Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАЗГЫ ЧӨПТӨР – УНИВЕРСАЛ ДАРЫЛАР

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Берилген рецепттерди окуган айрымдар мурдун чүйрүп, “кызык, чөп жеп?..” деп айтышары бышык. Минтип ойлогондор чоң жаңылышат. Анткени мөмө-чөмө, жашылчалар бышканга чейин дал ушул чөптөр бизди табигый витаминдер менен камсыздай алат.

«УНИВЕРСАЛ» ТУУРАМЖЫ
Бул туурамжыны «универсал» деп атап койдум. Анткени ушул эле туурамжыдан бир нече даамды жасоого болот.
1. Алгач чөптөрдү 3-4 жолу муздак сууга жууп алабыз.
2. Аларды майда туурап, казанда 5-6 мүнөткө демдейбиз. Чөптөрдүн өзүнөн шире бөлүнүп чыккандыктан, эч кандай май, суу кошпоңуз.
3. Демделген чөптөр бир аз муздагандан кийин сыгып алабыз. Ачуу даам ширеси менен чыгып кетет. Буга куурулган пиязды кошуп аралаштырсак, туурамжыбыз даяр болот.
Туз-мурчу жок кандай туурамжы деп таң калдыңызбы? Чөптөрдүн дарылык касиети көбүрөөк болсун дегендер дал ушундай ыкмада жасашат. Айрымдар табитине жараша мындай туурамжыга туз, мурч, куйрук, эт, жумуртка, картошка кошуп жасаары белгилүү. Апаларыбыз адамдын ден соолугуна карап, ысык-суук тамак деп бөлүп, даамдардын түрлөрүн жасап келишкен. Мисалы, чабаты, самсаны ысык, ал эми чүчпара, оромону суук тамак катары пайдаланышкан. Камыры кадимки мантыныкындай эле жуурулат.

ЧҮЧПАРА
Жасоо ыкмасы:
1. Камырды жука жайып, 3Х3 өлчөмүндө чакмак түрүндө кесип алабыз.
2. Ар бирине туурамжыдан салып, чүчпара түйөбүз.
3. Эми кайнап жаткан сууга бир аз туз жана өсүмдүк майынан куюп, бышырабыз. Даяр болгон чүчпараны каймак менен берген ылайыктуу.

ОРОМО
Жасоо ыкмасы
:
1. Камырды жука жайып, бетин каймак менен майлаңыз.
2. Андан соң бетине туурамжыдан себелеп, ороп, манты касканда 30 мүнөт бышырып
алыңыз.
3. Бышкан оромону кесип, атайын чыктар, кетчуп, каймак менен берүүгө болот.

ЧАБАТЫ ЖАНА МАЙ ТОКОЧ
Жасоо ыкмасы:
1. Камырды майда бөлүктөргө бөлүп, ар бирин тегерек кылып жайып алуу керек.
2. Камырдын бир бурчуна даяр туурамжыдан салып, четин бекитүү абзел.
3. Казанды бир аз майлап, кызыган соң алгач токочтун бир жагын, андан кийин экинчи жагын кактап бышырыңыз. Бул камырды кызыган майга салып, май токоч да жасасаңыз болот.
4. Чабаты ысык кезинде үстүнө бир аз сары майдан же каймактан сүйкөп дасторконго койсоңуз болот.

ЧӨПТӨРДҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

ЧАЛКАН – гемоглобиндин санын көбөйтөт жана кандын курамындагы кантты азайтат. Мындан тышкары анемияда, бөйрөк, табарсык, боор, өт ооруларында кеңири пайдаланылат.

 

КААКЫМ – холециститте, боордун циррозунда, шишиктерде, муун оорусунда жана башкаларда пайдаланылат. Сергитүүчү, иммунитетти чыңдоочу каражат.

АТ КУЛАК – тамак сиңирүүгө пайдалуу жана канды көбөйтүүчү касиетке ээ. Жаш балдардын боюнун өсүшүнө да жардам берет.


АЛАБАТА
– тырмак жана чачтын өсүшүн жакшыртат, тиштин бүйлөсүн бекемдейт. Калориялуу, адамды ток кармайт.

ЖАЛБЫЗ – жүрөк айланган учурда жакшы даба болуп берет. Эт ысыганда, муундар ооруганда жана депрессиядан арылууда колдонулат.


КОЙЧУ БАШТЫК
– залалдуу шишикте, ич өтүүдө, кызыл жүгүрүктө, жүрөк, боор жана муун оорусунда пайдасы чоң. Өт жана бөйрөктү тазалоочу, организмден шлактарды чыгаруучу да касиетке ээ.

БЕДЕ – канды тазалап, өттүн, жүрөктүн жана ичегинин иштешин жакшыртат.

Эскертүү! Дары чөптөрдү өз алдынча колдонуудан мурда дарыгерден кеңеш алуу кажет.

ТУУРА ТАНДАҢЫЗ!

  • Абайлаңыз! Өзүңүзгө керектүү чөптүн дал өзү экендигин аныктап, анан үзүңүз. Анткени уулуу чөптөр да бар экенин эске алыңыз.
  • Чөптөрдүн жаңы чыккандарын гана терүү керек. Сөңгөгү катып калганда даамы ачуу боло баштайт.
  • Чөптөрдү таң эрте терүү туура. Жолдон алысыраак, мал, ит көп жүрбөгөн жерлерден терүүгө аракет кылыңыз.
  • Терилген чөптөрдү кагаз баштыкка же себетке чогултканыңыз оң. Анткени темир, жез идиштерге салганда кычкылдануу жүрүп кетиши мүмкүн.
  • Чөптөрдүн ичинен ат кулак кычкыл келет. Ошондуктан кычкылды жактырбагандар азыраак пайдалануусу кажет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
09.04.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чоптордун уулу заты барбы.?жооб берип койсонуздар
09.04.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок. Чоптор жуулуп тазаланган сон демделет. Ошондо ачуу даамдары чыгып кетет. Ох, жегим келип кетти
10.04.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй, соонун да бул нерсе. мен бир жолу шоро менен жасап коргом, чебуреки. соонун болот!
10.04.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин крда толтура чоп деген коптогон чоптордун атын билбейбиз витаминдин баарын эле мал жейт ...чоптордун аттары ж,а суроту мн эмнеге пайдалуу ж б китеп издеп дуром 4 5 жылдан бери фармацефтер бербей кыйнап атат дагы башка билгендеринерди жазып койгулачы ...чоон рахмат


10.04.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто жаз сайын жешет. Бул бизге салт да.. Атам эле витамин десе ишенбечумун, чын эле экен да..
10.04.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ошентип тамак жасайын деп,чопторду терип журсом,коншу келиндер(колдук келиндереле):Ай эмне кылып жатасын?дейт,Тамакка жасайм,десем,чоптонда жасайт бекен?,кантип жейсинер,жиркенбей?!дейт
мурдун чуйрушуп,Даяр болгондо ооз тийгизсем,шумдук даамдууго,деп талашып жешкенеле;))))))
13.04.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда ысманак деген чоп бар даамы соонун !
21.04.2013. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой жазда келип калды,смалак,чирич деген чоптор бар эле аябай сагындым,коп жылдар болду жебегениме.апетитим ачылып диетаныда унутуп кеттим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо