«УУЛУМДУН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ЖАЗАСЫН АЛЫШТЫ»

№545 12-18-апрель, 2013-ж

Аскерде каза болгон жигиттердин өлүмү акыркы мезгилде көнүмүш болуп баратканы кейиштүү. «Уулумду аскерде «өзүн-өзү асып алды» деп тыянак чыгарышкан. Бирок мен акыйкаттык таптым. Башкалар адилеттик издөөдөн чарчабай башын бийик көтөрсүн үчүн окуяны айтып берейин» деп кеңсебизге кайрылган энеге сөз берели.

«БАЛАМДЫ АСКЕРДЕН АЛЫП КАЛГЫЛА ДЕП ЖАЛДЫРАП ЫЙЛАДЫМ»
– Күйөөм 2004-жылы каза болуп, 4 балам менен жесир калдым. Балдарымды багып, болушунча аракет кылып, мына быйыл 15 жыл болду, өзүм нан жаап сатып жан багам. Менин ошол азаптарга чыдап баккан баламды аскерде 5 айда колума өлтүрүп карматты.
Балдарымдын улуусу Пазыл окуусун бүткөндө аскерге жөнөтүүдөн чочулап, каттоого тургузбай, жадакалса паспорт да алып берген эмесмин. 2011-жылы 8-майда аскерге чакыруу келди, сыягы, менин уулум тууралуу кимдир бирөө кабар берип койсо керек. «Уулумду алып кетпей эле койгулачы, үйдө мага каралашар улуу балам ушул» деп ыйлап сурангам. Анан баламды Бишкекке жөнөтүп жибердим. Ал жакта иштеп жүргөн болчу. Бир күнү үйгө аймактык тескөөчү келип калды. Келип эле «соттолгонсузбу, улутуңуз ким?» деп сурады. Ал «уулуңуз аскерге барат деген чакыруу келген, аскер комиссариатынан. Барышы керек!» деди. Анан ноябрь айында уулумдун жумушу жакшы болбой Бишкектен келип, «мен Орусияга барам, апа» дегенде ары ойлонуп, бери ойлонуп, «кой, балам, андан көрө аскерге бар, келгенден кийин сени үйлөнтүп коём» дедим. Ошентип, ал 4-ноябрь күнү чакыруу алып, 5-ноябрда Жалал-Абаддан жөнөп кетти.
10-ноябрда мага чалып, «апа, Шамалды-Сай шаарчасындагы №27-аскер бөлүккө бөлүндүм» деп кабарлады. 19-ноябрда ант берүү аземи болуп, ага бардым. Салтанат бүткөндөн кийин 2 саатка уруксат беришти, бардык ата-энелер жабалактап ашканага кирип балдарыбыздын курсагын тойгузуп, учурашып жаттык. Балам болсо эшик тарапка жүзүн буруп отурган. Тамак жеп жаткан жеринен эле «деддер!» деп ордунан тура калды. Мен эшик тарапты карасам, 3-4 бала кирип келе жатышыптыр. 2 саат дегени менен, кайра 1 саатта балдарды жыйнап кетишти. Мени менен коштошуп жатып, Пазыл «апа, мага 200 сом берип кетиңизчи» деп сурады. «Эмнеге?» деп сурасам, «топтогула деди» деген. Көрсө, балам ошондо эле коркуп жүрүптүр.
Үйгө келгенден кийин негедир оюма ар нерсе келип, кыжалат боло бердим. Турмушка чыккан улуу кызым чалып, «Пазыл кандай экен, апа?» деп сураса, «жакшы, көрүп келдим, бирок арыктап кетиптир» дедим. Кызым «апа, мен чалсам «ооруп жатам, бизди урду» деп айтты» деди. Мен дароо эле Данияр деген сержантка чалып сурасам, «ал аскерге чейин сойку кыздар менен жатып койгон экен, ошого ооруп калыптыр» деп айтты. Төбө чачым тик туруп, «мен өзүм текшерткем, ден соолугу жакшы эле го?!» десем, «өзү менен сүйлөшүңүз» деди. Пазыл телефондон «мен антип ооруган жокмун, бизди урду!» дейт. Көрсө, табарсыгына урган экен. Ошондо эле аны кароодон өткөрсөм болмок! Данияр мага «өзүм карайм балаңызды, эже, кабатыр болбоңуз» деп айтып, мен отуруп калдым. Андан кийин көңүлүм тынчыбай Даниярга чалсам, «мен башка жакка бөлүнүп кеттим. Эми тим коюңуз, кызматын өтөсүн, мага чала бербеңиз!» деп койду.

«УУЛУҢУЗ КУРУНА АСЫНЫП АЛДЫ...»
– Март айында уулума бардым. Өңү-башы жакшы болуп, алаңдап коркпой, токтолуп калган экен. Ошондо «эми буюрса, аз калды, бизден мурдагы чакырылыштагы жоокерлер («деддер») кетишет экен, баары жакшы болот» деген. Коштошор маалда «телефон ала келсеңиз болмок экен, сурап жатышат» дегенинен айылдаш айдоочу баланын кол телефонун алып бердим. Акча бердим колуна, анан алып баргандарымды алып кирип кетти да, кайра чыкты кубанып. Мага 200 сом сунуп, «муну кайра ала бериңиз, муну берсем да, бербесем да урат баары бир» деди.
Ошондон кийин «бирдик салып коюңузчу» десе эле, салып жүрдүм. Кудайдан тилеп жүрө бердим эле, ушул «деддери» кетип калса экен, баламдын жаны тынчып калар эле деп. Аңгыча 21-мартта айыл өкмөткө Пазылдын асынып өлгөнү тууралуу кабар келди. Мага угузганда ишенбей, Шамалды-Сайга, аскер бөлүккө бардым, барсам «уулуңуз куруна асынып алыптыр» деп айтты. Жалал-Абадга өлүкканага келсем, машинанын ичинде жатат балам...
Ошентип, баламды өлтүрүп колума карматышты. Комиссия түзүп, соттук экспертиза дайындалды. Мен акыйкаттык издеп, жанымды тиштеп жүрүп жеттим. Айылдаштарым да мага таяныч болуп турушту жанымда. «Уулум өзүн-өзү асып алышы мүмкүн эмес эле» деп боздой бердим, боздой бердим. Кылмыш жана жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү муунтканга чейин жеткирген) менен мурдагы чакырылган жоокерлер: Акматжан уулу Кабылбек 7 жыл 6 айга, Жумабек уулу Темирлан 7 жылга күчөтүлгөн мөөнөткө кесилди.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(40)
15.04.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунгон жокмун! Ким олтурду ошондо? Озун озу асса, деддер камалыштыбы? Мне аскерлер олуп эле атышат, кулап кетти, тутук басты, асынып алды, атынып алды деп эле?! Ким жооп берет буларга?! Жаман жанды кашайтышты го!!!
15.04.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ситуация SOS. мындай корунуш тез тез эле болуп жатат. биздин Кыргызстанда акыйкат деген жок. еми деддердин деле чеги болуш керек да. бул жашоодо болбосо тигил жашоодо жазасын алышат. ошону кылган адамдар жана ошондойго коз жапкан адамдар эненин ордуна оздорун коюп корушсо болмок. а дейбиз бу дейбиз жашоо улана берет екен. бирок мындай корунушту токтотуш керек. КАНТИП?. адмдын бир кана онбой кал деген созу еле канча. Кудайдан корккулачы.
15.04.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сабырдуу болунуз,ушундай жаман маалыматтард угуп жонокой эл жибергилери келбейт да баягы эле чиновниктердин балдары акча менен калып калышат.буга деддер эле эмес ошол жерде иштеген кызматкерлерди да соттотуш керек болчу.алар эмнеге карашпайт ушундайларды,ошол жерден акча таап жеп жаткандан кийин конул болуп коюш керек болчу.аскер кызматкерлеринде да бар чоооон куноо.начальнигин отургузуш керек,эгер россияда болгондо куноолулор менен кошо отурмак начальник.
15.04.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы балдар да жеңил ойлуу болуп кетишти. окшойт. Дедобщина мурдатан эле бар эмес беле.
15.04.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
knk, Bar ele, mynchalyk emes ele birok. Armiyaga bargansynby ozu?!
15.04.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда армияга барган жокмун,чакырышканда озумду билбей ооруп аткан элем.
15.04.2013. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин олкодо эл коргоочу эр азаматтарды тарбиялабай эле,озунун элине кол салган мыкаачыларды тарбиялап жатышатго.Деддеремес керек болсо офицерлерда тамеки сатып алышпайт,телефондоруна бекер бирдик озуле агылып тушуп турат.Мунун баарын жаны барган жоокерлер милдетине алышкан,как продюсер сыяктуу
16.04.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
он гулунун бир гулу ачыла элек жапжаш бала байкуш энесине эле кыйын болуптур, ушу деддеринин таш боорлугуна тан калам кантип колдору барат жаны кыйналып жатканын билсе деле сабай беришеби.
16.04.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
себепсиз ажал болбойт эже сабыр кылыныз. Тушунбогондор учун:барганда айтам десе эчким тиймек эмес биринчиден .экинчиден в армие чем больше дубов тем крепче наши обороны дейт. Учунчдон ал балдарда коргон ошол кыйынчылылты ким койдеген в армие виноватый не бывает виновных по простому назначает.живеш по уставу за воюеш честь и славу,дедовщина это рай тока зубы собирай.
Ташкомур тушунбой суйлобо
16.04.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оо дедовщина рай , тишинди собирай дейтко моерде бироо кара жан десе
16.04.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сактасын мындайларды угуп алып мен дагы баламы жибербеймин да .дедбиз деп эле олорчо сабагандар жазасын алсын
16.04.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
армияга баласын эркелеп ойноп келуусу учун жонотот бекен. Эл жерин тынчтыгын коргоого барат бул учун бекем тартип керек тартипке кантип чакырат озунор деле ойлонбойсунарбы. Сиз баланызды жонотпосонуз мен жонотпосом анда ким коргойт алакандай кыргызстаныбы3ды. Чон-аталарыбыз келиппи.
17.04.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asy0215, анда"Армия"дебей эле.бири биринерди кырганга барасынар деп чакырышпайбы?Андай дедовщиналардын эли жерин кантип коргой тургандарын элестете бергиле!!
18.04.2013. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
allan,кудай сактасын чынында согуш чыгып кокус салдат пленге туштду дейли кыйынчылык корбогон салдат,не кылат уйбулосунда кайерге жашырганын заматта айтатда токмок жеп корбогондугу учун.Антты не деп берет эстеп кор. Трудно учениях легче бою деп бекеринен айтпаса керек.себепсиз дедовшина болбой ойлонсон жон отурган адамды кантип тепкилеп кирисин жиндида себепсиз жинденбейт.
19.04.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asy0215, бардыгы эле билет баласын армияга эмне учун жонотуп атканын бирок асып койсун дебеген ошо ата энелер бардыгына бирдей сый урмат керек духбу же дедби
16.04.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озубуздун эле эркектерибиз бири бирин олтуруп, кордоп жатышса анда алыс жактан душмандын не кереги бар! Мекенди коргоону уйронгону кеткен балдарыбыздын озун эмес олугун колго откоруп берип жатышса, кайсы ата эне баласын армияга жибергиси келсин!
16.04.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ar bir adam balaluu bolor... ar bir adam oluttu mani berelik!!!
17.04.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аларды турмодо чиритиш керек, адам олумуно себепкерлерди, аз убакыт берип коюптур, депутаттардын баласы олсо омур бою берилмек жаза
19.04.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
angeluma, оба тура айтасын ошондой кылыш керек болчу
17.04.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум аскерне барган эмесмин, андыктан аскердик жашоону коп тушуно бербейм. Бирок бул окуяны окуп алып чындап журогум ооруду. Эмне аскерде ушундай мыкаачылар болобу, анча мынча укчумун бирок бул денгээле экенин билбейт элем. Байкуш эже не дейбиз калган балдарынынздын омурун берсин.
17.04.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
20 жылга кесилсе да кайра тирилбейт каза болгон шордуу жоокер
17.04.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Солдатты солдат тарбиялайт. 40 жыл кыргын болсо да, бейажал чымындын жаны кыйылбайт деген. Коркуштун кереги жок, балдарды жибериш керек созсуз. Уруп жатат, антти, минтти деп арызданган эркек эч качан кыргыз элин, жерин коргой албайт! Андайлар пленге тушуп калса эки урганда эле эли да, жери да эсинен чыгып сатылып кетет. Дедовщина болбосо армия алсыз болуп калат. Аскерде кызмат кылгыла, анан тушуносунор. Ар кайсыны суйлобой аскерге баргыла жигиттер!
18.04.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PROS, барык сабалып келбейсинби, келеринди да бир кудай билет...
18.04.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Papinadochka, Бир салдат службасын бутуп уйуно баратканда кызыгып бир офицер сураган экен. Деп. Салдат ошондо ойлонбостон туруп деген экен.в армие Чем больше дубов тем крече наше обороны. десе. . -согушта керек нерселерге гана уйротот мисалга.
17.04.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлап еле жибердим
18.04.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Papinadochka, Бир салдат
службасын бутуп уйуно
баратканда кызыгып бир
офицер сураган экен.
Службада нени кордун Деп. Салдат ошондо
ойлонбостон туруп:каманда берген адамды жанан равнясь деген каманданы укканда катардагы 4чу дамдын кокурогун
деген экен.в армие Чем
больше дубов тем крече
наше обороны деп бекеринен айтпаса керек. А эмнени уйрондун келечек керектуу десе. Жашашты жана жашоо учун курошту. Грубый айтканда. Армия учил меня-бегать
18.04.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо кудай энелер ыйлабасынчы ушул енрсени жойсонор болот эле тээтэтиги ак уй менен кок уйдогулор
18.04.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогондун коргону курусун болуп жатат
19.04.2013. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле эжеге борум оруду кыйналып баласын зорго чонойтсо биро аныны омурун алып койсо жаманда бул нерсе
19.04.2013. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshol akmaktardy kudai ozy jazacyn bercin
19.04.2013. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин аскерлер кызмат кылбай еле алы жеткени сабап дедовщина калбай келет.Анданкоро машыктырып баардык аскерлерге тарбия бербейби.Дагы канса бала жабыркайт енесине кыйын.
19.04.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен да баланды жоготкондо кором абалынды
19.04.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ансыз деле эркектерибиз саналуу эле аялдарга Караганда Аз да болсо мээнерди иштеткилечи ООО Кыргызым!!! Озубузду озубуз эле кырып алат окшойбуз,Мына,бул маркум баладан бир жакшы инсан кыргызымдын накта жигити элине жерине куйгон патриот
бала болмок эле,аны да жок кылдык..Биз ушундай калкпыз озубуз онбойбуз и бироону тем более ондурбойбуз((((((Башка
улуттар чачынан тартып бирин бири тургузушат,ал эми Кыргызым бутунан тартып жок кылышат,окунучтуу{((((
Энеке,сабыр кылыныз...
19.04.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш энесине конул айткандан башка соз келбей калды.Андан коро согушта согушуп олгондо "Баатыр" деген эрдиги калмак?! Энесинен башка ким эскерет эми кырчындай жигитти?! Ишенген эр-азаматтар бул жорукка барса, чын эле кыргыз элин чыныгы душмандан ким коргойт?
21.04.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin ministir oborono kursagyn sylap malga okshop ushularga okshogondu karabai emne kylyp jurot.Armiyaga ata-eneler baldarynardy jiberbegile alar olturup kolunarga olugun beret bizdin mankurt voennyiler.Oshol dedterdi atyp salysh kerek,osholordun baldaryda ushundai korduk korsun armiyaga baryp,oshol tokmoktogon dedterdin,konul burbagan komandirlerdin da koz jashy kol bolsun.
21.04.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pross senin balandy da armiyada sabab kundo aryzdansa korot elem oshondogu abalyndy,maga patriot bolgon.
06.12.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча болуп калды менда бир окуяны айтып берейин, биз жазгы призв болуп туштук армияга, аяавай эле кызук кундор отту кузго чейин, токмок жедик уйкудан калып дегендей, акыры биз куткон кунда келип, улуулар кетип кийинкилер келди. Бир маладойду кечинде бир аз кыйнап койдум эле ошол эртеси чонубузга мени Омур кыйап жиберди, керек болсо, озуму асып алам дептир, ошол куну кечинде аны таппай калдык, командир мага келип эгер бирдеме болсо ага, мен сени салып берем деди, Баткенде орук коп болот емеспи,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо