Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
БАТУКАЕВ КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТТИ...
№545 12-18-апрель, 2013-ж

- Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда алтын экспорттоо 49,9 ПАЙЫЗГА кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев маалымдады.
- Ала-Бука районунун акими АТАНТАЙ РЫСКУЛОВГО жана райондук администрациянын дагы бир жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду.
- 8 жылдан бери токтоп турган «КАЙЫҢДЫ КАБЕЛЬ ЗАВОДУ» кайрадан ишке кирип, электр өткөргүч зымдарды даярдай баштады. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
- Бишкекте алтын уурдаган аялды ВЕРНЫЙ АТТУУ ИТ издеп тапкандыгын шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
- Кыргызстанда учурда 52 ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙ бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
- Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси БОРИС ВОРОБЬЁВГО кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында быйылкы ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын кийимдерин тигүү боюнча тендер өткөрүлүп, анын негизинде ар бир кийим 20 ДОЛЛАРДАН тигилмекчи болду.
- ТҮНДҮК КОРЕЯ Сеулга карата согуш жарыялоосу мүмкүн экендигин эскертип, Түштүк Кореядагы чет элдик жарандарды чыгып кетүүгө үндөдү.
- КАМЧЫ КӨЛБАЕВГЕ байланыштуу кылмыш ишинин материалдары Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилди.

- 7-апрель күнү Орусия президенти В.Путиндин Германияга болгон иш сапарында жарым жылаңач чыккан активист айымдар денесине уят сөздөрдү жазып, ПУТИНГЕ «ДИКТАТОР» деп кыйкырышты.
- 23-апрелде Кыргызстандын борборунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата атайын жарманке жана массалык китеп окуу акциясы өтөт.
- «Мыйзамдагы ууру» АЗИЗ БАТУКАЕВ 9-апрелде түрмөдөн чыгып, Бишкек-Грозный аба каттамы менен Орусияга учуп кеткендигин Чек ара кызматы билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0