№545 12-18-апрель, 2013-ж
Эркектин 3 милдети бар: бак тигүү, үй куруу жана артында туяк калтыруу. Эгер сиз үй куруу парзын аткарам деп белсенип жатсаңыз, анда үйдүн дубалына кайсы материал мыкты экенин билүүңүз кажет. Бул жаатында биз жардамга келебиз.
КЫШТАР
Чийки кыш
Чийки кыш – ылайдан жасалган, бышырылбаган кыш. Баасы – 3 сом.
Артыкчылыктары:
Кемчиликтери:
Силикат кыш
Силикат кыш бул – цемент жана кумдан жасалат.
Баасы – 6-10 сом.
Артыкчылыктары:
Кемчиликтери:
Силикат кыш негизинен үй курууга эмес, короо жай, кампа, тосмолорду курууга ылайыктуу. Өтө ысык температурага чыдамдуулугу төмөн болгондуктан, очоккана курууга жарабайт.
Бышкан кыш
Бышкан кыш – ылайдан жасалып, отко бышырылат. Дубал тургузуудагы эң жакшы курулуш материалы.
Баасы – 7,2-8,2 сом.
Артыкчылыктары:
Кемчиликтери:
Бирок бышкан кыштын сыртын ачык калтырбай шыбап коюу сунушталат.
Эскертүү: Жогорудагы кыштардын баарына тиешелүү дагы бир кемчилиги – дубал тургузууда көп убакытты талап кылат. Ошондой эле силикат жана бышкан кыштарды кыноодо цемент менен кумдан даярдалган аралашманы көп талап кылып, чыгымды көбөйтөт.
ПЕНОБЛОК
Пеноблок – көптүргүч материалдардан, кум жана цементтин аралашмасынан жасалат. Курамы ар түрдүү. Мисалы, пенопласттын тоголокчолорун, пенополиуретан деген синтетикалык жол менен алынган жеңил материалдарды кошуп жасашат.
Баасы – 110-130 сом.
Артыкчылыктары:
Кемчиликтери:
ШЛАКОБЛОК, ГАЗОБЛОК
Шлакоблок, газоблок – цемент, кум, шагыл жана көмүрдүн күйүп бүткөн калдыктарынан жасалат. Бул дагы газ бөлүп чыгаруучу курулуш материалдарынын катарына кирет.
Баасы – шлакоблок – 20 сом, газоблок – 135-165 сом.
Артыкчылыктары:
Кемчиликтери:
СОКМО, ГУАЛЯК (ЧАБАЛЕКЕЙ)
Сокмо, гуаляк (чабалекей) – булар чийки кыш ээ болгон артыкчылыктарга жана кемчиликтерге толугу менен ээ. Негизги кемчиликтеринин бири – дубал тургузууда бири-бирине байланышы жок болгондуктан, сейсмикалык жактан кооптуу. Тактап айтканда, астыңкы катар менен үстүңкү катардын байланышы жок. Ал эми гуаляк дубалдын бурчтарына келгенде начар байланышат.
БИЗДИН ТАНДОО – БЫШКАН КЫШ
Жыйынтыгында жогорудагы курулуш материалдарынын ичинен үйдүн дубалы үчүн бышкан кыш эң мыкты каражат болуп бере аларына күбө болдук. Анткени ден соолукка зыяндуулугу жок, курулуштун бардык талаптарына жооп берет жана жайкысын салкын, кышкысын жылуулукту жакшы сактайт.
Эскертүү: Баалар Бишкек шаарынын аймагынан алынды.
Жогорудагы маалыматтар менен бөлүшкөн Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетиндеги имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш кафедрасынын башчысы ЖАНЫБЕК МАМАТОВ:– «Хабитат Кыргызстан», Сейсмология институту жана «Трансферт технология борбору» менен биргеликте КМКТАУнун лабораториясындагы сейсмоплатформада эксперименттерди жүргүздүк. Мында жергиликтүү ылайдан жасалган курулуш материалдарынын жер титирөөгө туруктуулугун текшерип, жыйынтыгында алынган материалдарды топтоп, жер-жерлерди кыдырып элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз,- дейт.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Нымдуулукту тез тартып алат Артыкчылыктары:
Нымдуулукка туруктуу.??????????????
Сизге түшүнүксүз болуп жаткан пунктка түшүндүрмө берилди. Рахмат!
Контейнерден жасалган үйлөр тууралуу төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/article/?article=20937