№545 12-18-апрель, 2013-ж

«Ырчы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулун тоноп кетишиптир» деген сөз шоу чөйрөсүндө дароо тарады. Көрсө, 4-апрелде түнкү саат 11лер чамасында ырчынын студиясына белгисиз бет капчан адамдар киришиптир. Эч ким жоктугунан пайдаланган алар эң акыркы моделдеги кымбат техниканын баарын чыгарып кетишкен. Күйүткө баткан Өктөм: «Уурулар биздин студияга келип-кетип жүргөн адамдар же алар көпкө аңдышкан. Арзан компьютерлердин баарын калтырып, кымбатын гана терип кетишиптир. Жалпысынан каракчылар 25 миң долларлык чыгымга түшүрүштү. Бул уятсыздарды тиешелүү органдар издешүүдө, колго түшүшөт деген үмүтүм чоң»,- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |