«ОЙЛОП ТАПКАН ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИМ ТҮШҮМДҮ МОЛ КЫЛАТ»

№545 12-18-апрель, 2013-ж

Алдыга умтулуп жаңы идеяларды баккан, аны элдин пайдасына жумшаган азаматтар жок эмес. Таластын кулуну Анарбек Камчыбеков учурда өзү ойлоп тапкан жер семирткичтери жана организмди тазалоочу суусундуктарын даярдап, бир нече өлкөлөр менен иштешүүдө.

Каарман тууралуу
Туулган жери – Талас району, Көк-Ой айылы
Туулган жылы, күнү – 1961-жыл, 13-июль
Билими – Жалал-Абаддагы кооперативдик техникумун, Москвадагы Тамак-аш өнөр жай институтун бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кызы бар.

– Саламатсызбы, Анарбек мырза, бул тармакка кандайча аралашып калдыңыз?
– Саламатчылык. Бул тармакка аралашып, эмгектенип калышыма атамдын таасири чоң. Ал кесиби боюнча агроном эле. Мен мектепти, анан жогорку окуу жайын бүтүргөн соң орус окумуштуулары менен бирге 2000-жылы «ЕАP» деген жоопкерчилиги чектелген коом негизделген. Азыр анын президентимин. Алгач ушундай эле аталыштагы жер семирткичти иштеп чыкканбыз. Ал Орусиянын Илимдер академиясында тастыкталган, 2001-жылдан тарта мен ойлоп тапкан жер семирткичти Казакстанда колдоно баштадык.

– Өзүңүз ойлоп тапкан жер семирткичтин даярдалышы, өзгөчөлүгү тууралуу айтып берсеңиз?
– Жер семирткич гумин кислотасынын негизинде суюктук түрүндө даярдалат. 1 литри 60 тонна кыкка барабар. Аны белгилүү өлчөмдөгү сууга аралаштырабыз да, өсүмдүктүн үрөнүнө, жалбырагына себүү аркылуу ишке ашырабыз. Өзгөчөлүгү курамындагы заттардын баары органикалык заттар экендигинде. Натыйжада жердин катмары жакшырат.
Ал эми колдонуу ыкмасы эки түрдүү. Биринчиси – өсүмдүктүн үрөнүнө себүү. Мисалы, 1 тонна төө буурчак үчүн 100 литр сууга 250 грамм кошулманы аралаштырып, шыпыргы менен төө буурчактын үрөнүнө тегиз сээп чыгабыз. Картошка себүү үчүн эгер ал өнүп калган болсо, 300 литр сууга кошуу коркунучсуз. Кошулмага чыланган үрөндү сепкенден кийин анын тамыры тез чыгат. Тамыр канча көп болсо, өсүмдүк ошончолук тез өсөт жана көп түшүм берет.
Экинчиси – жалбыракка чачуу ыкмасы. 300 литр сууга 1 литр өлчөмүндөгү аралашманы чачуу туура. Эгер көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашса, анда жалбырактын күйүп калуу коркунучу бар.

– Тажрыйбада жер-жемиштердин адаттагыдан түшүмдүүлүгү арткан учурлар болдубу?
– Жер семирткичтин курамында 20-25 макро жана микроэлементтер бар. Ошонун натыйжасында жер-жемиштин түшүмдүүлүгү артат.

– Организмди тазалоочу алкоголсуз суусундуктарын да ойлоп тааптырсыз... 
– Аталган суусундук 25 өлкөгө тарайт. Алардын ичинде Түркия, Япония бар. А1, А2, А3 деп аталган организмди тазалоочу концентратталган сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар чыгарылат. Аты айтып тургандай, организмди шлак, токсин, вирустардан тазалайт. Белгилүү болгондой, адамдын организми 70 жылда 100 тонна тамак-аш, 40 000 литр суюктукту кабыл алат. Мына ошол кабыл алынган тамак-аш калдыктары акырындык менен ичегиде жана денеде шлакка айланып, топтоло берет. Натыйжада кан коюуланып, иммунитет начарлап, организм ооруга чалдыгат. А бул суусундуктар организмди өлгөн клеткалардан, ар кандай тамак-аштын калдыктарынан тазалап, бөлүп чыгаруу системинин иштешин жакшыртат.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
15.04.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
алкоголсуз суусундуктарынын аталыштарын жазып кетсенер болмок
15.04.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздин алкаголсуз сусундунузду кайдан Алса болот ал кандай аталышта
15.04.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура, аталышы кандай экен. Москвада да барбы?
17.04.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жер семирткичтин аты кандай аталат толугу менен жазып койгулачы сураныч
17.04.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mira.,
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо