№544 5-11-апрель, 2013-ж

Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын тургуну, бир үйдүн жалгыз баласы Талант Турусов мындан жарым жыл мурун аскерге жөнөгөн. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Таланттын ата-энесине «уулуңар өзүн-өзү атып алды” деген суук кабар келген...
«БАЛАМА БАНКТАН АКЧА САЛГАН ЭЛЕК...»
ЫРЫСЖАН МУРАТБАЕВА, маркумдун чоң апасы:
– Айылыбыздагы апалар уулун аскерге узатып жатып ыйласа, «эмнеге ыйлайсыңар? Мекенди сенин балаң коргобосо, менин балам коргобосо, анан ким коргойт, же эмне, уулуңар өлүмгө кетип жатабы?” деп жаман көрчүмүн. Азыр ал оюмдан кайттым. Аскерге кеткендердин көбү өлүп келип жатышат.
Талант аскерге барып, бир ай өткөн соң атасына телефон чалып, 300 сом акча сураган. Атасы экөөбүз «аскерге акчанын эмне кереги бар?” деп ойлоп, бирок сураган акчасын банктан салып жибергенбиз. Каргашалуу окуядан үч күн мурун апасынан 1000 сом сурап, аны дагы салып жибергенин билем.
Нааразы болгонум, кээ бир ЖМКлар «жоокер өзүн-өзү атып өлдү” деп такталбаган маалыматты удаа-удаа берип жатат. Командирлер иш тактала элек деп бизге, үй-бүлөсүнө так маалымат бере элек жатса, журналисттерге мындай маалыматты ким таратканы белгисиз. Талант бир үй-бүлөнүн таянары, жалгыз баласы эле.
НУРЛАНБЕК САЙНАСЫРОВ, аталаш агасы:
– Талант аскерге өз эрки менен суранып кеткен. Бизге «өзүн-өзү атты» деген табышмак болуп жатат. Сөөктү алып келгендер башында «окуудан өтүп жатып кокусунан ок жаңылды” деген, андан кийин кайра «өзүн-өзү атты” дешти, үчүнчү вариантты таптакыр башкача айтышууда. Мен деле эксперт эмесмин, бирок баланын жүрөгүнөн кирген ок бөйрөгүнүн ылдый жагын тешип чыгып кетиптир. Демек, ок жогору жактан атылган.
«КОМАНДИР ЖАШ, МЫНДАЙДА ЖЫГЫЛЫП КАЛАТ»
АСЕЛ АЛПБАРОВА, Боз-Булуң айылдык кеңешинин депутаты:
– Мен айылдын депутаты катары нааразычылык билдирем. Сөөктү алып келгендердин арасынан ротанын командирин көрө алган жокпуз. Андан дагы «командир эмнеге келген жок?” десем, «ал жаш, мындайды көтөрө албай жыгылып калат” дешти.
Аскер кызматкерлери уулун жоготкон үй-бүлөгө 45 миң сом, бир кап ун, жарым кап күрүч, суу май алып келиптир. Адамдын өмүрү акчага бааланбайт. Ата-энесине 45 миң сом эмес, тирүү баласы керек болчу.
Экинчи тараптын да оюн угуп көрүү үчүн Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарындагы №30295-аскер бөлүгүндөгү командирдин орун басарына «кырсык кандай болду?” деген суроо менен кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык. Ал аты-жөнүн айтуудан баш тартты.
– Мен жоокердин тууган-уруктарына керектүү маалыматты бердим. Окуянын кандай болгонун толугу менен айта албайм, себеби Жалал-Абад гарнизондук аскердик прокуратурасынын иликтөө тобу учурда бул боюнча иш алып барууда.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бул аскер болугунун Офицерлери м-н Ээсинин осурактары синишип калган да. Жаны келген жоокерлерди жат коруп атат го.....