ЖАЛАЛ-АБАД АЭРОПОРТУНУН АБАЛЫ КАНДАЙ?

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Көптөр, Жалал-Абадда жашагандар деле шаарда жайгашкан аэропорттун абалы менен жакшы тааныш эмес. Келиңиз, бул жолу чогуу Жалал-Абад шаардык аэропортуна саресеп салалы.

Аэропорт 1975-жылдары курулуп бүтүп, колдонууга берилген. Жалпы аянты 79 гектар. Жалпысынан алганда 10 кызматкер эмгектенген жай өтө чоң эмес болсо да, тыкан. Аэропорттун жетекчиси ЗАКИР МАМАСЕИТОВДУ сөзгө тарттым.
– Бул жерде жетекчи болуп иштегениме 20 жыл болду. Бир бөлүм аэродромдук кызмат бөлүмү аталып, учуп-конуу тилкесин тазалап туруу менен алектенишет. Ал эми учак конуусун текшерип турган адамдардын тобун кошумча бөлүм деп коёбуз. Андан тышкары коопсуздук бөлүмү бар, алар жүргүнчүлөрдү кароодон өткөрүп, алып өтүүгө
мүмкүн болбогон жүктөргө текшерүү жүргүзүшөт. Техника боюнча кароо, кароол бөлүмдөрү да күчтүү тартипте кызмат кылышат.

– Учактарды кароодон өткөрүү да сиздердин милдетке киреби?
– Жок. Базалык аэропорт Бишкекте болгондуктан, бизге ошол жактан кароодон өткөрүлгөн учактар кызмат кылат.

– 20 жылдан бери иштейт экенсиз, кооптуу учурлар болду беле?
– Техника бар жерде кооптуу кырдаал болот. Бирок мен бир жолу гана учак кырсыгына күбө болгом. 1997-жылы учак учуучу тилкеден чыгып кетип, аварияга учурап, бактыга жараша жүргүнчүлөр аман калышкан, бирок учак жарактан чыккан.

– Кандай учактар кызмат көрсөтүшөт?
– Учурда Швеция өлкөсүндө чыгарылган SAAB-340 үлгүсүндөгү 34 орундуу, бардык талапка жооп берген учак менен бир жумасына 4 жолу каттам болот. Жалал-Абад-Бишкек багытында 4 каттам жумасына жана Жалал-Абад-Казарман каттамы бир айда 2 жолу жүргүзүлүүдө.

– Жүргүнчүлөргө кандай ыңгайлуулуктар бар?
– Бардык шартты камсыздап бергенге аракет кылабыз. Өзүбүз демилге көтөрүп чыгып, намаз окуучу жай даярдатып койдук. Ошондой эле балалуу аялдар отуруучу жай бар. Негизинен, биздин аэропорттун шарты эл аралык стандартка жооп бербесе да, аракет кылып эл үчүн ыңгайлуулуук түзүүгө күчүбүздү жумшап келебиз.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(11)
08.04.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалалабадда аэропорт бар экенин билбептирмин. Жакшы да ушунча иштеп турат экен.
12.04.2013. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatar1103,
Эми билип журунуз)
08.04.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
СССРден калган эски калдырап-шалдырап тогулуп-чачылып калган ЯК-40 тор каттачу эле, а азыр женил самалёттон 4-5 каттап калган
08.04.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самалёт менен, Бишкектен Жалал-Абадка кокто учуу убакты аралыгы 45 минут. Автомобилде 12 саат 620 км
09.04.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat_bed, 45 minutada jalalabadka emes batkenge jetet dep ukkan bol4um
09.04.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самолетко карайт да
09.04.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жол кирее акысы кандай болду экен?
10.04.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштебей калды дешкенеле,дагы жакшы иштеп жатыптыр....
11.04.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээээ .... ушинтип дейберсе самолеттор бат , иштен чыгыш мумкун да...
12.04.2013. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bar mvmkvnchvlvktv jakshy paidalanyp jashoo kerek. birok baary nerseler zamandyn talabyna ylaiyk janylanysh kerek.
12.04.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2900сомдон 3600сомго чейин джб биш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо