Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨӨМ БОЮМДАН АЛДЫРТЫП, МУРУНКУ АЯЛЫНА КЕТИП КАЛДЫ...»

№545 12-18-апрель, 2013-ж

– Менин бул биринчи никем. Күйөөм мурунку аялы менен мыйзамдуу түрдө баш кошпой, жарандык никеде 3 жылдай жашаган. Андан баласы жок.
Ага турмушка чыгарымда үйдөгүлөр, чынында, абдан каршы болушкан. «Мурун үйлөнсө, койсоңчу, анын үстүнө 6 жаш улуу...» дешкен. Бирок аны жакшы көргөндүктөн, сөздөрүнө ишенгендиктен тийген элем.
Экөөбүз баш кошконубузга 2 жыл болду. Эмнегедир боюмда болбой жүрүп, мындан 2 ай мурун гана кош бойлуу болгонумду билдим. Муну укканда күйөөм алгач сүйүнүп, 3-4 күндөй жанымдан чыкпай калды. Анан үйгө кеч келүү же келбей калуу адатын кайра карматты. Мындай жоругу чогуу жашаганыбызга 1 жыл болгондо башталган эле. Себебин сурасам, «иш көп болуп жатат, экинчи минтип сурабай жүр» деп ороңдоп, кыйкырып койчу. Бирок анын башка аялга (мүмкүн мурунку аялына) барып жүргөнүн жүрөгүмдүн түпкүрүндө сезчүмүн. Төрөп бербесем же мамилем жакпай ушундай ишке барып жатабы деп башында катуу айтпай, кемчиликти өзүмдөн издечүмүн. Бирок болбоду. Мурун кыйкырып тим болсо, кийин кол көтөргөнгө өттү. Ажырашайын дейм, эл, үйдөгүлөр эмне дейт деп намыстанам, өзүм таап, сүйүп-күйүп тийсем деп.
Кош бойлуу болсом, жолдошум бала деп байланып калат го дечүмүн. Акыры боюмда да болду. Бирок жолдошум арадан бир апта өтпөй «боюңдагыны алдырт. Кийин деле балалуу болуп алабыз. Эмки аптада Орусияга кетебиз. Досум чакырып жатат. Бол, даярдан» деп демитип кирди. «Бул биринчи балабыз болсо, алдыртып салсам кийин балалуу болбой калсакчы?» деп ыйлактаганыма карабай, зордоп машинага салып алып барып аборт жасатып салды. Менин көз жашым он талаа...
Ошол күнү кечинде кокустан күйөөмдүн досу менен сүйлөшүп жатканын уктум.
– Эй, дос, бир жагынан туура эле кылдың, аборт жасатып. Биринчиң менен жараша тургандан кийин алимент төлөмөйдөн кутулуп...
– Мен да ошону ойлодум...
Муну укканда жер айланкөчөк болуп кетти. Түз эле барып «төрөп алсам мен сенден жүз жылда да алимент дооламак эмесмин. Көрсө, тигиниң менен жарашам деп кайдагы Орусияны ойлоп таап, аборт жасаттырган турбайсыңбы? Акмак!- дедим. Ал мени шылдыңдай карап туруп «баарын уктуңбу? Бар эми билгениңди кыл» деп басып кетти...
Көрсө, арам оюнун баары алимент төлөбөй калуу экен да. А баланын, менин тагдырым ага баары бир тура...
Азыр улуу эжемдикиндемин. Депрессияга батып, эч ким менен сүйлөшпөй калдым. «Эми балалуу болбой каламбы?» деген ой мээмди курттай эзип, жегени жеген. Барып туруп, эптеп амалын таап күйөөмдөн өч алсамбы деп да ойлоном.
Не айла кылам? Мүмкүн сиздер кеңеш айтасыздар.

Гүлкан, 27 жашта, Жалал-Абад.

Суроолорго «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет:

– Гүлкан, тагдырдын шарты ушундай деп кабыл алып, келечекти ойлонуу керек. Ооба, «кайдагы келечек?» дешиңиз да мүмкүн. Бирок бизди таарынткан адамга өчөшүп, ага жамандык каалаганыбыз менен өткөн ишти оңдой албайбыз. Ар бир адам өзү жасаган ишинин жазасын эртеби-кечпи алат. Андыктан энергияңызды бекер коротпой, эми кантип жашайм деп келечекке ой жүгүртүңүз. Депрессиядан чыга албасаңыз, психологго кайрылыңыз. Ата-эненин каршылыгына карабай үй-бүлө курган көпчүлүк жаштар адашып калышат. Себеби ата-энелердин канча болсо да жашоо тажрыйбасы бар. Эми белди бууп, жашооңузду жакшы жагына бурууга аракеттениңиз. Анткени кандай ойлорду ойлосоңуз, ошолор жашоодо келет. Эгер өзүңүздү өзүңүз аяп, жапа чегип, кайгырсаңыз, анда жашоодо эч кандай муратка жетпейсиз. Андан көрө жеңүүчүгө таандык эркти өстүрүңүз.

«ЖОЛДОШУМ МЕНЕН БАЛАМ ТИЛ ТАБЫШПАЙТ»
– Бул күйөөмдүн да, менин да экинчи никебиз. Жашап жатканыбызга 2 жылдан ашты. Анын 3 баласын аялы өзү менен алып кетиптир. Ажырашуусунун себеби аялынын банкротко учурап, көп карызга батканынан улам экен. Менин бир балам бар, азыр 9 жашта, биздин колубузда. Учурда айылда жашап, талаа иштери менен күн өткөрөбүз.
Ушунча убактан бери күйөөм балама тоң мамиле жасаганын койбоду. Эркелетпейт, жанына алып отуруп «муну мындай кыл» деп керектүү кеңешин айтпайт. «Ал деген бала да, кичине бооруңа тартсаң сага көнөт го. Жакшы сөз айтып, жок дегенде көңүлүн көтөрүп койбойсуңбу?» десем, «жакшы эле көрөйүн дейм, бирок балаң өзү менден качат, айтканымды кылбайт. Кантип боорума тартышты билбейм» дейт. Күйөөм жакшы адам. Балама башынан эле кол көтөрбөйт, кыйкырбайт. Бирок баламдын андан жатыркаганы, тилин кээде албай койгону чын.
Ушулардан улам жолдошума чоочун баланы кантип тарбиялоо тууралуу кеңеш керек экен деп ойлоп жазып жатам. Жооп күтөм.

Айназик, 31 жашта Ысык-Көл.

– Айназик, чынын айтканда, күйөөңүз балаңызды жакшы көрө албайт, андан күтпөш керек. Уулуңуз 9 жашка чыкса, көп нерсени түшүнүп калган экен. Мындай учурда жолдошуңуз менен чогуу отуруп, бирге жашагандан кийин кимге кандай мамиле жасаш керек тууралуу сүйлөшүү кажет. Коркпостон, бир-бирине доомат артпай, үй жумуштарын өз ара бөлүшүп, мамилени чектеп, урмат-сый менен жашаса болот. Сизге кеңеш, эч качан күйөөңүздүн кемчиликтерин балаңызга айтпаңыз. Өзүнүн атасы тууралуу да жаман айтпоо зарыл. «Сенин эки атаң бар, бактылуусуң» деңиз. Балаңызга көңүл буруп, дайыма сүйлөшүңүз. Бала – ата-эненин күзгүсү, алар биздин ички дүйнөбүздө эмне болуп жатса, ошону билдирип турат. Эгер балаңыздын кыялы өзгөрүп, таарынчаак боло баштаса, кемчиликти өзүңүздөн издеңиз. Качан сиздин ички дүйнөңүз жай тапканда балаңыз да тынч жашайт. Дагы айта турган нерсе, уулуңуздун алдында өзүңүздү күнөөлүү сезип жатканыңыз. Ал сезимдерди алып салып, балага турмуш тууралуу эч кимди күнөөлөбөстөн түшүндүрүп айтуу керек.

«ЖИГИТТЕР НЕГЕ МЕНИ ТАШТАП КЕТИШЕТ?»
– Мени менен жигиттер жакшы эле сөз айтып, мамиле түзүшөт да, анан таштап кетишет. Кеткенде да менден жакшыраак бирөөгө болсо мейли го, сулуу эмес кыздарга кетишет. Мен деле жашым келип калгандыктан, мага күйөө болчу неме болсо кармап калганга тырышам.
Кээде мүнөзүмдөнбү деп коём. Анткени болгонун бетине айтып салып отуруп калам. Кууланып, ары-бери жагына өтүп мамиле кылганды билбейм. Бирок ак көңүл, кектебеген жанмын. Ушинтип жүрө берсем күйөөгө тийбей каламбы деп корком. Эмне кылсам болот?

Азада, 29 жашта, Бишкек.

– Эркектер менменсинген, озунган аялзатын көп жактыра бербейт. Алар назик, мээримдүү кыздарды жактырышат. Аял болгондон кийин ийкемдүү, ийилчээк болгон жакшы. Өзүңүз сезип жаткандай, мүнөзүңүздү оңдоого көңүл бурууңуз керек. Бирок күйөөгө тийбей каламбы деген коркунучту жолотпоңуз. Ишенүү жана күтүү (чыдамдуулук) зарыл. Ар бир адамдын түгөйү бар. Эртеби-кечпи жолугасыз. Айланадагы адамдарды да байкаңыз, балким, алардын арасында сизди сүйгөн адам бардыр. Сизге сүйлөй албай, көз кырын салып жүргөндүр.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Кээ бири «кимди тандайм?» деген дилеммага такалып, «эми кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген маселеге кептелет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» жана «Психологдун кеңеши» рубрикаларыбыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.

Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу
берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(45)
15.04.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмуш турушу менен муш да ошон учун.Эркекке ишенгиче, эки босогоно ишен деген.

21.01.2015. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adi.anara,Беш кол тен эмес,анда мындай соз бар,койнунда жаткан аялын душман.
15.04.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам!!!Бул жашоо сыноолорго бай ошондуктан сабырдуулук менен жениниз,ал эми боюнуздан алдырган куйоонузго АЛЛАХ озу жазасын берет!Сиз ыйман жолунда намаз окунуз бары жакшы болот
15.04.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жигит табпай жургон кыздар болсо мага кайрылгыла мен кыз таппай журом
15.04.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз суйсо калат, бала суйсо алат!
15.04.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башкасына сабак болсун
15.04.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулкан капа болбо баарына шугур дегин ,ааа куйооно келсек акмак экен туулбай тубасасынан кетсе жакшы болмокЭ ноборот суйунбойбу биринчисин дагы торобосо.Мисалы менин куйоомдун дагы экинчи турмушу менин биринчи турмушум менин куйоом балалу болушубузга кандай кана аракет кылып жатат дарыланып турмуш али алдында кудайм пендесин унутпаса берет. мен ошол ишеним менен жашайм .
15.04.2013. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр кылыныз Алах оз пендесин унутпайт намаз окунус сис али жашсыс кудайым буйруса мееримдуу жана боорукер алах сизге озу ыймандуу омур жолдош жиберет деп ишенем сабыр кылыныс сабырдуулуктун сообу чесис аны алах гана билет а тиги жигит туура эмес кылыптыр алахтан корксо болмок чон кыз сизге эки дуйно бакыт каалайм бул да болсо алахтын сыноосу
15.04.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бетке айтып журуп коп кыйналдым, азыр эле кайн энеме бетине айтып коюп конфликт чыгарып Ийдим. Мага жакшыы психолог керек болуп жатат!
15.04.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулкан депрессиядан тезираак чыгып кийинки жашоонду ойло аборттон кийин лечения ал ийгилик сага
15.04.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар кичине ойлонгула и жигиттер силерде да карындашынар бар эртен эле кыздуу болосунар земля круглый не надо забывать !!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
16.04.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулкан мен сизди абдан жакшы тушунуп турам анткени менин башымданда так ушундай окуя болуп откон бирок бактылуу жан экенмин азыр баары жакшы бир балам бар а сиз жакшылыктан кол узбой чыйралыныз бир гана жараткандан сураныныз андан куч кубат тилениниз бул сыноо сыноого сынбаныз ага каршы турунуз кубаттаныныз арекеттениниз баары жакшы болот
16.04.2013. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулкан эже Аллах Таала куйоонузго оз жазасын берет деп ишенем.А сиз лечение алын,депрессиядан чыгын,ошол куйоонуздун козуно корунуп жашабайсызбы!!!Менсиз эмнеге жетиштин,сындын дедирбей?!Андай ою кыска,дуйнотаануусу жок адамдардын козуно сайып корунуп жашаш керек!!!Менин да биринчим боюмдан тушкон,бирок Аллахым мени унутбаган экен,азыр бир уул,бир кызым бар.
Айназик эжекеге сабырдуулук эн жакын досунуз болсун демекчимин.Баарына Аллах Тааладан жардам суроо керек.Баланызга жакын болун.
16.04.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар мне болуп баратабыз? ар бир 5,6 уй було кулап, ыймандын , кудайдан коркуу деген сезимдин 1 процентке да жоктугу
16.04.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюндан алдыр десе алдыра салган Гулкан дагы шер экен го, анын акыры эмне болоор экенин озу деле билген экен. Баланы алдыр деген акмактын колунан жакшылык келбешин ал ошентип айтканда эле билсе болот да.Кайра кошулуп алып алдырып салбай.Ошон учун куйоого тиерде козунду чоон ач деген кеп да бекеринен чыпаса керек.
17.04.2013. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life, ala kachyp ketken kysdar kosdorun kantip 4oon a4at boldu eken? kuoogo tieerlerin osdoru bilbei kuoogo tijip jatsa?
16.04.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо бул сыноо да кудайым жакшы коргон адамын катуу сынайт деп койот,андай учурда "Аллах мага жетиштуу" деп озубузду кармоо керек. Кандай нерсе болбосун баары жакшылыка, тагдырым деп кабыл алуу, озун жемелегенде,кайгырганда эч кандай пайда жок, айлананызды караныз сиздин тагдырдан оор тагдырларга конул бурунуз, Алланын каалоосу менен болдубу демек сизге жакшы жар туш болот Аллах сунган колду соолутпайт, сураныз бак берет бала берет.
16.04.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлкан, биринчисин билбестик, жаңылыштык ж.б. ар кандай себептер менен боюнан алдырып, кийин боюна бүтүп балалуу болгон көп эле айымдарды билем. Үмүтүңдү үзбөй, белди бекем бууп, алга карай кадам ташта. Эсиңде болсун, боюңа бүткөн балаңдын өмүрүн кыюу үчүн эч кимдин тилине кирбешиң керек.
17.04.2013. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулкан баары жакшы болот баары алдыда,эч качан умут узбо аллахым боорукер...
17.04.2013. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эже-карындаштарым! Бул сөзүмдү силерге гана айтамын: Тиричилик дарты үчүн абийирсиз, адеп-ахлаксыз бир эркектин өкүмү астына киргенден көрө, сарамжалдуулук жана канаат менен айыл жергесиндеги аялдардын ырыскы табуу үчүн иштеп жүрүшкөнү сыяктуу өзүңөрдү багууга аракет кылгыла жана өзүңөрдү сатпагыла! Ал эми сизге ылайыктуу болбогон бир эркекке
17.04.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ойлойм жашоо алдыда,эч качан откон ишке окунбой,алдыга гана умтулуш керек.Оч алгандын кереги жок,оч алуу жакшы ишке алып барбайт.
18.04.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
eee dostor jawoo en kyiyn... owon u4un tura gana jopl menen juruw kerek deim!!!!
19.04.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрин акмак экен,бирок озунда каршы болсон колунан эч нерсе келбейт болчу.кай заманда жашап жатабыз азыр баардыгы оз укугун коргой алат.
19.04.2013. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялынын башына кун тушуп турганда таштап кеткен эркектен жакшылык кутууго болбойт.
20.04.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалык суйфгон кундо да баланы боюндан алдырбай эле койсон болмок Гулкан. Себеби боюндан алдыр дегени эле ал эркектин денгээлин корсотуп турбайбы, эми кудай озу кчирсин, мындан ары адашпа, жолун ачылсын, башына эмне иш тушсо да которууго аракет кыл, умут менен гана жашай бер.
20.04.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйбогонго суйконсон аягы ушунтип бутот а суйгонду болсо туркулойсун а неге бактынар ошол сени суйгон болот ,,,сулуу кыздар ,,
01.06.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жигитим туболук жанымда болуусун каалайм. Ал учун эмне кылуум керек?
26.06.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулкан эркектерди суйбош керек тока суйдуруш кеерек анучун сен тока озунду суйушун керек озун учун бут нерсени кылышын керек
29.01.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунузду колго алып жашодо оз бактынызды таап балалуу чакалуу болунуз
11.02.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekter ozu osondoi bolusat menin kuioom dagy seni suiboi kaldym kete ber dep jiberip koiup anan japjas biroonun basin ailantip any boozutup anan uilonup boiunan aldirip bir kunu sadagamdai bolup tun jarimda jetip keliptir emne keldin desem tigini suiboi kaldim sen m.n ele jashai bereinchi deit bashka kaitalanbait deit men kabyl algan jokmun
05.05.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азада бетке айткандын заары жок.Чындыкты бетке айткан жакшы аркадан суйлогондон коро. Бир кун сизда бактынызды табасыз.
21.08.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда суйуп кыйналып жашачумун ал жашоо еми артта азыркы жашоомду айтсам повод бербейм суйбогонго аракет кылам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо