Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫМЫРКАЙ ТАШТАНДЫ САЛУУЧУ ЧЕЛЕКТЕН ТАБЫЛГАН

№544 5-11-апрель, 2013-ж

Акыркы кезде төрөп, баласын дааратканага же көчөгө таштап салып басып кеткен «күкүк энелер» көбөйдү. Аргасыздан жакаңды кармайсың. Мындай окуялардын ачыкка чыкпай калгандары канча... Ушундай зээнди кейиткен окуя 22-март күнү кечки саат 17:30дар чамасында Нарын шаарында катталды. Ымыркайды Нарын шаарындагы таштандыларды тазалап жүргөн кызматкерлер таштанды таштоочу челектен таап алышып, дароо милиция кызматкерлерине кабар беришкен.

«БАЛАСЫН ТАШТАГАН СТУДЕНТ КЫЗ ЭКЕН»
Окуянын чоо-жайын Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын майору АЙНУРА НУРКЫЯЗОВА төмөндөгүдөй айтып берди:
-Окуя болгон жерге тие­ше­­лүү органдар барып, шаардын Ленин көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн жанындагы таштанды салуучу челектердин биринен табышкан. Полиэтилен целлофанына салынган жаңы төрөлгөн ымыркай өлүп калыптыр. Ыкчам иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү адам катары шаардагы окуу жайлардын биринде окуган Гүлзат Эркинбай кызы (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) кармалды. Төрөттөн кийинки абалы начар экендигинен улам Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын гинекология бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми баланы таап алышканда эле денеси жансыз экени аныкталган. Биз бул туурасында соттук-медициналык экспертизадан так маалымат чыгып келмейинче мындай же тигиндей деп божомолдой албайбыз.
Кылмышка шектүү жаран кармалганда ал баланы төрөгөндүгүн тастыктап, бирок бала өлүү төрөлгөн деп көрсөтмө берген. Бул көрсөтмөлөрдү аныктоо үчүн 23-мартта баланын сөөгү экспертизага текшерүүгө жиберилген. Эгерде бала тирүү жарык дүйнөгө келип, бирок энесинин колунан атайын каза тапканы аныкталса, анда Кылмыш жана жаза кодексинин 100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголот. Эгерде бала чындыгында эле өлүү төрөлгөн болсо, анда дагы тиешелүү мыйзамдардын негизинде чара көрүлөт.

Учурда кылмышка шектүү катары каралып жаткан ымыркайдын энеси ооруканада. Анын абалын билүү үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн жетекчиси АЙЖАН КУКЕЕВА менен байланышканыбызда буларды билдирди:
-Ал кыз бизге төрөттөн кийинки шок абалында келип түшкөн. Тиешелүү дары-дармектер менен камсыз кылып, дарылап, болгон күч-аракетибизди жумшадык. Алгач абалы оор болчу, учурда жакшырып калды. Дарылануунун акыркы курстары жакынкы 2-3 күндүн ичинде аяктайт. Биз болгон медициналык жардамыбызды көрсөтүп, милдетибизди аткардык.

«КОРККОНУМДАН УШУЛ ЖОЛГО БАРДЫМ»
Адатта, мындай окуяга туш болгон адам психикалык жактан катуу жабыркаары турган иш. Нарын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү, балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарды коргоо боюнча бөлүмүнүн бөлүм башчысы ГҮЛМИРА СУЛТАНАЛИЕВА бул окуя боюнча мындай дейт:
-Бул окуя тууралуу маалымат түшөрү менен эле ооруканага бардык. Туугандары менен байланышып, кызды жөнү жок ашыкча жемеге алып, психикалык жактан жабыркоосуна жол бербөөнү өтүндүк. Нарында профессионал психологдордун жоктугуна байланыштуу, биз колубуздан келген кеп-кеңешибизди айтып, жардам кылганга аракет кылып жатабыз. Жалгыз бой апасы бар экен. Өзү жалгыз кыз экендиги аныкталды. «Өз макулдугум менен болгон бардыгы, бирок качан төрөөрүмдү билген эмесмин. Толготкон күнү үйдө эч ким жок болчу. Бул туурасында туугандарымдын бири да билчү эмес. Коркконумдан ушул жолго бардым” деди ал кыз. Окуяга юридикалык баа берилген соң биздин бөлүмгө тиешелүү функцияларды аткарууга даярбыз.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(59)
09.04.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдын ала кош мамиле эмнеге алып бараарын билгенден кийин, акыры наристесин олтургону манкурттук. Наристеси тируу торолуп, олтургону чындыкка окшошот, анткени корккон учун кылмыштуулукка барып жатат да. Азыркы учурда жаштар башынан эле эмне болот деп таразалабагандыктан, ушундай уройду учурган корунуштор коп болуп жатат, жаштар ойлонгула!!! келечегинерге балта чабыштын кереги жок!!!
09.04.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бироо балага зар бироого бала кор дегени ушу еле болсо керек тируу наристени кантип олтуруп жататтар оюлоп оюума жетпейм кудайым озун сактай кор мындай балекетерден
09.04.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озун сактай кор.
09.04.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде "куйоого тийелекте жигит менен журууго болбойт " деген тарбия бар эле мурун, азыр ал унутулду акырындык менен,жигитим девушкам деген созго кондук,эми кыз эмес экен тороп коюптур деген соз деле привычно болуп калат окшойт. Европпалыктар каталыгын тушунуп исламга ото башташты акырындык менен, а биз колдо барды барктабай чанабыз, баары ошо Алладан коркпогондон башталат. Шариатта харам дегенди кылбаш керек.
09.04.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул корунуш биздин олкодо биринчиси же акыркысы эмес, мындай корунушко богот коюу учун ушунча комент жазгандар кимибиз эмне иш жасадык, эгерде жолдо бара жатсан бир кыз келип байке же эже боюмда бар эле жардам беринизчи десе ким кандай аракет жасайт эле?
09.04.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай иш болушуна бала да кызда куноолу эх чиркин эртенки турмушун ойлобогон кыз. Байкуш наристеде эмне куноо.Мындай жаман жолдон кудай озу сактасын.Канча ошол ымыркайды олтурбостон мага бергенде озум багып алмакмын. Балага зар болуп жургондор канча.Кыргыз кыздарында ыймын деген тушунук жоголуп баратат.
09.04.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өх жүрөөгүм! Байкуш наристеге боорум ооруп кетти. Мына ушундай мыкааачы энелер көбөюп баратканы өкүндүрөт!
09.04.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торогон кыздын атын тоолук еле жазбайбы
10.04.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zhanysh, белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлгөн.
10.04.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор,бироого зар бала деген ушу да!!!!!Жок дегенде бироонун уйуно, же больницанын алдына таштаса болбойт беле??!!Кудай,кыздарыма ыйман,намыс, акыл-эс бере гор!
10.04.2013. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман берсин баарыбызга ....
10.04.2013. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок....
10.04.2013. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар бироого кор деген чында Каанчалары балага жетпей чуркап журушот врвчтарга корунушуп Бала олуу торолгон чакта да мусурга салып койгону оттоле болбой калыптыр ......
10.04.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пендеден эмес Кудайдан корколучу!Эх...бироого кор бала,бироого зар бала.Жаштыгынбы,акылсыздыгынбы ушул мыкаачылыгын омур бойу бетине чиркоо болоор
10.04.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ех Кудайым сактай корчу мындай арам жолдон.Кыргыз елиме ыйманды того салчы Кудайым
10.04.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх, эмне болуп баражатабыз жаныбарларчалык мээримибиз жок
11.04.2013. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх заман эмне болуп баратат тушунбойм. Бироого кор бала, а бирого зар бала деген ушул турбайбы.
11.04.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 minutalik irahat dep baarin unutup koyot Jok degende prezervativ koldonboysunbu meesi joktor ay kuday sakta. Astafur Allah
12.04.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shirin27, эркектер да жакпайт деп сактанышпайт ошон учун кылаарын кылып качып кетишет жок дегенде 9 ай бою жардам берип койсо болот да жок качып кетишет анан байкуш кыз жаман
11.04.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
желмогуз неме го кантип озу тороп киндигин кесип анан мусорго ыргытты ыя, мындай неменин психикасы жемелоодон бузулбай калсын, ушуну кылгандан кийин
11.04.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман бузулбайт е туугандар,заман бузулгудай жаны болбосо,кыздар жана балдар бузулат!
11.04.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уройду учурган мындай окуялар кобойуудо
12.04.2013. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hidjap kiyim juruu jana iymanduu boluu bul joldorgo,bul azaptarga ech kachan alip barbayt...ar bir adamdin basina keliwi mumkun..Allahtin buyruktarin atkarbasa..men hidjap kiybesem dele buzulbaymin..ozumo isenem degen bow soz..ozubuzdu ondoylu birinchi..
12.04.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mandalak,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
12.04.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок, оюнчук менен ойногондой, кудайдан коркпогон адамдар, жатсанар да ойлонуп, сактанбайсынарбы!
12.04.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык нерсеге акча гунолуу,багыш керек ошого айтам тороордон мурун ойлонгула деп аялдар
12.04.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте кылынып буткондон кийин аял куноолуу болуп калат. бирок чын-чынына келгенде эркек куноолуу эркек сактангысы келбейт эч качан эптеп жыргаш керек анан аял байкуш аягында куноолуу а негизи кыздарды да алдап жаткан эркектер да. кылаарда аялдар эмес эркектер шайтанга азгырылбаш керек же болбой калса сактаныш керек...
12.04.2013. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте кыз эле эмес бала да куноолу бул жерде, бирок наристеде эмне куноо,олтурбой эле ачыка чыгып чонойтуп алса болмок.Жаткандан уялбаган тороп чонойткондун эмнеси уят. Балким бул бала кийин кыргызстандын атын чыгарып чон салымын кошмок ким кайдан билсин.Бирок бир кыздын аыйнан баардык кыздарга соз тийип атат ошондуктан айтар элем кыздар оз абиринерди сактап этия болуп журолу демекмин.бир ишти жасардан мурда ойлонуп жасаш керек ар бир кадамынды ойлоп басыш керек.
13.04.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким куноолу, ким куноосуз билбейм, бирок бул окуяга коомчулуктун дагы куноосу бар деп эсептейм.
14.04.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ,алла ушундайда шумдук болобу .
14.04.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо тообо тообо.
15.04.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirs, сизге эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо