КАЙСЫ ДУБАНДА ТОЙ АРЗАН?

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Жети дубандын кайсынысында үйлөнүү кымбат? Бул үчүн облустардын шаарларынан алынган бааларга таянып, 200 кишилик үйлөнүү тоюна сарпталуучу чыгымдын баасын эсептеп көрдүк.

БАЛ АЙЫ
Бал айында экзотикалык өлкөлөргө (Бразилия, Индия, Малайзия, Таиланд сыяктуу) саякаттоо (7 күндөн 10 күнгө чейин 2 кишилик жолдомо)1500 доллардан башталат.

ДАСТОРКОН
200 кишилик дасторкон үчүн:
Нан (боорсок, нан, санза, кытырак, чак-чак, бахлава, булочка жана башка. Булардын айрымдары сатылып алынса, айрымдарын үйдөн даярдаса арзан түшөт) орточо – 5000 сом
Таттуулар – 3500 сом
Торт – 6000 сом
Эт ассортиси – 500 сом
Эт азыктары (балык, тооктун буту)
7000 сом
Салат (кафеден заказ кылынган салаттардан сырткары өзүңүз эки-үч түр салат кошсоңуз болот)3000 сом
Беш бармак (мал союлгандыктан, эт сатып алуунун кереги жок. Болгону, кесме талап кылынат)
500 сом
Мөмө-жемиштер –
8000 сом
Ичимдиктер – 15 000 сом
Кургак мөмө-жемиштер – 8000 сом
Суусундуктар –
4000 сом
Жалпы – 60 000 сом


КАФЕ-РЕСТОРАН ЖАНА КЫЗМАТТАР (СОМ МЕНЕН, ОРТОЧО БААЛАРЫ)

Чүй
Бир кишиге – 1000 сом, 200 кишиге 200 х 1000 = 200 000 сом
Кыз менен бала отуруучу орундуктун жасалгасы – 5000 сом
Тамада+музыканттар – 15 000 сом
Элге таанымал ырчы – 10 000 сом
Бийчилер – 8000 сом
Фотограф+видеого тартуу – 10 000 сом
Тойдо өткөрүлүүчү оюндарга белектер – 10 000 сом
Чакыруу баракчасы – 100 даана, 1 даанасы (эки кишилик) 50 сомдон – 5000 сом
Дасторкон – 60 000 сом
1 жылкы – 80 000 сом
Жалпы: 403 000 сом

Кошумча шаан-шөкөт
Салют – 4000 сом
Асманга учуруучу оттуу шарлар – 1 даанасы 400 сом, 10 даана х 400 = 4000 сом
Жалпы: 5000 сом
Жалпы сумма (үлпөт кийим, сейилдөө, кафе, ресторан, кызматтар толугу менен эсептелди): 465 870 сом же 9725 доллар

Ысык-Көл
Бир кишиге 500 сом, 200 кишиге 300 х 500 = 150 000 сом
Кафе жана кыз менен бала отуруучу орундуктун жасалгасы – 4000 сом
Тамада – 5000 сом
Музыканттар – 4000 сом
Элге таанымал ырчы (Ысык-Көл аймагына таанымал)3500 сом
Бийчилер – 3500 сом
Фотограф – 3000 сом
Видеого тартуу – 5500 сом
Тойдо өткөрүлүүчү оюндарга белектер – 5000 сом
Чакыруу баракчасы – 50 сомдон 100 даана – 5000 сом
Дасторкон – 60 000 сом
1 жылкы – 80 000 сом
Жалпы: 331 500 сом

Кошумча шаан-шөкөттөр
Салют – 3000 сом
Асманга учуруучу оттуу шарлар – 400 сомдон 10 даана – 4000 сом
Жалпы: 7000 сом
Жалпысынан (үлпөт кийим, сейилдөө, кафе, ресторан, кызматтар толугу менен эсептелди): 377 534 сом же 7881 доллар

Нарын
Бир кишиге 600 сомдон болсо, 200 кишиге – 120 000 сом
Тамада+музыкант – 10 000 сом
Видеого тартуу – 4000 сом
Фотограф – 50 сүрөт – 2500 сом
Ырчы – 20 000 сом
Бийчилер – 3000 сом
Чакыруу барагы – 50 сом, 100 даана – 5000 сом
Тойдо өткөрүлүүчү оюндарга белектер – 5000 сом
Дасторкон – 60 000 сом
1 жылкы – 60 000 сом
Жалпы: 287 000 сом
Жалпы сумма (үлпөт кийим, сейилдөө, кафе, ресторан, кызматтар толугу менен эсептелди): 321 184 сом же 6705 доллар

Талас
Бир кишиге 700 сомдон болсо, 200 кишиге – 140 000 сом
Жубайлардын отуруучу орундуктарынын жасалгасы – 3000 сом
Тамада+музыкант – 10 000 сом
Фотограф+видеого тартуу – 8000 сом
Белгилүү ырчы – 20 000 сом
Чакыруу барагы – 50 сомдон 100 даана – 5000 сом
Тойдо өткөрүлүүчү оюндарга белектер – 5000 сом
Дасторкон – 60 000 сом
Союш – 70 000 сом
Жалпы: 316 000 сом
Жалпы сумма (үлпөт кийим, сейилдөө, кафе, ресторан, кызматтар толугу менен эсептелди): 363 834 сом же 7595 доллар

Жалал-Абад
Той өткөрүүчү жайдын ижара акысы – 100 сомдон 200 кишиге – 20 000 сом
Тамада+музыкант – 10 000 сом
Элге таанымал ырчы – 9000 сом
Бийчилер – 4500 сом
Фотограф+видеого тартуу – 12 000 сом
Тойдо өткөрүлүүчү оюндарга белектер – 5000 сом
Чакыруу баракчасы – 20 сомдон 100 даана – 2000 сом
Дасторкон – 100 000 сом
1 жылкы – 70 000 сом
Жалпы – 235 500 сом

Кошумча шаан-шөкөт
Салют – 5000 сом
Асманга учуруучу оттуу шарлар – 400 сомдон 10 даана – 4000 сом
Жалпы: 9000 сом
Жалпы сумма (үлпөт кийим, сейилдөө, кафе, ресторан, кызматтар толугу менен эсептелди): 331 168 сом же 6915 доллар

Ош
Киши башына – 500 сомдон 200 кишиге – 100 000 сом
Кыз менен жигит отуруучу орундуктун жасалгасы – 3000 сом
Тамада+музыкант – 10 000 сом
Белгилүү ырчылар – 10 000 сом
Бийчилер – 3000 сом
Фотограф+видеого тартуу – 12 000 сом
Чакыруу баракчасы – 50 сомдон 100 даана – 5000 сом
Дасторкон – 60 000 сом
1 жылкы – 70 000 сом
Жалпы: 273 000 сом

Кошумча шаан-шөкөт
Асманга учуруучу оттуу шарлар – 400 сомдон 10 даана – 4000 сом
Жалпы сумма (үлпөт кийим, сейилдөө, кафе, ресторан, кызматтар толугу менен эсептелди): 319 584 сом же 6671 доллар

Баткен
Кафенин арендасы – 7000 сом
Кыз менен жигит отуруучу орундуктун жана коноктор отуруучу орундуктардын жасалгасы (гүл, шар, лента жана башкалар)1500 сом
Тамада – 4000 сом
Музыканттар – 3000 сом
Фотограф – 3000 сом
Видеого тартуу – 5000 сом
Тойдо ойнотулган оюндарга коюлган белектер той ээси тарабынан берилет – 5000 сом
Чакыруу баракчасы – 1 даанасы 15 сомдон 100 даана – 1500 сом
Дасторкон – 100 000 сом
1 уй – 42 000 сом
Жалпы: 172 000 сом
Жалпы сумма (үлпөт кийим, сейилдөө, кафе, ресторан, кызматтар толугу менен эсептелди): 210 484 сом же 4394 доллар

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(50)
09.04.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акчан болсо го жакшы.анан акчасы жоктор да байларга тенелип кымбат той берип алып кийин,карыз болуп же такыр эчтекеси жок калып.анан эки жашты москваны коздой айдагандар канча.
09.04.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ой иии биз ушундай калкпыз даа Кыргыз эли озгочо,
Менин айтаарым акчасы барлар ачылып чачылып откоро беришсин, акчасы жоктор алы жеткенче чакан жакшы той кылып откорушсун.
09.04.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарынан да артын караш керек артын)))Баягы Алыбек алына Жаныбек жайына караш керек дегендей,карызга батып эсте калгандан коро алынарга чактасанар баары эсте калат)М:ошончо топтогон акчанды элдин эсинде калам чачып жибергенин мн алганын же тийгенин кандай чыгат?Ошол элге чачкан акчана там ал,жер ал дегендей,элге эмне ичип-жеп кетишет ошондо да узун сабак созу,таарынычы менен.Мисалы чачпай туруп эле тууган-уруктун,элдин батасын алса болот,негизгиси кеп бактылуулукта да атасынын кору...
09.04.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кийин балдарыма эмнени айтам! Ушул да сурообу кыздар терен ойлонгулачы. Балдарга ыймандуу, акыл-эстуу ата-эне, жаркын келечек керек, а коп акча чачып той кылган ата эне эмес.
10.04.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А Эрмек эмнеден улам биринчи кызы(Динара болуш керек эле аты) менен суйлошпой калганын билбейсинерби?
10.04.2013. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болсо той кылып чачканга эмне жетсин,бирок колунда жокторго кыйында.Андан да жаманы шикарный тойдон кийин,ажырашып кеткени жаман болуп жатат....
10.04.2013. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунча чыгымдын эмне кажети бар деймда, Куру намыс, тиги бу деп журуп олуп кетет экенбиз эми.
10.04.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куйоо балабыз синдимди дунгуротуп той менен алып кетти,анан тойдун карыздарын узойун деп, Маскооону коздой жоноп кетти,Байкуш синдим суйгонум эртерээк келсекен деп саргайып кутуп отурган чагы......ушу жакшыбы эми?
12.04.2013. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
андан кору мусулманча эле уйлонгон жакшы.бир кой союп,чакан дасторкон жайып,жакын туугандарын келип никелешип эле.азыр акча чачат турган мезил эмес.жашоо кыйын.акчан болсо албетте жаркылдатып той кылсан болот.
12.04.2013. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андан кору мусулманча эле уйлонгон жакшы.бир кой союп,чакан дасторкон жайып,жакын туугандарын келип никелешип эле.азыр акча чачат турган мезил эмес.жашоо кыйын.акчан болсо албетте жаркылдатып той кылсан болот.
12.04.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин тагам кузундо уйлонгон,озу намаз окуйт тойунда дасторконго бир да арак койулган жок,кундузу бир жакшана болуп эле ойноп кечиндеси жалан достору женелери кыздын достору эле кафеде ойноп отуруп келишти ал жердеда бир да арак койулган жок,а калган акчасына Бишкектен уй алды,азыр бир жакшына жашап атышат
13.04.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
200 киши аябай эле көп, анын ичинде экөө тең тааныбаган тээээ алыскы туугандары да бар. Андан көрө жакын достор жана үй-бүлө мүчөлөр мн эле чакан тоссо болот. Калган акчага жаштардын өз керегине жумшаса сопсонун эле жашап кетет.
15.04.2013. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwuncha tytynyp kun bilbey tun bilbey iwtep,tem bolee chet olkodo kiynalyp tapkan akchandy kaydagy taanybagan tuugandar kelip bir neche saattyn ichinde kelip jep ketkeni obidnago,jon ele jakyn tuugandaryn chakyryp,alardyn batasyn alyp degendey,tynch ech kanday jindi suusuz otkonu jakwy emespi.En bawkysy baktyluu bolson bolgonugo!?Toydun ertesi da bolot oylongula!
16.04.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун тойго мынча чыгым кетиришет, андан коро ошол кеткен акчаларга оздоруно керектуу буюм алып алышса болбойбу???
16.04.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таласа белек 5000 сомголе келет деп жазгандан мурун жакшылап сураштырса болмок экен.5000 сомду 1 эле кишиге берип коюшу мумкун ал жакта...
16.04.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо эмне Таласта куюлуууууп жатат бекен хи-хи
25.04.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элге эмне? ичип -жеп кетишет? мындай суроо берген адамдардын ою кыска болсо керек менин оюмча.Жашоого бир келген сон рахатттанып жашаш керек, жакшы адам жакшы нерсеге умтулат, жакшы нерсени самап ошол нерселерге жетууну ойлонуштурат. Ким айтты аз акча кетирип, кичине той кылганда ажырашпайт деп.Ажырашуунун 1-себеби 2 адамдын тушунбостугунон андан да тушунушту да каалабагандыктан, бири-бирине жардам берип ар дайым колдой албагандыктан, калп айтып эптеп эле жашагандыгынан десем жанылышпасам керек.
25.04.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны эмне учун табасыныр? ой, коп акча сарптадым эми ушу менен ажырашып кетсем анын баары текке кетет го деп ойлойсунарбы...
25.04.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ден соолугунар чын болсо, ынтымакта чогуу нормально иштесенер 1 эле жылда ал акчаны толуктап коёсунар...
25.04.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан да эмне чет олколордо иштегендер эмне жаман болуп атабы...алар оз колу менен ойлогон-ой максаттарына жетиш учун акча таап атса керек
25.04.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии, дагы таныбаган адамдар жеп-ичип кетет? эмне адам туулганда ата-энесин, же бир туугандарын таанып туулду беле? адам менен адам болосун ошентип карым катнаш деген тузулот, дагы айтып кетуучу нерсе туугандарынды тааныбаганга ким куноо? же жаман тууган деп жакшы тууганын бироо сага береби?
25.04.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого сый коргозсон, сый аласын жадырап жаркылдап оз жолундо туз журуп жакшы ниет-тилек менен жашасан: кайсыл жерде болбосун бирде болбосо бироо албетте озунон башка адам эстегенде ичинен ой ошондо момундай болду эле деп ичинен кулуп бактылуу кунду эстесе бул канадай деген соонун ... ал эми жаман адам ошондо да жаман соз айтат ой мынча акча кетири, ой анан тигинтип мунун эмне кереги бар деген адамдар ичи таар, анан да болсо озу кылмак тугур ою да жетпеген адамдардын созу, кылыгы...
25.04.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу омур жок , бактылуу мооноттор бар ишенбесенер откон кеткенди эстеп ойлонуп корсонор..бир нерсени каалап ошол нерсе ойдогудай же андан да сооонун болгондо кандай бактылуу эленер...жылмайдынарбы во мына ошол мооноттор отконо бирок ар дайым ушундай бир эргуу менен эстеп ичтен тымызын кулуп алабыз..
25.04.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми бул создор менен мен прям шикарный той жазаш керек дебейм просто айтайын дегеним тытынсан да , тытынбасан да , кааласан да каалабасан да шикарно жашасан да, эптеп жашасан да бир жерге барабыз..бирок ошого чейин бактылуу жашаш ар бир адамдын колунда
25.04.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тапканынар жакшылыктарынарга иштетилсин...
05.05.2013. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооой мен бироонун баласын мындай той кылабыз деп кыйнабайм жон эле тийем го айтып аттым эле мынча машина болот тоюбуз мындай болот деп акча табыш деле оной эмес да билинбегени менен бир топ эле акча кетет тура
29.07.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи кээ жерин ашатып кээ жерин жеткизбей анык сндарды жазышбаптыр...Н: Чуйдо ырчы 10000 сом турса Нарында кайдагы 20000 мин болот????
18.09.2013. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билишимче Баткенде да когучкон учурулчу эле.эмнегедир бул талицада коргозулбоптур.же суперчилер жакшы сурамжылаган эмеспи айтор кемсинтип коюпсуздар.так ни честно
27.08.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалалабадта бир кишиге 350сом толой турган ресторандар да бар 200x350=70000, кайдагы 20мин, жетпейт ал!
30.08.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенге келип уйлонуу тоюн откоргуло! Арзан тушот))) тамаша
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо