ГҮЛЖИГИТТИН МОНОЛОГУ... ТИКО ЖАРАТКАН«БАРДАК»

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Кечигүүнү айтпайм деп чечтим. Анткени кечикмей сахна артындагы «мына жеттим. Пробкада турам» деген концертке келчү коноктордун адаты, шылтоосу. Мындайда концерт койчу ырчыны күнөөлөш туура эмес. Гүлжигит Сатыбековдун концертин сахнага батпаган бийчилер ачты. Улам ар кайсы ырга бийлеп, бири чыгып, экинчиси кирип отуруп 10 мүнөт бийлешти. Баарынан «Айда» отурган алпаруучу Нурзат Токтосуновага боорум ооруду. «Айда» дегеним, сахнанын төбөсүндө 15 мүнөттөн ашуун бутун салаңдатып отуруп, акыры «Күндөн бүткөн балаңар Гүлжигиттин концертине Айдан түшпөсөк болбой калды» деп түшүп келди.
Ырчылар концертинде «жаңы ырдын бет ачары, бүгүн эле жаза койдум» деп мактанышат. Гүлжигитте андай болбоду, биринчи бөлүгүндө асылзаттар тууралуу ырларды аткарды. Анысы жакшы, бирок элге алынган ырларын «десертке» сактабай, башында аткарса болмок.
Көңүлүн кыя албай конокторду толтуруп алабыз да, анан «жеке концертим» деп жар салмайыбыз бар. Муну менен «бул ырымдын аранжировкасын жазып берди эле, бул мага жардам кылды эле, чыга албай жүргөн баланы жакшы таанышымдын көңүлүн кыйбай чакырып коё берейин» деген артисттерге тиешелүү көрүнүштү айткым келди. Калкка ыры менен жакшы таанылып, же тескерисинче, ошол концертте өнөрүн көрүп «оо, өсө турган ырчы экен» дегидей болсо, анда кеп башка болмок. Нурзат айтмакчы, Гүлжигиттин концертине шоу-бизнестин 80 пайызы келишти.
Сахнада кимдин кантип, кандай кыймыл менен ырдаарын артист калкы менен аралашып жүргөн жаным билип бүткөм. Сыймык Бейшекеев шыпты тиктеп көзүн жумган боюнча берилип ырдайт. Расул Маматкулов «и жониңдан кана, кана» деп чакырык таштаса, жаш ырчылар «укпай жатам, Бишкек!» деп кыйкырышат. Эң эле оригиналдуусу Бактияр Токторовдун былкылдап-шылкылдап бийлегени. Асел Турдалиеванын сахнадан түшө калып элди кыдырып кетмей адаты бар. А Гүлжигит Сатыбековдун сахнанын сол капталынан жылбай ырдап, монолог айтып жаткансып ырынын тарыхын баяндаганын бүгүн көрдүм.
Гүлжигиттин ар бир ырында бир окуя камтыларын жана өзү жазарын билем, анысында кеп жок. «Сынды укканча мен ыр чыгарганым жакшы, жеңил ырды эл угат» деп айтканы да бар, анысына бир чети кошулам. Бирок кыргыз илгертен сөз баккан, сөзгө маани берген эл. «Жүгөрүнү мака дейт, байке дебей аке дейт» деп ырдаганына деле көз жумса болот, жеңил, тамашалуу ыр деп. Анткен менен «аа, тамашалуу ырлар көпчүлүккө жагат» деп темирден каарман издегенибиз туурабы өзү? «Чоңойгондо Жип болом, азырынча мен балакай Тико, Матиз деген акем бар, Дамас деген жеңем бар». Ооба, «тамашалуу ыр, не болуптур?» деп ийин куушуруп же жактырып ырдап күлөбүз. Бирок темирди жеңе, байке деп салыштырып ырдагандан кыйратып тарбия албайбыз.
Тарс эткендин баары тамаша. Ушул сөзгө жамынып, кээде аша чаап кеткен адат калбайт тура. Бизге эмне, күлө беребиз, боорубуз эзилбесе да ошондой түр көрсөтүп же чын жүрөктөн. «Чыныгы куудулдун тез таанылганы – ал ооз ача электе элдин оозу жалжайып калат» деген экен бирөө. Ошонусу чын, анткени куудулдар Абдылда, Күмөндөр, Тынар сүйлөй электе быкшыйбыз, анткени билебиз, алардын тамашасы күлкүлүү болорун. 1-апрель күнү – Алдамчы күн дейбизби же күлкү күнү дейбизби билбейм, айтор, концертке куудул кызды чакырыптыр. Билишимче, «Беш кемпир» деген Рахман Разыков түзгөн куудулдар тобунан чыккан Гүлжайна деген айым. Бир жигитти кызча кийинтип алып чыгып, анан экөө абысын айтыш кылып, кайненесин жамандаган тамашасы бар экен. Өткөндө бир концертте да ушул тамашасы менен чыкты эле, отургандар кызарып кеткенбиз. Эмнеге дейсизби, анткени бул айым адегенде эле «белден ылдый» сөздөр менен сүйлөйт. Машина менен келинди салыштырган «пошлый» тамашасы деги бир жакпады. Биздин катардагылар «ий, бетим», «тантыган неме экен го», «аял кишиге да ушинтип сүйлөгөн жарашабы» деп отурушту. Айрым эркектер айт-уйт болуп колдоп-коштоду, аларга жактыбы же эмне болду айталбайм. Анан да «Беш кемпирбиз картайган...» деп ырдап жатып эле «фигурабыз ниф...» деп «маданияттуу» сөгүнгөн сөзүн улам кайталап ырдаганда оозум ачылды. Ушул сөздүн эмнеси күлкүлүү, Кудайга тобо?!
Концертте Тико үлгүсүндөгү машинаны ойнотмок. Бир убакта Нурзат «Тикону утуп алам дегендер билетиңиздерге аты-жөнүңүздөрдү, телефон номериңиздерди жазып, сахнанын оң жагындагы урнага сала бериңиздер» деп койду. Сахнада Нурзат тааныштырган «көптөгөн фестивалдардын жеңүүчүсү» Арстан Абдылдаев деген ырчы ырдап жаткан. Эми элестеткиле, 1500 адам келген дейли, анын 300ү ары-бери билет салганы өткөндө эле кандай «бардак» болорун. Байкуш жигит ырдай берди, эл урнага билетин таштаганы жогорудан ылдыйды көздөй агыла берди. Акыры чыдабады көрүнөт, ырынын музыкасы бүтө электе ырчы сахнадан чыгып кетти. Концерттин бул күнүндө Тико ойнотулбай калып, экинчи күнүндө ойнотулду. Сахнага кичинекей кызды чыгарып, урнанын ичине салып туруп билетти сууруп чыкты. Тикого чүйлүк бактылуу көрөрман ээ болду.
Кыскасы, ак көйнөк, ак байпакчан Гүлжигит акчаны да, алакандан чыккан алкышты да жакшы эле таап кетти.

Толик сынчы
star@super.kg


Г. Сатыбековдун жеке концертинен репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(71)
09.04.2013. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба ушул токе жестоко сындайт да...билип турат эл что тамашалуу ыр экенин,сенин бир да концертти мыкты болду деп жазганынды окуй элек экенмин,же бизде ушунчалык даражадабы ырчыларыбыз мактаганга ылайыктуу ырдай алышпайбы?Гулжигит байке чыгармачылык ийгилик каалайм!
09.04.2013. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselayka, чындыгында эле татыктуу ырчы татыктуу,жогорку денгээлдеги концерт коро элекмин
09.04.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге жагат деп тантырап ырдай бербеш керек. Эл кулот деп уяттуу создорду айткандан абайлаш керек! Ал концертте кары-жашы, баласы-чакасы отурат кандай таалим алат.
09.04.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Моогурекини жазган авторду отургузуп алып,жаман коргон адамдарымы сындатып коюп отура беришим керек экен.
09.04.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Askaruli, ха ха 1 тоннага семирипаласын даа жыргаганынан , жаман коргон адамдарынын кулагы кызымак тургай ысытмасы 40ка чыгып кетмек,ырчы жо айтсак бу Гулжумпё акабиздин таланты бар пилагиат милагиат этпейле фирменный ырлары мн тико,мака, ака рассада расса
09.04.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
монолог айтып жаткандай (жаткансып) ырынын тарыхын баяндаганын көрдүм.
09.04.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле ашар концерттердин бири.
10.04.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эу туугандар бул деле made in china ырчы.карап тургула эл 1 жылда тажайт ушулардан.шек келтирип ырдаган ырчыларды жазалаш керек)))
10.04.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
беш кемпирдеги кыз мага да жакпады.
SUPER.KG видео
10.04.2013. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналист кыз жасалма суйлобой жакшыраак суйлосон болмок Сатибеков эмес Сатыбеков
11.04.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит байке эн сонун ыр жаратып келе жатат рахмат,А Толик сынчы озу качан эле бироонун концертин мактаганын кордунор эле ,элге жаккан учун ырлары Гулжигиттин анын ар бир ыры хит болуп жатат
11.04.2013. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женил ырды женил дейт да туура мен да кошулам женилдигине
11.04.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит алга. Дагыда укулуктуу ырларды жарата бер
11.04.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
базар жок сага
11.04.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжайнанын ошол тамашасынан башка эч нерсеси жок окшойт андан коро куудул болбой эле отура бер уйдо.
12.04.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнү эң соонун, уккуңду эле келтирет, бирок аккордеон менен совсем эле ырдай албайт экен и аккордеонду вообще ойной албайт экен... :(
SUPER.KG видео
12.04.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Үнү эң соонун, уккуңду эле келтирет, бирок аккордеон менен совсем эле ырдай албайт экен и аккордеонду вообще ойной албайт экен... :(
12.04.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары маанисиз бирок уккун келет деген эмнеси эптеп комент жазып шыбаш керек экен да бир бурчта компто отуруп алып ойлонуп окшой турган жазссанар
SUPER.KG видео
13.04.2013. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим жаман эле болуп бара жатат го ошондо эле кокурок бар болгонсуп жарашпааайт кыргыз кызына! Баарибир ДЖОЛИге окшошо албайсын.......
15.04.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик жакшы ырдайсын сен кысталак.
SUPER.KG видео
17.04.2013. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайыын мен ырчымын дегендин баары келген го))) Концерт жакшы болсо керек. Бишкекте болгондо бармакмын да(((
22.04.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерттерден калбай барам,бирок мындай концерт короэлек болчумун! Кыргыздар ээрчимейлигибизди токтотолу, бир Толик деген неме жазып койсо эле ээрчий бересинерби! Ушунун эле видео репортажында башка, эн сонун коменттер кетипатат! Гулжигит мырзанын ишине ийгилик, колунан келбегендер эчнерсе дебей эле кунунорду откорсонор жакшы болмок!
SUPER.KG видео
01.05.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай назиктин кыздары тим эле чимириле бийлеп концерттин коркун ачыптыр!А Гулжигит мага коп жага беобейт ырлары обондору бири бирине окшош!Бир эле ыры жагат Лейлектик кыз беле
SUPER.KG видео
01.05.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик !
10.05.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Нурзат Токтосунова кайда барса жанагы Арстан Абдылдаев деген жаш баланы кыстарып журот го эмнегедир?
SUPER.KG видео
19.05.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче мындай денгээлде концерт боло элек эле,азаматсын Гукубай)))))))
SUPER.KG видео
22.07.2013. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супппппппппппер мага аябай жагат баардык ырлары укулуктуу иштерине ийгилик уй булоолук бакыт каалайм ар дайым эл астында ырдап журо бер булбулдай унун очпосун
SUPER.KG видео
07.09.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aigerim kozdun uuchun alatko, chyrailuu kyz.
03.10.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жагат
SUPER.KG видео
09.12.2013. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхеее соонун болгон тура е ырчы деп ушуну айтыш керек. Ийгилик Гулжигит братуха©®
04.05.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уважаюу братан ийгилик
SUPER.KG видео
16.05.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик сизге Гулжигит ака!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо