасын көргөн соң аскер адамы болом деп чыктым. Кийин Суворов атындагы училищеге тапшырдым. Ал жерде да концерттерди уюштуруп, үйлөмө аспаптар оркестринде ойночумун. Бирок адам жүрөгүнүн каалоосу аткарылмайын өз ордун издеп жүрө берет экен. Ошентип жүрүп Искусство институтуна тапшырдым. Мен кичинемден эле ушул тармакка жакынмын десем да болот. Жалгыз калганда идиш-аяктарды чогултуп, аларды ургулап, өзүмдү оркестрде ойноп жаткандай элестетер элем. 4-5 жашта болсом керек, айылга оркестрдин коштоосунда концерт келип калды. Чоң атамдан акча сурасам бермек. Оюмда жибербей коюшат дедимби, айтор, үйдөгүлөргө айтпай кетип калдым. Барсам, «акчаң жок» деп киргизбей коюшту эле, үйдөн 20дай чүкө алып барып берип киргеним эсимде.
Кийин айылыбызда «Үмүт» ансамбли түзүлүп калды. Барчын деген кыз экөөбүз ырдачубуз. Бир жолу сахнада «эй, көк жылгаяк» деп ырдап жатсам бир эже сирень гүлдөрүн берип, бетимден өпкөндө делөөрүп, толкунданып, ырымдын калганын унутуп коюп, тил уккам.

Гүлназ Атантаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
08.04.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боорду эзет да турушу!:D
08.04.2013. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да таланттуу инсан, уй-булоолук бакыт калаайм!
08.04.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз ава! Кафениз кайсыл жерде? Билгендер болсо жазып койгулачы сураныч, мен да шашлыкты аябай жакшы кором!
09.04.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bekush, ой садага болойунум.Ава дебей байле ле дечи!
09.04.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mambo87kg, байке дегеним:)
09.04.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mambo87kg, dagy bir "tip" !!! kyzyksynar e, kim emne dep aitsa oz erki, je senden surasynby?
09.04.2013. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул актер мага такыр жакпайт деп коюп,бир жолу бироодон катуу тил уккам.
09.04.2013. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул актерду корсом эле кулкум келе берет))))))))))))))))))))
09.04.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun akter da)))
09.04.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага жагат, турган турушу эле кулкумуштуу го.
09.04.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу актерлордун бири, Көк салкындагысычы, тим эле укмуш )))
09.04.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
омурун берсин балдарынын, атага тен уул болуп чонойсун
10.04.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдо аба эле дейт мен билгенден)))
11.04.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан талантуу, ролдрун катыра аткарат. Ийгилик сизге!
11.04.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун актер коргон сайын кулкун келет. Кинону да катыра аткарат
12.04.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сырткы корунушу эле эмес мага адамдык сапаты суйлогону да жагат. ролдору кулкулуу болгону менен турмушка салмактуу караган инсан болсо керек деп ойлойм
12.04.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Degi bala kezinde ele shumpai kishi eken da, azamatsyz.
13.04.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кргондо эле конулум которулот талантынызга мин таазим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо