Социалдык өнүктүрүү министрлиги:«СОЦПЕНСИЯ АЛГАНДАРДЫН ПЕНСИЯГА ЧЫГУУ КУРАГЫ ЖОГОРУЛАТЫЛСЫН»

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде «КРнын Жөлөкпул мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол өттү.
Кыргызстанда эркектер 63 жашында, аялдар 58 жашында пенсияга чыгышат. Алар иштеп тапкан кирешесинен мамлекетке салык төлөй турган жарандар. Ал эми Орусия, Украина, Эстония, Өзбекстан жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу өмүр бою иштебей, бирок социалдык жөлөкпул алган адамдар Кыргызстанда 5 жылга эрте пенсияга чыгышат. Андыктан министрлик аталган топко кирген жарандардын пенсияга чыгуудагы жашын жогорулатууну сунуштады. Ага ылайык, соцпенсия алган эркектер 65, аялдар 60 жашында пенсияга чыкмакчы. Мындай демилгени ЖКнын депутаты Роза Акназарова кубаттап, «мамлекетке иштебей туруп, өлкө казынасынан көп каражат, тактап айтканда, социалдык пенсия алышууда. Алардын пенсияга чыгуу жашын жогорулатууну колдойм» деди.

 

 

 

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
08.04.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пенсияны миллиондоп берип жаткансып 70 жашка эле узартып койгусу бар булардын. Эмнеге социалдык жактан жарандарды коргоо бизде томонку денгээлде. Жылдан жылга узартып эле жатышат. Эми 120 жашка чейин жашашка умтулуу керек.
08.04.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жолу өлөөр күнү пенсияга чыксын деп койгула да, ОзУңөргө пайда болот. Эртең эле силер деле каарыйрсыңар.Ошон УчУн...
11.04.2013. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn1707, blinkob
Сиздер бул мыйзам долбоорду толук түшүнбөй калган окшойсуздар. Анын эң негизги максаты – адилеттүүлүктү орнотуу. Башынан түшүндүрүп берсем. Кыргызстанда эркектер 63 жашында, аялдар 58 жашында пенсияга чыгышат.
11.04.2013. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар ошол пенсияга чыгуучу куракка чейин иштеп тапкан кирешесинен мамлекетке салык төлөшөт да, пенсияга чыккандан кийин Социалдык фонд тарабынан аларга кайсы бир суммада пенсия төлөнөт.
11.04.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми өмүрүндө эч жерде иштебей, Социалдык фондго бир тыйын да салык төлөбөй, бирок пенсияга чыгуучу куракка келген жарандарга (эркектер 63 жаш, аялдар 58 жаш) Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан социалдык жөлөкпул төлөнөт.
11.04.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз мына ушул теңсиздикти көтөрүп, иштебей туруп социалдык пенсия алгандардын пенсияга чыгуу курагын жогорулаталы, башкача айтканда соцпенсия алган эркектер 65, аялдар 60 жашында пенсияга чыксын деген демилге болчу.
11.04.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул бечараларга омур бою жумуш тийбегени аз келгенсип, пенсиядан да куру калышат экен да ээ. Силер атаган мамлекеттердин эмгек акыларын да карап салыштырсанар болмок. Ошолордун ичинен эн аз айлык акы Кыргызстан болсо керек?
12.04.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир четинен туура, алган маянан болгону 5 000 с болсо, почти жарымы Соц.фондко ж.башкасына кетет, песиянын олчому болсо мизер, ал эми жеке иши болуп эч кандай налог толобой туруп ал да мендей жолокпул алган туура эмес.
15.04.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пенсиянын жашын узартбай эле алуучу адамдардын акчасын тендесенер мен билгенден чон кызматта иштеп байыгандан 80000 мин алат ал эми баягы эле колунда жоктор 1500-2000 сом алат. Коп алгандарды азайтсанар жашын чонойтбой. Улуу урматтуу чиновниктер.
Сиздерди терен урматтоо менен карапайым калк.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо