КЫРГЫЗСТАНДАН НЕФРИТ ТАБЫЛДЫ, ТАГДЫРЫ КИМДИН КОЛУНДА?

№545 12-18-апрель, 2013-ж

«Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан этти жечү көп» деген кептин аныгын эми түшүндүм. Анткени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылына чоңдордун унаасы анда-санда гана каттачу. Азыр күн сайын Лексус, Жиптер көчөнү чаңдатып тоо тараптагы айылга агылууда. Эзели мындай унаалар жүрбөгөн жолдун бактысы эмнеден ачылды дебейсизби? Жообун төмөндөн окуңуз.

НЕФРИТ ТУУРАЛУУ

  • «Нефрит» грек сөзү, бизче «бөйрөк» деген түшүнүктү берет.
  • Таштын жыйырмага жакын ар кандай түстөгү түрлөрү бар. Эң эле баалуусу ачык кызгылт. Анан көк, кочкул жашыл түстөгүлөр.
  • Нефрит ташынан көбүнчө зер буюмдар жасалат.
  • Аты айтылгандай, бул таш бөйрөк оорусунан жакшы айыктырат. Баалуу таш менен бөйрөктү укалап жана таңып дарылашат. Нефрит ар кайсы мамлекетте ар кандай колдонулуп келет. Жадакалса тишке пломба катары да пайдаланылат.

«КОКУЙ, ТАШТЫ ЧОҢДОР БӨЛҮШҮП ЖАТЫПТЫР»
Кечээ жакында тоо этектеген Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын дал ортосунан нефрит ташы табылды. Бир айдан бери «Ысык-Көлдө нефрит табылыптыр» деген кеп кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна жеткендей болду. Жаңылык күндөн күнгө көбүрүп-жабырып «таш нефрит эмес экен» же «кокуй, аны чоңдор бөлүшүп жатыптыр» деген сөздөр угула баштады. Эмнеси болсо да нефритти жанынан көргүм келип, жолго чыгам дегенимде «ал ташты түп орду менен жүктөп кетиптир» деген маалымат уксам болобу?! Ошентсе да баары бир барып, айылдан жандоочуларды алып, жөнөп калдык. Алыстан эле таштын тегереги казылганы көрүнүп турат. Таш аябай чоң. Кыязы, жүз тоннага чейин бар. Үстүңкү катмары суудан бир метрдей чыгып турганы менен, ылдый карай беш метрден ашык казылыптыр. Бирок түбүнө жетпегени байкалып турат. Ошол эле учурда ар кайсы жеринде темирдин соккулары бар. Көптөр кетип болсо да алып кетүүгө аракет кылышкан экен. Жалтыраган таң каларлык таштын өңү көк, жашыл сыяктуу болуп, башка таштарга окшоштура албадык. Бизге жол көргөзүп келген ЖЕҢИШБЕК НАМАЗОВ төмөнкүлөрдү кобурады:
– Ушинтип таш кайтарабыз деген ой келген эмес. Антпесек, күн­дө бирөө келет. Бир аз мурун «боз үй берели, ташыңарды бергиле» деп келишкен. Анан дагы бирөөлөр «трактор беребиз, мечитиңерге
15 миң сом берели
» деп келишиптир. Айыл эли макул болгон жокпуз. Чоңдор келип-кетип эле жатышат. КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон Эркингүл Иманкожоева да келди. Ал «өкмөттөн комиссия түзүп, эксперттерди жиберем» деген. Комиссия түзүлүп, текшерилгенде нефритке канча элемент жетпейт же даана нефрит экени билинет. Бирок биздин айылдын бизнес жасап жүргөн жаштары кытайлык кыргызды алып келип көрсөтүштү. Алардын сөзүнө караганда, чын эле нефрит. «Лицензия алсаңар, сатып да берем» дегендер чыгууда. Бирок айыл эли нефрит мамлекетке өтсө, бизге үлүшүн бөлүп берсе дегенбиз. Ким билет, кандай болору.
Биз бул таштын баасын, баалуулугун деле билген эмеспиз. Көчөдөн 40 тоннага жакын бульдозер өтүп калды, анан күркүрөп казып башташыптыр. Алардын кызуу ишин көрүп, айылдан жаштар чогулуп келип «ташты казганга лицензияңар барбы?» десек, көрүнгөн күбөлүктөрүн көргөзүп киришти. Кимдер экени деле билинбеди.

«АЙЫЛДЫКТАР ӨЗ ҮЛҮШҮБҮЗДҮ АЛСАК ДЕЙБИЗ»
Эл баасын 30 миллион доллар деп баалаган асыл таштын үстүнө ар кимибиз туруп да, отуруп да сүрөткө түшүп, кайра жол тарттык. Чоң-Кызыл-Суу айылы Светлая Поляна айылдык округуна карагандыктан, айыл өкмөтү ЖЫЛКЫЧЫ МАМЫТКАНОВго жолугуп, кепке тарттык.
– Ооба, таш кайтарууда, анткени кызыккандардын саны көбөйүп кетти. Ачыгын айтканда, айылда көп маселелер бар. Айыл көчөлөрүнө жарык орнотолу, жолдорубузду жамаачылатпай оңдосокпу, жазында тоодон аккан кыянга туруштук бергендей канал куралы дегенбиз. Анан таш өкмөткө өтсө, ал жерден пайызын, үлүшүн бөлүп берсе жакшы болот эле.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов да келип кеткен. Ал киши тийиштүү жердин бардыгына кат жолдоптур. Менимче, аракеттер жүрүп жатат. Анан ашыкча аракеттер да болуп кетип жатат окшойт. Кээ бир чоңдор келгенин бизге кабарлабай эле ташка түз өткөндөр бар. Аларды биз өз кызыкчылыгы менен келип жатат деп түшүнөбүз. Бирок элдин айтканы айткан. Ар ким бөлүп-жарып кетсе мамлекетке да, бизге да эч нерсе жок болуп калат. Ошон үчүн колдон келсе мамлекеттештирип лицензия алып, анан сатсак пайдасы чоң эле болот, буюрса.

Эсиңиздерде болсо, былтыр жай айларында Каракол шаарына жакын Ак-Суу тоосунун аскасында кытай жараны курман болгон. ӨКМ канча күн издеп, бир апта дегенде араң табылган. Элдин айтымында, ал чет элдик жаран биздин тоолорго нефрит издеп келген. Айтмакчы, нефриттин эң эле кымбат баада бааланган мекени Кытай экен. Кытайлыктар нефритти күмүштөн, алтындан артык көрүшөт. Дүйнөдөгү эң чоң 260 тонналык нефрит дал ушул Кытайда 1963-жылы табылган. Кытайлар андан Будданын айкелин жасашкан. Андан бери жүз тоннадан ашык нефрит табыла элек дешет. Биздеги нефрит болсо жүз тоннадан ашчудай көрүнөт. Орусияда таза нефриттин бир килограммы 10 миң АКШ доллары деп бааланат.

Чыңгыз Баяманов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
15.04.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россияда ошондой болсо керек! Бирок мен жакында Щанхайдын жонокой (черный)базарынан 200гр. нефрит ташынын баасы 150000 доллар тураарын коргом.Далил катары сурот баасы менен бар.Чынын айтып койуу керек окончательная скидка 32%деп турат. ошондо 1кг.500000долларга барабар. А официально андан да кымбат болуу керек. Жашасын мекеним Кыргызстан!
15.04.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа,алдым-жуттум дебей, закондуу кылып саткыла
15.04.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле би3дин чондор, жалап жеп жутуп тазалап жок кылат мени айтты дейсинер, элге бир тыйын бербей ар нерсени айтып жок кылышат.
15.04.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын келечеги алдыда! Нефт,газ тугонот 100-жылда, суу кымбаттайт! демек, биз суубузду сатабыз. Кыргызстандын 90%аймагы тоодон турат, демек кен байлыгыбыз абдан коп! Нафсибизди тыйып элдин келечегин ойлоп иштесек 10-жылда орто Азияда лидер болобуз. Алга Кыргызстан!
15.04.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорго бериштен да коркосун алып алышып уурдап кетишти деп деле болуштуруп алышат.Азиз Батукаевди качырышкандай.
15.04.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир карапайым калкка эч нерсе артпайт.
15.04.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нефриттин тагдыры чондордун колунда да анан бээ кордунбу жок тоо кордунбу жок болот
16.04.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нефриттин тагдыры байагы эле ичип жеп тойбогон чондордун колундада кыргыздын канын соргон алдым жуттумдарда. ишенбейм ошо нефрит элге жардам болооруна
16.04.2013. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба да Кумтордон чыккан канчалаган тонна алтындын баркын билишпеди го ушу нефритти да жеп тойбостордун колуна тушсо кыйратышпайт элдин акысын жеген алдым жуттумдарга наалат
16.04.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нефритти колдон билгендер эчак тап кг 20 доллардан сатып байып жаткандарды билем байыгандар байый берсин чондорго деги эмне жетпейт билбейм элдин жайына койушса болмок
16.04.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми бул нефритти туура пайдалана алсак, жомоктогудай бай олкого айланарыбызга шек жок. Абдан кубанычтамын.
16.04.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондордон артпайтко эгер алардын колуна отсо
17.04.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ташты тазалап тегерегин коруп курорт же эс алуучу жай салса жакшы болот го ооруган адамдар барып чын эле дарылык касиети болсо дарыланып кеткендей кылып!жакшы болсо туристер да келип олкобузго кичине да болсо пайда болмок!
17.04.2013. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окмотко берсен бат эле башкаларга сатып чондор эле пайдасын коруп жок кылышат!
17.04.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оова туура айтасынар ташты окмотко бербей эл озу сатсын, баарын ачык айкын же Атамбаев козомолдосун качанкыга чейин байлыгыбызды чондор жеп Лексустарды миниши керек, элдин акысын эле жумшагыла кудайдан коркуп!!
21.04.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондор кудайдан корккондо,мамлекет ушул кырдаалга туура келбейт болчу ,нефрит эмес Кумтор тугойун деп калдыго.
21.04.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми, ушуну жепжутарларга жедирбей, жакшылап контролдоп алсанар экен, кандай гана жерлерибиз кетти, ал жерлерде не деген гана байлыктар бар эле, эми будамайлап таш эмес жерди кошо сатып конгон эмелер дагы будамайлабасын, уже пайда боло башташкан тура айла-амалын издеп атышат да дагы...кандай кылып козун тазалап жиберсек деп...
29.04.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
причинанын туру коп бирин пайдаланат да учо торто болуп алат карапайым калк айла жок ишенебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо