«КУРБУМДУН БУЮРБАГАН МАХАБАТЫ»

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Көпчүлүгүбүз «адам туура жолду тандап жашашы керек» деген принципти колдонобуз. Ал эми туура эмес жолду тандап жашагандарчы? Аларды туш тараптан сынга алып, жеригендер толтура. Ушундай мамиле кылганыбыздын өзү туурабы? Балким, бул ар бир адамдын өзүнүн каалоосу, тандоосу болуп жүрбөсүн?..

«КУРБУМ ЭКӨӨБҮЗГӨ БИР ЖИГИТ»
Кыздар ортосундагы достук убактылуу гана нерсе экенин мен мурун эле билгем. Курбум Алина экөөбүз бир мектепте окуп, кошумча сабактарга чогуу барчубуз. Канчалык сыр чечишип дос болбойлу, анын да, менин да бири-бирибизге билдирбеген көрө албастыгыбыз бар эле. Ал бардар үй-бүлөнүн эрке кызы, өзү да акыл-эстүү, алдыңкы окуучулардан. Андан артта калбайын деп мен да тырышып окуп, эжемдин кийимдерин сурап кийип убарамын. 
Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош болгону менен, курбумдун жини кеч тарачу, көк бет болчу. Кээде «Алинанын мындай кыялына жигити Азиз кантип чыдайт?» деп таң кала берчүмүн. Курбум жигитине таарынып телефонду албай койду дегиче Азиз мага чалып, кеңеш сурап арманын айтып баштайт. Кээде экөөбүз түнкү 1-2ге чейин сырдашып отуруп калабыз. Бул жоругубузду Алина да билчү. Ага Азиз менен сүйлөшкөнүмдү төкпөй-чачпай айтып берер элем. Бир ай өткөндөн кийин мен:
– Элдешпейсиңерби эртерээк. Жүрө беремби, ортоңордо жуучу жеңедей болуп?..- дедим.
– Дагы убакыт өтсүн, мени катуу сагынсын, анан өзүм чалам,- деп койду Алина кебелбей.
Менин кабатырланганым, Азиз күн өткөн сайын Алина жөнүндө аз сураганы. Жашырганда не, мырза катары Азиз мага жагат. Акыркы күндөрү курбумдан Азиз менен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканымды жашырчу болдум. Алинаны сурабаса деле «сени сагынып, абдан кыйналып жатат» деп көңүлүн алыш үчүн айтар элем.
Кайдан-жайдан билбейм, Азиздин таттуу сөздөрүнө жибидимби же сылык мамилесинеби, айтор, аны катуу сүйүп калдым. Кантсе да курбум эмеспи, Алина менин ичимде эмне болуп жатканын туйгандай... Чыдабай мен ага Азиз экөөбүздүн жашыруун мамилебизди ачыкка чыгардым. Бирок мен күткөндөй реакция болбоду. «Бети жок, башка жигитти таппай калдыңбы?!» деп түкүрүп басып кетет го деп ойлогом. Ал болсо унчукпай гана тим болгон.

«ДОСТУК МАМИЛЕБИЗГЕ ЧЕКИТ КОЮЛДУ»
Алинанын майрамдарда ичимдик ууртап коймой жайы бар эле. Бир классташыбыздын туулган күнүндө ичип алып достордун көзүнчө ашатып сөгүп кирди:
– Кудай бешенеңе бакыт жазбаса, ошентип бирөөнүкүнө көз артасың, бирөөнүкүн талашасың!
– Алина, ачууга алдырба, бул нерсени башка жерден чечишип алалычы...
– Эмнени чечишебиз?! Баарын Азиз экөөңөр чечип коюпсуңар. Саткындар!
Чынында, ага каяша айтып, мас адамга теңелгим келген жок. Эртеси эч нерсе болбогондой, кечирим да сураган жок. Жөн койдум. Мен үчүн башкысы жан дүйнөмдүн тынчтыгы эле. Ошондон кийин экөөбүздүн достук мамилебизге чекит коюлду.

«СҮЙҮҮНҮН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУМ»
Алина Азизден кийин директордун  Айдар деген баласы менен сүйүшүп жүргөнүн уктум. Бир күнү акыркы экзамендерди тапшырып бүтүп ашканага кирсем, Айдар отуруптур. Ойлонбой туруп жанына барып таанышууга далалат кылдым. Тилегим орундалып, анын номери колго тийди. Ага күндө СМС жазып, сүйүп калган кыздын түрүн көрсөтүп, кыскасы, Айдарды ишендирдим. Максатым Алинадан өч алып, анын ичин күйдүрүш керек эле. Бирок тилегим таш капты, Айдарды катуу сүйүп калдым. Чыныгы сүйүү келгенде өч алганды да унутуп калат экенсиң. Оюмдун баары Айдар болуп, ошол деп гана жашап калдым. Соңку күндөрү Айдар менден көп нерсени талап кыла баштады. Сүйгөнүмдөн баарына макул болдум. Өзүмдү ага арнадым. Жарым жыл чогуу жашаган соң «мен башка батир тапкыча туугандарыңдыкында жашап тур» деген бойдон таптырбай кетти. Бир жолу аялдамада турсам тааныш үн угулду, артымды карасам Алина:
– Кандай, досум? Жүдөп алыпсың да..
– Ишиң болбосун!
– Айдар экөөңөрдүн жомогуңарды уктум. Ал азыр Орусияда турбайбы, сен не жүрөсүң? Аа, токто, токто, өзүм табам. Ал алчусун алды, башка бере турган эч нерсең калбай калганда куйрукту түйүп кетти да... Байкушум десе. Менин уурдалган махабаттарым сага деле буюрбаптыр да, көрсө.
Көкүрөгүм өрттөнүп кетти, колдорум түйүлүп, өзүмдү жоготуп бараттым. Айла жок чыдадым, чыдабаска аргам жок эле. Ошол кезде окууну жаңы бүтүп, ак менен караны айырмалай албаган экенмин. Айдардан кийин бир топ жигиттер менен жүрдүм. Балким, Айдарды жолуктурбаганда мындай жолго барбайт белем деп ойлойм. А балким, курбумдун каргышы тийгендир, ким билсин?.. Турмуш мени көп нерсеге үйрөттү, жаңылдым-жаздым, бирок оңолгон жокмун. Ошол эле жолдомун, көп жолу турмуштун агымына каршы сүздүм. Туугандар «жашың келип калды, турмушка чык» дешет. А мен күйөөгө чыккым келбейт, анткени мага ушундай жашоо жагат. Ар бир адам тандоо укугуна ээ. Мен ушул жолду тандадым.

Айжамал

Лунара Бекиева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
22.04.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдар бар экендигине аябай окуном! курбусун коро албай тургандан кийин башка жакшылык умут этип болобу бул сыяктуу адамдардан,достор?
22.04.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото кокунучту кыз экен
22.04.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман бербесе ошо экен да
22.04.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар эркек менен болгон жагат турбайбы
22.04.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай акыл эс берсин, жаман жолду тандабай он жолго тушо кой
22.04.2013. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура ар ким тандоого укугу бар,озубуз каалагандай жашагыбыз келет. Бирок бул жашоодон да тажайсын го бир кун ошондо кеч болуп калатда.
22.04.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бети жок айбан болуп калдым деп да жаза башташыптыр го, бирок бул мага жагат депчи. Кудай ыйман берсин!
22.04.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызгада ыйман ынсап берсин ананайындарым
23.04.2013. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meesi jok eken voobwe le
23.04.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кайсы кыз озунун косягын мынтип жазбайт
23.04.2013. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эмне деген шумдуктуу? Маакул! тандашы тандапсын, а эртен 70ке чыкканында сага ким ыссык чайын куйуп, ак элечек кийгизип торуно олтуругузат???! Ушул тууралу ойлондунбу?
24.04.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого жамандык кылганы , озуно он эселеп кайтыптыр да.
24.04.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин жазгандарыныз туура ар ким озу каалаган жолду,озу каалаган жашоону тандайт бирок,ошол тандаган жолдо адашпаш керек.Туура таза жашоону тандаш керек.Азыр да кеч эмес жакшы жолго умтулунуз.Жаштыгынызды жаман жолдо курмандыкка чалбаныз.
24.04.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуш аста аста жаман болуш бир паста ойлонуш керек уй булоо болуп жашаганга эч нерсе жетпейт
24.04.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коро албастыктын пайдасы
24.04.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коро албастыктын пайдасы
24.04.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курбусунан эмнеге оч алмакчы болуптур. Тескерисинче курбусу оч алыш керек эле го биринчи жигитин тартып алгандыгы учун. Азизин да, Айдарын да суйуп калган имиш, деги канча журогу бар бул кыздын. Ишене турган бирдемени жазгылачы айланайын)))
26.04.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuiratupsun!!! men uwu joldu tandadym imiw!
26.04.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оч алам деп акыры бармагын тиштеп калган турбайбы, ошол учун ар бир жасаган кадамды жети олчоп, бир кесиш керек.
27.04.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сендейлер учун Бул дуйнонунда,акыреттин да азабы болоорун унутпагын!!!
27.04.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээ кудай мындай курбудан озун сакта
27.04.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээээ жаман болуптур уят эле
27.04.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай кылба эсин менен бол. Азыр деле кеч эмес
28.04.2013. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо кудай менин досторум кандай болду экен ээ. Менин классташ курбумдун жигити мага келип сени жактырып калдым дегенде урушуп эле кеткемин кийин куноо кылып койгон немедей досумдун бетин озунчо эле карай албай жаман болгон. Озу баардык нерсе психологиядан эле болот суйом десе суйо берет онун деле.
30.04.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун туура жол тандагандырсын, бирок сырттан караганга женил ой(катуу айтсам кечир)сойку кыздын образыго. Аркимдин оз жолу, оз тандоосу, оз каалоосу бар, демек кийлигишууго эчкимдин акысы жок да.
12.05.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын эле катуу суйуп калат ко ???
08.06.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азиз эмне болду айдарды коруп ал калып кетиби?
14.06.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто башын иштебеген кок мээ кызсын. Айтаарым ошол.
26.09.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андайлардын жазасы ошол озунон корсун
11.07.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нак шуркуя сен болосун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо