Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:«НИКЕ ТҮНДӨ ЖЕҢЕЛЕРДИН ШЫКААЛАГАНЫ – ЖАПАЙЫЧЫЛЫК»

№545 12-18-апрель, 2013-ж

Төшөк маселеси бүтпөгөн тема. Ар бирибизге бул жаатта сабаттуу болууга эмнеге болбосун?! Биздин бул жолку маегибиз дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен болду. Ал исламда төшөк маселеси жана биздин «жапайы» салттарыбыз тууралуу айрым маселелерди ачык айтып берди.

– Чубак ажы, ар дайым эркектерди «кыргыз кыздары корейге тийгенче, экиден аял алгыла» деп үндөп келесиз. Бирок эркек эки аялдын каалоосун канааттандыра албай калсачы?
– Шариятта экиден ашык аял алганга уруксат, бирок бул таңуулоо эмес. Бул маселе социалдык маселелерден улам келип чыккан сөз. Албетте, көп эркектер материалдык, моралдык, физикалык жактан даяр эмес. Ушул жактан даяр эркектердин экиден ашык аял алуусун колдойт элем. Мен корейге күйөөгө чыккандарды деле колдойм, эгерде алар мусулман болсо. Болбосо кыздарды аты-жыты тааныш эмес немелер алып кетип, кандай гана кордуктарды көргөзүп жатышат?! Экинчи маселе, эркек-кыз бирдей эле санда төрөлгөнү менен, үйлөнүү куракка чейин азы гана жетет. Ооруп өлүп калышат, ызы-чууга аралашып атылып кетет, согушта курман болушат. Аялдар көп болгондуктан, айтылган ачуу чындык. Ал эми импотент эркектерге эки эмес, бир аял алууга уруксат эмес. Анткени аялдын да өзүнүн акысы бар, алардын муктаждыгын канааттандырыш керек. Эгерде аял муктаждыгын күйөөсү таптакыр канааттандыра албаса, аны менен ажырашууга ислам сотуна арыздануу укугу бар.

– Айрымдар «мен күйөөсү жок аялга барып, каалоосун канааттандырганым үчүн сооп жазылат» дешет экен. Буга жообуңуз...
– «Бойдок келиндерге барсаң, даракка суу куйгандай сооп аласың» деген сөз эл ичинде айтылып жүрөт. Бул шариятта туура айтылган маселени ушинтип туура эмес түшүнүп алгандан келип чыккан көрүнүш. Андан эч ким, эч кандай сооп таппайт. Сооп табам десе, ошол аялга нике кыйып үйлөнүп, анын бала-чакасын баксын.

– Угушума караганда, аялы же күйөөсү төшөктөн баш тартса жаза колдонулат, ал кандай жаза?
– Жубайлар жубайлык милдеттеринен себепсиз баш тартса, кыямат күнү кадимки күнөө иш катары эле кабыл алынат. Мисалы, «аял күйөөсү чакырганда себепсиз баш тартканда түнү менен периштелер ага каргыш айтып турат» деп айтылат. Аял ооруп калганда, айыз маалында, кандайдыр бир себептер болгондо күйөөсү ага түшүнүү менен карашы керек. Эгерде эркек аялынын дене талабын канааттандырбаса, ыкмаларды колдонбосо, ал дагы күнөөлүү болот жана жазасын алат. Пайгамбарыбыз: «Аялыңар менен кошулган учурда өзүмчүл болбогула, жыргалдын туу чокусуна аялыңар менен чогуу чыгууга аракет кылгыла. Жардамдашкыла, аялыңар да рахаттын туу чокусуна силер менен чыксын. Аялыңар менен боло турган түнгө кадимкидей даярдангыла» деген.

– Мурун кыргыздарды жеңелери бул жаатта «чебер» болушуп «үйрөтүшкөн» эмеспи. Азыр баары ачык-чачык, каалаган жерден «үйрөнүп» алышса болот. Ал эми шарият боюнча «жеңенин» ролун ким аткарат?
– «Жеңенин бир саны кайниники» деген одоно сөз жана салт болгон, ошол тууралуу айтып жатат окшойсуз. Шарият бул нерсеге тыюу салат. Жигит мурун башка бирөө менен байланышта болуп, үйрөнүп келишинин кажети жок. Мисалы, бала жаңы төрөлгөндө аны эч ким эмчек эмгенге үйрөтпөйт, жумурткадан жаңы чыккан жөжө өзүнө эч ким үйрөтпөсө деле жем издеп баштайт. Ошол сыяктуу эле бул эркек менен аялдын ортосундагы табигый, Кудай жараткан тартылуусу, эч кимдин үйрөтүүсүнө муктаж эмес. Ага эч кандай илимдин кереги жок. Бирок эркек да, аял да үйлөнгөнгө чейин китептерден окуп, эмнеге уруксат, эмнеге тыюу салынат билип алганы жакшы.

– Ал эми динде эмнеге тыюу салынат, эмнеге уруксат?
– Биринчи маселе – аял менен эркек сөзсүз никеде болушу шарт. Экинчиден, аялдардын бала төрөй турган жеринен гана кошулууга уруксат берилет. Ал эми аркасынан кошулганга, айыз учурунда, төрөгөндөн кийин 40 күнгө чейин кошулганга уруксат берилбейт. Ал эми башка убактын баарында никеде болсо уруксат берилет.

Мусулманчылыкта «эркек аялын эркелетүүдө киндиктен ылдый өөп эркелетпеш керек» деген сөз бар. Ушул туурабы?
– Эркеги аялдын, аялы эркектин киндиктен ылдый өөп же жыттап эркелетүүсү кээ бир учурларда адепсиздик катары бааланат. Бирок шариятта так кесе тыюу салынбайт. Кээ бир аалымдардын айтымында, күйөөсү менен аялы бири-биринин уят жерлерин карабашы керек дешет. Бирок шариятта экөө тең каалаган учурда андай эркелетишүүгө тыюу салынбайт.

– Атактуу «Клон» сериалында нике түнүндө күйөөсү аялынын бутун жууп берген жери бар эмеспи. Биринчи түн мусулманчылыкта кандай өтүүсү шарт?
– Нике түнүндө экөө тең алгач даарат алып, аялы эркегине уюп (уюп дегеним, ээрчип дегеним), чогуу намаз окушу керек. Себеби чоң жашоо башталып турат, ошонун кайрымын тилеш кажет. Жанагы бутун жуу шариятта милдеттүү шарт катары каралган эмес, көбүнчө салт болуп жүрөт. Эркектер бул түнү аялын чочутуп албастан, өтө этияттык менен мамиле кылуусу керек. Бизде биринчи түндө жеңелер аңдып карап, кызбы же башкабы деп, анан сүйүнчү эле сүйүнчү дешип, айтор, чоң «жаңылык» кылышат эмеспи. Муну шарият четке кагат. Бул жөн гана кыргыздын жапайы салты. Анткени кызбы же кыз эмеспи, бул жубайлардын гана ортосунда кала турган, эч кимге даршан кылынбай турган нерсе. Сүйүнчү айтыштын кереги жок, күйөөсү гана билсе болду. Негизи эле жубайлар өздөрүнүн ортосундагы интимдик катнашты башкага айтпоосу абзел.

– Эми айтпай кетсек болбостур, учурда «секс по телефону», мастурбация, жасалма жыныс мүчөлөр толуп жатпайбы. Буларды колдонуу күнөөбү?
– Эгерде күйөөсү никедеги аялына алыста болсо телефон менен эркелетип, жакшы сөздөрдү айтып сагынычын жазса болот. Ал эми жанагы кол менен мастурбация кылуу, жасалма жыныс мүчөлөрдү колдонуу таптакыр шариятка туура эмес. Бул жалгыздыктан келип чыккан маселе, андан көрө бирөөгө тийип алып, чыныгы рахаттын даамын татканы оң. Ошол нерсеге муктаждык жаратпаска аракет кылуу зарыл. Негизи, жубайлар шартка байланыштуу 4 ай гана бири-биринен алыс болгонго болот. Окуп жатса да, башка маселелер болсо да 4 айда бир келип жолугуп турушу зарыл. Эгерде такыр алыска кетсе, анда орозо тутушу керек. Анткени орозо маалында энергия сыртка сарпталбай, каалоо бир аз басаңдайт. Ар бир нерсенин: көздүн, колдун, мурундун, ашказандын акысы бар. Дененин акысын да берип канааттандырып туруу абзел.

– Төшөк оюнунан кийин кандай нерселерди кылуу керек?
– Жубайлар кошулгандан кийин дароо тура калып гусул алып жуунуу шарт эмес. Балким, ошо рахатты созгулары келер. Дароо барып жуунганда уруктук келген каналчалар тазаланышы керек. Эң жогорку эрекцияга жеткен адамдын кан тамырлары, баары орду-ордуна келиши керек. Андыктан багымдат намаздын алдында гусул алуу жетиштүү.

– Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(52)
15.04.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак устазга Алла ыраазы болсун, ушундай сабактарын дагы жазып турсаныздар жакшы болмок.
16.04.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак ажынын суйлогону аябай жагатда.Жонеле мээнди ачып туруп насаат создорун коюп койгондой,Таптаза кыргызча так даана суйлойт,кээбир журналисттерда Чубак ажыдай оюн так даана айталбайт керек болсо
16.04.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Paidaluu maalymattardy aldym,rahmaat chon!
16.04.2013. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Созду онго-солго бурбай так тушундурот,чон рахмат сизге!!!!
16.04.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytkandary jakshy birok Ekinchi ayal
aluuga birinchi ayaly uruksat berse ozu oorukchan bolso mildetin atkara albay kalsa ekinchisin alsa halal Moldoke birinchi ayali iraazi bolboi alsa aramdir degen jeri da bar
18.04.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamko, andai jerin kaidan okup jurosuz bilbeim birok Allah Taala bir ele shart koigon, al -egerde ortolorunda adilettuu bolo alsang gana 2-3-4 aial aluuga uruksat
16.04.2013. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажынын жоопторун издеп таап окуймун.Абдан жакшы тушундурот.Аллах сизден ыраазы болсун.
16.04.2013. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолору да курч ошого жараща жооптору да так айтылган ;)
16.04.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эми ушуну айтсан, берки жене соройлор тушунсо каначы? жапайыча эшик ,терезе илибой тешике башын тыгып келе беришетда
17.04.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
altinim, мен да жене болдум эй.Баардык эле женелер бирдей эмес да. :-)) Антип андып абийиринди токкучо ары жакта чай ичкенче кутконун он го,эн егизгиси ажы айтмакчы куйоо бала ыраазы болсо болду да...Калганынын эмне кереги бар,чынбы?...
18.04.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989, чыпа чын женеке, из мадалес экенс
16.04.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыраазы болсун!
16.04.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбарыбыз: «Аялыңар менен кошулган учурда өзүмчүл болбогула, жыргалдын туу чокусуна аялыңар менен чогуу чыгууга аракет кылгыла. Жардамдашкыла, аялыңар да рахаттын туу чокусуна силер менен чыксын. Аялыңар менен боло турган түнгө кадимкидей даярдангыла» деген.

16.04.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чубак ажынын окуп чыккан китептеринин салмагы 3 тонна чыккан экен... Куранда айтылгандай. "Оку жана оку" Алла ыраазы болсун..
17.04.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шарият корсоткон жол менен жашасак,баары жакшы болот эле!Аллах раазы болсун!Рахмат сизге Чубак ажы Жалилович
17.04.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МаашаАллах, ушундай пайдалуу кенештерди жана маалыматтарды кобуроок чыгарсаныздар сиздер да соопко каласыздар деп ишенем. Уйлоно элек жана жаны уйлонгон жаштар учун эн керектуу жана пайдалуу.
17.04.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы илимдуу инсан Чубак ажы Аллах ыраазы болсун сизге!
17.04.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женелердин шыкалап караганы бул жапайычылык деп туура айтыптыр, ушул женелердин эмне иши бар дейм да. бул корунуш бара жоголот деген ойдомун
18.04.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balshirin, женелердин андыганы деле жакшы бир жагынан.
18.04.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balshirin, женелерге андыгыла деп жогорку чинден приказ келет да
20.04.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi, Ха-ха-ха туура айтасыз!!!
17.04.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Женелердин андыганы туура эмес дегенди кыздар жакшы колдошуптур да. Негизи туура эмес, мен да колдойм.
17.04.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде бир тундо бир жолудан ашыкча кошулса,ортосунда созсуз жуунуш керекпи?
18.04.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhorobekt, jok sossuz jubunush kerek emes, birok jubunganga shart bolso jubunup koigon jakshy, bolboso daarat alsa da jakshy, ech nerse kylbai ele bagymdattyn aldynda bir ele jubunsa da bolot, Chubak ajy aitkandai
18.04.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhorobekt, озуно деле приятно го жуунуп алсан.дискомфорт болбойт.
17.04.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун ушул кишиден
18.04.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тундук дегеним.
18.04.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жашообузга керектуу нерселерди айтып бериптир
18.04.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исламдагы уй-було эрежелерин так аткарсак коптогон ажырашуулардын алдын алган болоор элек
18.04.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы нерселер жазылыптыр. эн соонун
18.04.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтылган
19.04.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо мезгилден артта калбаныз!
19.04.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Албетте, көп эркектер материалдык, моралдык, физикалык жактан даяр эмес. Ушул жактан даяр эркектердин экиден ашык аял алуусун колдойт элем." деп коюптурда Чубак ажы а дегенде эле башында
........
19.04.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
«кыргыз
кыздары корейге тийгенче,
экиден аял алгыла»
экинчи аял болгончо кореецтин эрке аялы болгон ойдо.
19.04.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
21.04.2013. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур.
21.04.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдалуу, жакшы маек болуптур.алла ыразы болсун
23.05.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенеш бул бизге керек нерселер аллах ыраазы болсун сизден Чубак ажы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо