Аида Кулуева:«ХАНЗААДАМДЫ ТАПКАМ, ЖҮРӨГҮМ БОШ ЭМЕС»

№544 5-11-апрель, 2013-ж

«Мактасаң сулуулукту жазда макта» деп созуп ырдаган бакыраң көз Аида Кулуева менен жаздын күнүндө сулуулук, чыгармачылык жана турмуштук жагдайлар тууралуу баарлаштык.

– Аида, кандайсыз?
– Жакшы, рахмат.

– Репертуарыңыздагы ырларыңыздын темасы өзгөрдүбү, балким, башка темага ыктагандырсыз?
– Баягы эле сүйүү жөнүндө, өзгөргөн деле жок. Бирок мурун кайгылуу ырларды көп ырдасам, азыр маанайды көтөргөн ырларга басым жасоодомун. Өзү ырчы бардык темада ырдай алыш керек. Келечекте жакшы обончулар менен иштешип, менин жан дүйнөмө, үнүмө же болбосо келбетиме туура келген ырларды аткарсам дейм.

– Өзүңүздүн талантыңызды сынап чет өлкөгө сынак-фестивалдарга катышуу оюңузда жокпу?
– Мен сынак-фестивалдарга кичинемден катышып көнүп калгам. Учурда сунуштар болууда, ойлонуп жатам. Бирок азырынча барууну көп деле каалабай элемин. Өзүмдүн талантыма ишенем, андыктан кароо-сынактарга баруунун деле кажети жок деп ойлойм.

– Кепти жеке жашооңузга бурсак. Кыялыңыздагы ханзаадаңызды таптыңызбы?
– Тапкам. Жүрөгүм бош эмес.

– Жакшы,той качан?
– Билбейм, эркек болсом дароо айтмакмын, «ушул айдын ушул күнү» деп. Кыз киши болгондон кийин алдын ала айтуу кыйыныраак экен. Буюрган күнү деп турайынчы. Жаш кезде сүйүнүчүң ичиңе батпай, баарын айтып кубанычыңды бөлүшкүң келе берет. Ал эми азыр көптү түшүнүп, билип калбадымбы. Жашооңду элге ачык айтсаң, ушак сөздөргө кабылып, ортодо уруш чыгарганга кандайдыр бир деңгээлде жол ачып берип коёт экенсиң. Андыктан жеке жашоону коомчулукка алып чыкпай эле коёюн. Учурда мен бактылуумун, ошол мага жетиштүү.

– Сыртыңыздан бир караганда тергөөчү же адвокаттай көрүнөсүз...
– Кичинемден сот, прокурор болууну кыялданчумун. Окууну бүткөндө да ушул багытка тапшырам деп жүрдүм. Бирок атам «өзүң эркек мүнөз болсоң, биротоло эркек болуп калбайсыңбы» деп каршы чыккан. Ошондо да болбой БГУнун мамлекет башкаруу тармагына тапшырып салгам. Ал факультетте мырзалар көп окуйт. Кеп айымдар же мырзалар көп окугандыгында эмес, жөн гана көңүлүм каалаган кесипте окугум келчү. Учурда ырчылыкка ооп кетпедимби, бирок кийинчерээк кесибим менен иштесемби деген ойлор бар.

– Биздин шоу-бизнесте көрө албастык күчтүүбү же атаандаштыкпы?
– Көрө албастык күчтүү. Анткени көрө албастыктын айынан көп көңүл калуулар болгон.

– Атаандаштыкчы?
– Атаандашкандарды толук кандуу өзүнө ишенбеген адамдар деп эсептейм. Ичинде кандайдыр бир комплекси барлар атаандашат, ошолор көп тырышат, жан талашат. Мен эч качан бирөөгө атаандашкан эмесмин. Анткени өзүмө, келбетиме, талантыма ишенем. Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү «изюминкасы» болот. Бирөөнүн эмнесине атаандашам, сулуулугунабы? Атаандашсам деле баары бир андай сулуу боло албайм, алар мендей боло албайт дегендей. Атаандашсам, ички «мен» деген «личностту» жоготуп коём.

– Бирок атаандаштык бар жерде өсүү болот деп коюшат го?
– Туура айтасыз, кошулам, балким, ошондуктан мен ушул күнгө чейин жеке концертимди бере элекмин. Атаандашсам, балким, мындан көп клиптерди тарттырып, ыр жаздырмакмын. Мен качан эргүү келип, өзүм каалаганда гана ырдап коюп жүрбөйүмбү.

– Сизди башкалардан айырмалап турган кайсы сапатыңыз бар?
– Сырды бекем тутам. Кийин мага жамандык кылып, канчалык көңүлүмдү калтырса да айтпайм, анткени сыр ошонусу менен сыр да. Айрымдар катташпай калгандан кийин баарына айтып, жайып салышат го.

– Кыздар ортосундагы достукка ишенесизби?
– Ишенем. Бирок кыз менен мырза ортосундагы достук бекем болот деп ойлойм. Алар жакшынакай көйнөк кийип алсаң да чын дилинен комплимент айтышат, көрө албастык, кызганыч, ичи тардык деген жок. Ал эми кыздар арасында баары бир көзгө көрүнбөгөн кызганыч болот, сөзсүз. Бирок менин курбуларымдын баары өзүмө окшош эркек мүнөз, чынчыл, сөзүнө тургандар.

– Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
– Албетте, келбетиме эч кандай дооматым жок.

– Сиздей эркек мүнөз айымдарга бир аз жумшагыраак мырзалар жагабы дейм?
– Жок, жоош болуп турса башына чыгып кетебиз го. Бардык эле аялзаты өзүн назик сезгенди жакшы көрөт. Өзүн андай сезиш үчүн жанында сөзсүз күчтүү мырза болуш керек. Күчтүү десе муштуму менен эмес, жүрүм-туруму, мамилеси менен катуу кармаган эркек болсо.

– Бугуңузду бардык эле аялзаты сыяктуу көз жаштан чыгарасызбы?
– Көз жаштан чыгарган убактар да болгон. Айрым сыртынан катуу көрүнгөндөр да баары бир алсыз болот. Сырткы мүнөзүм – жөн гана менин сырткы кабыгым, ичимде такыр башка адаммын, ак көңүлмүн, жумшакмын дегендей. Бугумду ыр аркылуу чыгарам. Үйдү жаңырта ырдап жеңилдеп алам.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Жүрөгүм бош эмес" дейт Аида Кулуева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(45)
SUPER.KG видео
07.04.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиданы көптөн бери сүйүп жүрөм. менин жүрөгүмсүң!
SUPER.KG видео
07.04.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
дагы деле эл алдында суйлоону уйронбоптур.
SUPER.KG видео
07.04.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best life kommentindi okup tan kaldim saga menin eki dosum bar biroo kozu jimwik biroo kozu bakiraigan teskerin4e kozu bakiraigan kolunan kelgen jardamdi berbegen olo na4ar adam le ani baari jaman kor4u al emi kozu jimwik olo jakwi andai adamdar keede le kezdewet. owonduktan tigil aitty le 4on apaman uktum le debei faktiga jarawa jazsan ki4ine bolso da!
SUPER.KG видео
07.04.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga jagaat, Aida ejee
SUPER.KG видео
08.04.2013. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жакпады обу жок экен
08.04.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай эже. Мага жагат! Ийгилик сизге!
08.04.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиданын сулуулугун, унун баалайм.
08.04.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыксыз...
SUPER.KG видео
08.04.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_07 сенин комментинди окуп алып боорум эзилгиче кулдум, анындын да чындыгы бар,себеби сенде факт бар бар экен.Но жалпысынан жымшык адамдарга ошондой муноздомо берилет экен,мен билген окуган маалыматтарга таянсам.
08.04.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достукту бекем туткан кыздар бар, беш кол тен эмес
08.04.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида Кулуева мен сыйлаган адамдардын бири баскан турганы мунозу жагат! Жашоого болгон коз карашы терен жашоодо ордун тапкан адам эми турмушка чыгып алса сонун болот. Озгочо достор тасмасында аткарган ролу эн сонун жарашкан
08.04.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aida Kuluevanyn unu jakwy. Iygilik sizge
08.04.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик! Жонокойлугунуз жагат.
09.04.2013. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызга такыр кызыкчу эмесмин.Суйлогону орду менен,сулуулугу келишип турат азаматсыз мен сизди терээн сыйлап калдым!Бар болунуз!
09.04.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз Аида эже.Тилегиниз орундалып бактылуу эне суйуктуу жар болунуз!
09.04.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сулуу эже
09.04.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жактырбайт элем ,бирок бул интервьюда кыргызча так суйлогону,сулуулугу,абдан жакты ийгилик сага !
SUPER.KG видео
09.04.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм, жаны ырларынызды укпай калдык го...
09.04.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм даа сулуу, бирок косметикасын шыпырып салса кандай болуп калаар экен? А так азамат эле айым!
SUPER.KG видео
09.04.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonokoi jakshy kyz
09.04.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида эже биз 11-классты бутуп жатканда,бутуруу кечебизге келип ырдап кеткен.Башында стерва корунгону менен,кеченин аягында аябай жонокой экенин байкагам.Ошондо ырдаган "Жаз" деген ырын азырда суйуп угам.Ийгилик сизге!!!
SUPER.KG видео
09.04.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life emnege an4a kulkun keldi kulkumuwtuu jazilip turabi meili emi iwenip juro owondoi munozdomolorgo. abaila anda owondoi kozdogu adamdardan
09.04.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"tapkam"emesmin "tapkanmyn"bolup jazylat da super info.
10.04.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sadagam92, эрежеге ылайык экөө тең туура.
10.04.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birok kyrgyz tilinde tapkam degenge karaganda tapkanmyn dese tuura bolchudai.
10.04.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не рыба не мясо болуп эле журот ушул айым. эмне деген ырчы бул? Ушунча жылдан бери бир дагы элге синген ыры жок же концерт бербейт жон эле же пайдасы же зыяны жок журот.
11.04.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karip ketiptirsin Aida
12.04.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сизге ...
23.04.2013. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashka biroonun kuioosun, tartyp algan "tapkam" bolboit ko dep oiloim.
18.10.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман жагат да магачы Аида ЭЖЕ!
31.01.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида эже аябай жагымдуу экен мунозу да, келбети да озуно жарашкан. Эхх кана эми ушундай кызым болсо желкемде которуп журмокмун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо