№545 12-18-апрель, 2013-ж
Ырчылар арасында Дайыр Исмадияровду гастролго чыгуусу менен рекорд койгондордун катарында десек туура болчудай. Бирок туура кылат, канчалык жер кыдырса, ошончо элди таанып, элге жакын болот да. Жакында гана Жалал-Абад менен Ошко гастролго барып келген ырчы мырза 11-апрелден тартып калган аймактарды кыдырууга өттү. «Концертиме келген коноктор «Тамашоунун» жигиттеринин юморлору менен өмүрүн узартса, мен да жөн турбай, оюн ойнотом. Талантымды сыйлаган адамдар менен жардамчысыз, бетме-бет сүйлөшкүм келет»,- дейт ырчы. Концерт кай жерде кандай өттү, аны Толик сынчы жер кыдырып калса баяндап өтөр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |