Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тата Улан:«БИЙЛЕБЕЙМ. БИЙЛЕГЕНДЕР МАГА ШАЙТАНДАЙ КӨРҮНӨТ»

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Бул ырчы мырза жүзүн эле эмес, жеке жашоосун да бет кап артына жашырып келет. Антсе да «өзүмдү жарнама кылгым келбейт» деген принципиалдуу рэп ырчысы Тата Уландын жашоосундагы өзгөрүү, жаңылануулар тууралуу кеп козгодук.

– Сени «март айында Нурзат аттуу нарындык кызга үйлөнүптүр» деп уктук. Ошол жаатта кеп салсаң...
– Мен үйлөндүмбү, үйлөнгөн жокмунбу, аны талкуулабай эле койсок жакшы болмок. Биздин шоу-бизнестеги ырчылар жүздөп саналат. Баары эле жеке турмушун ачык айтып жүрүшөт. Айтпайм деген жалгыз менмин.

– Кыйнамай жок. Чыгармачылыгыңа эмне жаңырык жасадың?
– Чыгармачылыгымда бир аз тыныгуу болду. Эки жыл эч бир ыр жазбай жүрүп, рок стилинде «Ай жаңырып» деген ыр жараттым. Базарга алып барып, пираттык диск саткандарга берип койдум. Бирок бул ырымды таза рок деп айта албайм. Мурунку эле менин стилиме окшошуп кетет.

– Пираттарга акча жасоо максатында бересиңби? Мисалы, ырларыңды жүздөгөн дискке көчүрүп, арзан баада сатып дегендей..
– Ой, кайдан, ырымды флешкага көчүрүп барып пираттарга берем. Башында «мен Тата Уланмын» десем ишенбей коюшкан. Бир сом албайм. Максатым – ырым аркылуу акча табуу эмес, элге жайылтуу. Эл угуп, ырымдын тарбиялык мааниси бар экенин түшүнүп, жакшы ойго жетеленсе деген эле тилек.

– Бир жыл же алты айда бир ыр жаратып, аны таратуудан акча таппайт экенсиң. Тиричиликке, үй-бүлөнү багууга кантип акча таап жатасың?
– Күйөрмандарым чакырган тойлорго барып калам. Андан сырткары бир жерде кадимкидей эле эртеден кечке иштейм. Ал жерде жоопкерчилик, тактык талап кылынат. Кайсы жерде иштээримди айтпай эле коёюн, анткени кесиптештерим таанып алышат.

– Бет кап сени элден катуу каткан го, чын эле тааныштарыңдан сырткары көчөдөн эч ким тааныбайбы?
– Ыр күйөрмандарынын арасында угуу сезими күчтүүлөр бар да. Кээде көчөдөн сүйлөп калсам үнүмдөн таанып коюшат. Ошондо деле мойнума албайм. Үй-бүлөм тууралуу учурда айрым жерлерде берилип жаткан жаңылыктар, менин оозумдан чыккан эмес, сүрөттөрдү мен берген эмесмин. Бир жолу силерге улуу баламдын сүрөтүн апасы берип койгон экен. Телефондон «баламды эмне жарнама кылып жатасың, кереги жок» деп урушкам, ошондон кийин бербей калды.

– Биздин шоу-бизнес эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү чыгармачыл адамдар үй-бүлөсүн катпай, жакшылыгы менен бөлүшүп, басылмалар менен иштешип келатышат...
– Азыр дүйнөдөгү шоу-бизнес өкүлдөрүнүн баары «жылдыз оорусуна» чалдыкты. Жашыруу деген жок, болгонун болгондой төгүп салышат. Мен аларга жаап-жашыргыла деп үйрөтпөйм, өздөрүнүн иши. Менин баламдын, аялымдын кимге кереги бар? Алар кандай жашап жатканын, эмне менен алек болуп, канчада экендигин өзүм билсем болду.

– Бет капчан киного тартыл десе макулсуңбу?
– Аль Пачино, Тарантино кино тартып, аларга мен бет капчан керек болуп калсам тартылмакмын. Азыркы биздин режиссёрлордун тасмасынын идеялары такыр жакпайт. Башында бир-эки кинону көргөм, ошондон кийин барбайм дагы. Тааныштар сөз кылса «кандай экен?» деп сурап койгонум эле болбосо.

– Кандай кинолор жагат?
– Жанры чектелбейт. Мааниси менин ырларымдай болсо жактырам. Бир жолу жаш режиссёрлордун бирине жолугуп калып «болбогон кинолорду эмне кыласыңар?» десем, «мен чындыкты чагылдырып жатам» дейт. «Уят эпизоддору бар тасмаңды үйгө алып барып беш жашар балаң менен көрө аласыңбы?» десем унчукпай ойлонуп калды. Муну өзүмдүн мисалымдан айттым. Ыр жазарда дайыма жаш бала угуп калса, кандай кабыл алышы мүмкүн деген суроодон баштайм.

– «Төштү ачып суктандырып, чакырасың шайтанды» деген саптары бар «Карындаш» ырыңды уккан беш жашар бала кандай абалда калат?
– Эми анда тарбиялык маани болуп жатат. Балким, жаңылып калган карындаштарым мени жаман көрүшөр, «эмне иши бар?» деп. Ал эми жаңы өсүп келе жаткандарга сабак да. Аны өзүмдүн эле карындаштарымдан байкайм. Үйлөрүнө барганымда «Улан байке келди» деп тартынып дайыма узун кийинип жүрүшөт.

– Жакшы. Эстрада ырчылары ырдаган кайрыктарды созо аласыңбы?
– Албетте, «сүйөм-күйөм» деген кайрыктар менин деле колумдан келет. Мактанбай эле коёюн, дурус эле созом. Бирок аны ырдаганга жан дүйнөм тартылбайт да, дитим барбайт. Алардын сөзүндө маани деле жок, болгону, даңгыр-дүңгүр музыка менен кооз аранжировка.

– Беш маал намаз окуган, такыба адамдарга сахнада ырдоо шариятка туура келбейт дешет, сенин бул жаатта кабарың барбы?
– Ооба, туура келбейт. Бирок толугу менен болбойт деген чек жок. Хадистердин баарын окуп чыгып, анан бир түшүнүккө келгем. Мен ырларым менен элге жакшы чакырык таштап, мындайча айтканда, даават айтам. Намаз окуйм, анан эротика тартканы жатам десем окшошпойт да. Мисалы, өнөр бычак сымал. Бычак менен алманы бөлүп, жаныңдагы адамга берсең болот же ал адамды жарадар кылсаң болот. Мен баарына алма бербесем да, колумдан келишинче адамдарды туура жолго үндөөдөмүн деп ойлойм.

– Мындай жооптон улам башка ырчылар угармандарын жарадар кылып жатат деген салыштыруу келип чыгат экен, ошондойбу?
– Ошондой. Мындан 60-70-жылкы той-тамашаларды элестетели. Ырчылар салмактуу, орундуу сөздөрү менен элге маалымат таратып, жар чакырып ырдашчу. Азыркы ырлардын маанисин байкоого салып көр. Анан да качан эле пайгамбар жашына келип калган аталарыбыз өзүнүн небересиндей кыска юбка кийген кыздар менен бийге түшчү эле. Тойго барып эки колуң менен эки кулагыңды жаап бийлеп жаткандарды карасаң, кудум
шайтандар бийлеп жаткандай көрүнөт.

– Өзүң таптакыр бийлебейсиңби?
– Ыргак менен бир аз эле кыймылдаганым болбосо, катуу кетпейм. «Ди-джейка» деген алгачкы ырымда укмуш бийлечүмүн, ал кезде динден таптакыр түшүнүгү жок Тата Улан болчумун. Учурда ал ырымды такыр эле ырдабайм.

– Ашканада мыктымын, лагман, палоону катырам деген элең, жубайың жасаган тамак жакпай калса кандай реакция болот?
– Шашып калганда эле кафеден тамактанбасам, дайыма эле аялым жасаган тамакты жеп жүрөм. Жакпай калган учур боло элек. Кафеден дегенде ар кайсы эмес. Бишкектен болгону эки кафеге кирем. Арак, тамеки жыттанган жерде отура албайм.

– Шариятта төрт аял алганга мүмкүнчүлүк бар эмеспи. Жаш өтүп калганда экинчи, үчүнчү аялың пайда болушу ыктымалбы?
– Азыркы абалыма шүгүр деп турайын. Экинчи, үчүнчүнү алган деңгээлге жете элекмин. Негизи, шариятта «төрт аял ал» деген таңуулоо жок.

– Тамак-аш, кийим сатып алганы базарга барасыңбы?
– Барам, кадимкидей эле соодалашып картошка, сабиз, пияз алам. Күзүндө, жазында барганды жаман көрөм. Мышык ыйлагыдай
чыла. Эмне «Ош базарда» акча жокпу? Жетекчилиги каякты карап жүрөт?!

– Мушташканга кандайсың? Эркектер көп мушташышат эмеспи.
– Мурун өтө көп мушташып планды ашыкча аткарып салыптырмын. Жиним чукул болгондуктан, дароо колум көтөрүлчү. Азыр болсо сабырдуулук деген сөз менен жашап келем. Бирок болуп кетиши мүмкүн. Элестет, жөн эле турсам бирөө муштап жиберсе, жооп беришим керек да.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(72)
09.04.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыктыы +5
09.04.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тата Улан байкеге окшогон патриот адамдар коп болсон. Мен бул адамдын озун да ырларында сыйлаймын эн мыкты адам. Башка ырчылырда уйронсо болмок уйбулосу жонундо бироолорго мактана беришпестен.Кызына жаны кийим сатып берген болсо да куйоосу жанка деп эркелетип койгон болсо да, дагы башкалар кыз тапкан болсо же жигит тапкан болсо барып супер инфого интервью беришет
09.04.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эгер ырчы болсон элге ырларын менен тааныл уй - булон акчан менен эмес.
10.04.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jibeka_foreve.live, талантын менен тааныл де ,туура айтасын.
09.04.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тата Улан азаматта! Туура! Жашырып жапкан эле жакшы, ушак-тешектен да алыс болот!
09.04.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
жакшылыктын устундо той топурда бийлеген адамдар козуно шайтан корунсо,анда сага психолог керек Татуля.галлюцинацияга кабылгансын го Таташка
10.04.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
тошторун ачышса ачты деп айтат да эмне ачык тошунорду жабык деп ырдамак беле тообо, извините, но, ошол нерсердин7 учун корсотойун дегендер ого эле коооп
10.04.2013. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Тата Улан адамдын личный озунун секреттери болуш керек....
10.04.2013. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
İzmir emes İznik waarynda.
10.04.2013. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
negizi ele tuurasin aityptir baike
10.04.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ТАТА Улан.Качан бет кабын чечип жузунду элге корсотосун.
10.04.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз жигиттеринин баарынын ушундай тушунугу болсо, ыймандуу,анда кыргыз кыздар тошун жаап мини кийгенди токтомок. Баарыбыз бироонун карындашы бироонун кызыбыз Уландай байкелер болсо тартыныша беле бирок кудайдан коркпогон Уландан коркмок беле деген ой кетет экен. Теперь бороду опусти ведь " как и лев без гривы львица,так и мужик без бороды девица"
10.04.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Эгерде Тата Улан эл катары бетин ачып эле ырдаса популярдуу болмок эмес. Жон гана репер болуп журо бермек. Ошого его фишка в том что он скрыл лицо. Болбосо мындан жакшылары бар просто алар бетин жабып чыккан жок.
10.04.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursel, сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
10.04.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кызыксыз маек,такыр тушунбойм ушул байкени.
10.04.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
uwu Tata Ulanga tuwunboim oiduu toonu suilop joop beriptir.... tim ele zvezda bolup algan go... kantse da wou choirogo aralawty da.. Tim ele vysokomernyi Jetse da bawyn asmandagy jyldyzga butun jerde ekenin unutpa Tatawka
10.04.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тата Уланндын "ассалому алейкум деген ырын каяктан жуктосо болот?
11.04.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
laliya26,
Төмөндөгү шилтеме менен кирип уксаңыз болот)))
http://www.super.kg/media/?type=audio&id=1269
11.04.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ырдаганды кандай коросун анда байке,может эшектей короорсун???
11.04.2013. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыныгы Патриот жигит.Личный жашоосун сыр боюнча калтырганы туура,ырчылардын жеке жашоосунун элге кызыгы деле жок.
12.04.2013. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдее!!! Канча комментарии окуба баарында негатив менен позитив бар,бирок НЕГАТИВ абдан коп. Демек КЫРГЫЗ элибиздин элементардуу маданий денгеели томондоп кеткенин билдирет экен. Кыскасы АМАН БОЛОЛУ!!!
12.04.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Тата Улан байке. Тарбиялык маанидеги ырларды кобуроок чыгарышынызды кутобуз.
12.04.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Тата талантына таазим.
12.04.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mykty, jigit degidei ele jigit da, musulmanchylyk koz karashta svilogon ar bir sozvn.
12.04.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой эле ыйман жолунда жургон болсо бийлегендер шайтан болуп корунсо тата озу ырдап чыкпайт эле, шоу бизге кирбейт эле. ыйман жолунда жургон адам ырдамак турсун ырды да укпайт...
14.04.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тата улан азаматсыз. ырлары чындыкты камтыйт .создору маанилуу.
14.04.2013. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
На вкус и цвет товарища нет дегендей жакпаса укпай эле койгула. Одноразовый лампочкалардай бир жанып очкон кээ бир жылдыздарга караганда жакшы ырдайт. Ийгилик сага.
14.04.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alga ulan baike alga
15.04.2013. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жеке ойум,Туура журот! Эч кимге жузун корсотпой эле ырдаса болот, Ушактан алыс болот! Звездная болезнь деген оору менен оорубайт, ЭН НЕГИЗГИСИ АДАМ БОЙДОН КАЛАТ!!!
15.04.2013. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kosmomir, mahabat., ар бир колдонуучу өзүнүн оюн жазууга укуктуу.
Жеке билдирүүлөр үчүн купуя катты колдонсоңор болот.
02.05.2013. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым өзү сактасын муну!!!ырдаганың өзү шайтан!!!
12.05.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурсел сага жооп. сен тата уландын ырларын маани коюп ар бир созун укпайсын ошон учун айтып атасын эгерде тушунуп угуп коргонундо мындай ойдон такыр алыстамаксын тата уландын ырларындай маанилуу ыр эч кимде жок. бет кабы это не фишка это его стиль уну менен таанылып атат ыры менен а не как попало
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо