Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАТКЕН – КҮН ЖЫТТАНГАН ӨРҮКТӨРДҮН МЕКЕНИ

№545 12-18-апрель, 2013-ж

Япондор дүйнөгө сакуранын гүлдөшүн даңкташса, Баткен өрүкзарларынын керемет жомоктой гүлдөшүн сөз кылат. Анын сыңары учурда өрүкзарлар гүлдөп, абаны керемет жыты менен ээлеп алган кези. Сөз кылгандай эле, өрүк Баткендин бренди жана да негизги киреше тармагы болуп саналат. Күн даамданган таттуу мөмөлөргө катылган сырларды ачыкка чыгарабыз.

«ӨРҮК ГҮЛҮ» ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ
Өрүк гүлү Баткендин ажарын ачып турганда 5-6-апрель күнү облустун Самаркандек айылында «Өрүк гүлү» фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу аталган фестивалдын уюштуруучусу, «Био-Мурас» коомдук фондунун жетекчиси АКЫЛБЕК КАСЫМОВ төмөнкүлөрдү билдирди:

– Биз «Өрүк гүлү» фестивалын быйыл 3-ирет өткөрүп жатабыз. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл ири масштабда болду. Бул ирет Тажикстандан да өкүлдөр келип, жергиликтүү өрүк өндүргөн фермерлер менен чогуу майрамдашты. Аны менен кошо өрүккө тиешелүү маселелерди да талкуулашты. Бул иш-чара өрүктү даңазалоо менен бирге мындай мурастарды жаштарга калтыруу максатын көздөйт.

Фестивалдын катышуучусу,«Мол түшүм» кооперативинин башчысы АБДИРАШИТ ХАЛМУРЗАЕВ:
– Баткендиктер өрүктү өндүргөнү менен, аны кошуна Тажикстандын ишкерлери алып, чет өлкөлөрдүн базарларына сатып пайда көрүшөт. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр аларманга түз жеткирип сатса, азыркыдан 2-3 эсе көп пайда көрүшмөк. Бирок муну ишкерлер колго алалбай келишет. Бүгүнкү иш-чарада өрүктү кайра иштетүүчү цехтерди көбөйтүү жана чет жакка сатуу маселеси козголду. Бизде экспортко алып чыгууга алгачкы кадамдар бар, бирок булар жетишсиз,- дейт.
Бул фестиваль 2 күнгө уланып, иш-чарага катышкан жаштарды жана айыл тургундарын уюштуруучулар Кара-Булак айылына жана айгүл гүлү менен тааныштырууга алып барышты. Эске салсак, аталган гүл кызыл китепке кирип, дүйнөнүн 3 гана жеринде: Пакистанда, АКШда жана Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районунун Айгүл-Таш айылында өсөт. Анын илимий аты – Эдуарддын чаар гүлү.

2 ТҮРДӨ КУРГАТЫЛАТ
1. Табигый жол менен кургатуу. Өрүктү абайлап терип алып, атайын жайда күнгө жайылып кургатылат.
2. Күкүрт менен ыштоо. Максаты эмнеде? Күкүрт менен ыштоо мөмөлөрдүн өңүн бузбай сактоо жана курамындагы витаминдерди сактап калуу үчүн жасалат. Күкүрттүн дагы бир кызматы, өрүктүн кургоосун тездетет жана бактерияларды жок кылат. Өрүктөргө курт-кумурскаларды жолотпой, жакшы сакталышын камсыздайт.
Кантип жасалат? Бышкан өрүктөрдү күкүрт ( SO,2) менен ыштоо үчүн атайын чоң чуңкур казылат. Ал жерге өрүктөр жашиги менен төрт бурчтук формасында тизилип коюлат. Ортосуна күкүрттү таштап, анан түтөтүп коёт. Чуңкурдун үстү калың нерселер менен жабылып, дымдалат. 10-12 сааттан кийин ал жерди ачып, ышталган өрүктөр атайын даярдалган майда таштардын, камыштын же целлофандын үстүнө жайылат. Күкүрттүн өлчөмү: 1000 килограмм өрүккө 1-2 килограммы жетет. Ышталган өрүк күнгө жайылып, кичине суусу кургагандан кийин ичинен данегин чыгарышат. Анан кайра күнгө жайып коюшат. Данектери кургаган соң баштыктарга салышат.

ӨРҮКТҮ САКТООНУН ШАРТТАРЫ
Өрүктү сактоого коёрдун алдында алар сорттолот. Сактоочу бөлмөлөрдүн терезелери жабык, бирок шамалдап турууга тийиш. Өрүктөрдү сорт-сорту менен сактоо туура болот. Сактоо бөлмөлөрүндө өрүктү төгүп, үстү материал менен жабылат. Өрүк сакталуучу жай малканалардан жана ар кандай жыт чыгаруучу объекттерден алыс болушу шарт.

АЗЫКТЫК БААЛУУЛУГУ ЖАНА ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ
Өрүктүн курамы адамдын ден соолугуна пайдалуу заттардан турат. Өрүктө көп өлчөмдөгү глюкоза, крахмал, белок, органикалык заттар жана А, В, С, Е, Р, РР тобундагы витаминдер, фолий кычкылы жана калий, аз өлчөмдө Р, Na, Mg, Fe, Cu, Al бар. Витамин А иммунитетти жогорулатып, ооруларга туруштук берүүгө салымын кошот. Өрүк курамында калийдин көп, ал эми натрийдин аз болгону үчүн диеталык азык болуп эсептелет. Таттуу азык ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынын, боордун циррозунун, бөйрөктүн ооруларынын алдын алат.

ӨРҮК ЖАНА АНДАН ДАЯРДАЛУУЧУ АЗЫКТАР:

  • Тоңдурулган өрүк
  • Консерваланган өрүк, нектар
  • Өрүк ширеси (сок), өрүктүн тазартылган нектары
  • Өрүк желеси, жемдер, мармелад
  • Маринаддалган жашыл өрүк
  • Кургатылган жана порошок түрүндөгү өрүк
  • Майдалап кесилген өрүк
  • Өрүк экстракты
  • Өрүк торту, балмуздак
  • Өрүк курут жана башкалар

 

P.S. Материалды даярдоого салым кошкон үчүн өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Ачылбек Бекташовго ыраазычылык билдиребиз.

Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
15.04.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр ушул учурда Баткенде айгул гулу гулдоп турган кез,мумкунчулугунор болсо барып коруп келсенер болот.
ПС:Баткенди сагындым . . .
15.04.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх менда Баткенимди жана ата-энемди, суйукттуу жарымды сагындым. Курмайы жана кандек орукторун жегим келди. Баткенимдин ысыгына куйгум келди. Аллахым ушулардын баарын корууну насип эт!
16.04.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге кукуртко бууланган орук кактар кычкыыл болот?
17.04.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirko.93, себеби ал кукурко бууланган))))
16.04.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Студент кезди эске салды. Баткендин эли аябай меймандос экен! Дасторконду жайнатып кулуп-жайнап тосуп алышкан! Орукзардын корунушуно суктанып суротко тушуп кайткан элек
16.04.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда сагындым БАТКЕНимди..............
Жур ээрчишип кетели орук зарга демекчи,кеттик БАТКЕНге.........
17.04.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен жерим орук зарлуу аймагым,оругундун ширесине кангамын,...
17.04.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мурун кино кєргєм Зардалы беле аталышы же Орукзар баяны беле... Айтор ошондогу орук зарды коруп аябай таасирленгем.укмуш жер экен чын эле.
17.04.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенди копчулук сыяктуу мен дагы коруп келгем практика б.ча:)Баткен озу ысык,таштак анан кургак жер келет экен,тоолору,донсоолору Колдун Балыкчы,Чолпон-Атасы сыяктуу кургак,жапжашыл болуп турбайт экен.Бирок, орукту укмуш багышат экен, тим эле козун тойбойт,орук бакпаган уй-було жок сыяктуу.Дагы баса айтып кетуучу нерсе эли меймандос,особенно менин досум;)анан ток пейил келишет.Жалпысынан айтканда мээнеткеч,ыймандуу калк келишет экен.Дагы бир жолу коргум келип журот)))
17.04.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life, рахмат сизге биздин меймандостук. ыймандуу екенибизди билип жатканынызга.ооба сиз билгендей орук ондурбогон уй було жок. дайым ачык сиздер учун орук зардын ешиги
17.04.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдан жылга Баткендин да багы ачылып жатат жана ачыла берсин.
17.04.2013. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhorobekt, Айтканыныз келсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо