Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Расул Маматкулов:«АЙГЕРИМДИН КИЙИНГЕНИ МАГА, МЕНИКИ КЫЗЫМА ЖАГАТ»

№546 19-25-апрель, 2013-ж

«Ош-Бишкек жолунда,
Айдаганым Мерседес.
Жанымдагы чүрөгүм,
Мерседестен кем эмес...»
Сөз төркүнү Расул Маматкулов тарапта экенин дароо билсеңиз керек. Анткени жогорудагы ыр менен ырчыбыздын таскагы катуу кеткен эле.

– Телефон чалсам жубайыңыз алып, «ал эртең менен саат жетиде уктайт, тура элек» деп жатты. Түнү менен эмне иш кыласыз?
– Эргүү түндө келет экен, ошондуктан түнү менен студияда ыр жазам. Мурун өзүмө эле жазчумун, азыр кызыма жана уулума да даярдайм.

– Акыркы убакта Айгеримди эле чыгарып, өзүңүз сахнанын артында калып калгандайсыз?
– Жок, андай эмес. Менин деле жаңы ырларым толтура, бирок элге жайылтуу үчүн аракет кылбай жүрөт окшойм. Жаңы ырларымды уксаңар, мени сүйүп каласыңар.

– Клип тартуу планыңызда барбы?
– Азыр телеканалдар көбөйүп кетти. Клип тартып алып азган-тозгондун баары чыгып жатышат. Жүз ыр жазсаң, анын бирөө же экөө эле элге алынып кетет. Ырың жакшы болсо, ага клиптин деле кереги жок. Илгери бизди бактын түбүнө тургузуп, гүл карматып койчу эмес беле, азыр жакшы ырыңа ошондой клип тартсаң деле эл көрөт. Мен клипке көп кызыкпайм. Андан көрө балдарыма жакшы ыр жазып берейин деп турам. Баса, аларды сахнага абдан чоң талап менен чыгарам. «Эт менен челдин ортосунда жүрө бербей, ырдайм десеңер баш-отуңар менен киргиле. Эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин ар түрдүү сөз болот. Ошондуктан жакшы кийинип, түз басып-тургула» дейм.

– Айгеримди улуттук кийим менен деле көрөбүз, ошол эле учурда кыска, ачык да кийинип жүрөт. Кийимине кийлигишпейсизби?
– Телевизордон купальникчен, керек болсо жылаңач кыздарды деле көрөм. Аларга караганда менин кызым татынакай эле кийинип турат. Кызымдын кийингени мага абдан жагат. Өзүнүн табити бар. Кичине эле кыска кийип койсо, кеп кылып жатып калышат. Ошондон улам Айгерим эл арасында кызыгуу жаратат деп эсептейм. Менин кийингеним да кызыма жагат. «Ата, сиз кычырап жүрүшүңүз керек. 1-орунда болушуңуз керек» деп турат.

– Уулуңуз Русландын да ырдап чыга баштаганын көрдүк...
– Уулум да таланттуу. Ырдап чыга баштаганына 3 ай болду. Азыр Кыргыз драма театрынын алдындагы 4 жылдык студияда актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып жатат. Сахна адамы болом дегендер анын ысык-суугун, өйдө-ылдыйын, оң-солун жон териси менен сезиши керек деп ойлойм.

– Чачын өстүрүп жүрөт экен. Ошондон улам сизге окшошкусу келгенин байкадым...
– Русландын чачынан кийингенине чейин апасы, Айгерим, кичинекей карындашы Аяна, кыскасы, үч кыз карайт.

– Уулуңуз кичинесинен эле ырдайбы?
– Жок, мен кичинекей балдардын ырдашын туура көрбөйм. Анткени адамдын организми өспүрүм курактан өтүп калыптанат. Руслан кичинесинде бир аз ырдап, анан чыкпай калган. Айгерим болсо 15 жашынан тарта ырдады. Руслан менен Айгеримге караганда кичүүм Аяна кыйын чыгат го дейм. Анткени кичинесинен эле ыр-бийге жакын. Жашы 7де экенине карабай өтө эле өз алдынча. Дегеним, өзүнүн аракети менен эле окуганды, жазганды үйрөнүп, чет тилдерди өздөштүрүп жатат.

– Үй-бүлөнү жубайыңыз башкарса керек...
– Сизге ушул тууралуу бир анекдот айтып берейинби? Бир грузинге дал ушундай суроо берилет. Анда ал «майда-чүйдөнүн баарын жеңең чечет. А мен олуттууларын карайм, бирок чоң деле эч нерсе боло элек» дептир. Анын сыңары, чоң маселе болбой жатса, мен эмне кылайын?

– Жубайыңыз үй-бүлөңүздүн продюсери, кесиби чыгармачылыкка жакынбы?
– Сахнада жылдыз болуп катуу чыгып жатканымда афишаларды, костюмдарды, программаны караш керек болду. Жалгыз көп нерсеге жетишчү эмесмин. Анан келинчегим жардамдашып жүрүп эле өздөштүрүп кетти. Кесиби – кийим тигүү боюнча технолог.

– Кандайча таанышып, үйлөнүп калдыңар эле?
– Бир жолку кадимки ашар концертке курбусу менен келиптир. Экөө менден кол тамга алып, куттукташкан. Узатып коёюн дегениме болбой таксиге түшүп кетти. Мен башка такси менен артынан кууп жеткем. Ошондон тарта жакын болуп кеттик. Катяга үйлөнгөнүмө ыраазымын. Мен бирди алып келсем, ал эки кылат.

– Сахна өкүлдөрүнүн арасында атаандаштык арбын дешет. Сиз дагы ушундай нерселерге туш болгонсузбу?
– Оо, ал кезде абдан ынтымактуу элек. Ошол муун азыр деле ынтымактуубуз. Бек, Айчүрөк, Динара, Алина, Мерген болуп үй-бүлөлүк катыштабыз. Бул адамдар өз мээнети менен атак-даңк жасап, оокат кылып келе жаткандар. Биздин убакта бут тосуу деген болгон эмес.

– Чачыңызды кыскартып көрдүңүз беле?
– Мен узун чач менен 16 жашымдан бери келе жатам. Анда мектепте окучумун. Албетте, окуучуларга узун чач коюуга уруксат берилбейт эле. Ырдап чыгып калган үчүнбү, мугалимдер мага унчугушчу эмес. Көк-Жаңгактагы кыргыз мектебинде окучумун. Башка окуучулар жайкы каникулда эс алганы пионер лагерлерине кетишсе, мен чачымды кыскартып алып чөп чаап, кыш куюп иштеп акча таап алчумун.

– Бизнес жагы кандай болуп жатат?
– Кафебиз өз орду менен иштеп жатат. Ишенимдүү адамдарга берип койгонбуз. Кыскасы, акча жагы дурус. Байлыктын түбүнө жеткен адамды көрө элекмин. Канчалык байыбайлы, акча-акча жана акча дей берет экенбиз да адам баласы.

– «Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат» деген сөз бар. «Сүйүүгө кабылдым» деп интервью беришиңиз мүмкүнбү?
– Адам баласында ал нерсеге кепилдик жок. Турмуш дөңгөлөгү ары-бери тоголонуп кетет. Бирөөнү сүйүп калуу деген болбосо керек, бирок мени сүйүп калышы мүмкүн. Мен азыр деле сулуумун.

– Жигиттер толуп кеткенде чыгып калган курсагын тамашалап «авторитет» деп коюшат. «Авторитеттүү» болбош үчүн аракет көрөсүзбү?
– Бир жолу Гүлнара Тойгонбаева өтө арыктап кетиптир. Кантип арыктаганын сурасам, «дарыканага барасың да, лейкопластырь алып, тамак ичкиң келгенде оозуңду чаптап сал» деп тамашалаганы эсимде. Анын сыңары, өтө толуп кетпейин деп кекиртегимди бир аз тыйып турам.

– Рахмат маегиңизге, кыздарды сүйдүрүп жүрө бериңиз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Расул Маматкулов: "Чыгармачыл адам сүйүү менен жашайт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(66)
23.04.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул мырза буга чейин сизди көпчүлүк урматтачу бирок кызыңызга берген тарбияңыздан кийин ким экендигиңиз белгилүү болду.Мен кызыма жагам,кызымдын кийми жүрүм туруму мага жагат деп бири бириңерге сыймыктанып жүрө бергиле силер эми эч кимге жакпайсыңар.Маданият жамаатындагы үй бүлөө деп силерди ким айтат.Тобо кылдым сиздин берген тарбияңыз ушундай болсо бали,келинчегиңизге с
25.04.2013. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pearl.06, толугу менен сизге кошулам.жеткире жазгансыз.так им надо
23.04.2013. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон кишиге сын айтып силерге ким койуптур? Тамашалап жатса деле мактаныптыр деп. Айгеримдей кызды чонойткон сизге рахмат! Туура айтасыз озуно аябай жарашыктуу кийинет жарашат. Эркек муноздуу кызды чонойтупсуз. Убагында дунгуроп От болдум, Мерседес деген ырларынызды бут Кыргызстан ырдап жургон эле азаматсыз! Эми болсо баланыз дагы ырдып жатыптыр озунуздун копияныз экен. Сизге чыгармачылык ийгилик, балдарыныздын жакшылын корунуз!
23.04.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызын жакшы эле реклама кылып атат,кымбатыраак кетсин эми...
25.04.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
take.zk, эсиниздерде болсо керек.мурунку сандарда айгеримге карата бир коммент бар эле.*бекер берсе да албайм * деген
23.04.2013. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии жаниздан ий Расул аканын туруп туруп эле келиштирип былкылдап танца тээп койгон жерлери жагат да От болдум,чок болдум
жапжаш туруп тош, санын ачкан
кызынызды коруп шок болдум ! жаниинан ий!
23.04.2013. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, ха ха жайлаптырсын го!!!
25.04.2013. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, эздин го.модолесс.экообузго эч ким жакпай калды го деги.(тамаша)
26.04.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, Молодец.
23.04.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда озунду озун мактабасан сени эч ким мактабайт дегендей го сыягы....
24.04.2013. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vs9 semeika okwowtor izdewpei tabywkandar, kichinekei kyzy da buiursa aigerim 2 bolot uulu ruslan da rasul mamatkulov 2 bolot hahahhahaaa
24.04.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika2009
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга жол берилбейт!
3 күн банга!
24.04.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nadira89,
Ар бир колдонуучу эрежеге ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Баш колдонуучулардын өздүгүнө асылбай (ат койбой) тема боюнча жазыңыз!
24.04.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча эле мактанат кызым мындай балам тигиндей деп, кызымын кийингени жагат дегеничи дагы
24.04.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уулунуздун ободок тагынып алганы чатагыраак экен )))
25.04.2013. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин женемдикиндей чачы бар го.
25.04.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ончой ичи тарлар чогулуп алган го бул жерде ))))
25.04.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А дейбиз бу дейбиз бирок алланын алдында ар кимибиз өз кылганыбызга жараша жооп беребиз.
25.04.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасына баары бир да кандай кийинсе андай кийинсин деп!Кичуу кызын антип кийиндирбей родной тарбия берет деген умуттор бар..
26.04.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул Маматкуловдун берген интервюсу ырларындай эле мааниси жок болуп калыптыр. "Мени суйуп калышы мумкун-мен суулумун" дегени ушул куракта адамдын айта турган созубу? Кийген кийиминер бири-бирине жаккандай эмес, калайык-калкка да жаккандай болуш керек. Андан да, ырларым коп деп мактанбай, санына эмес сапатына конул бурса жакшы болмок.
26.04.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфф. Бекер эле окупмун бул интервьюну. Каллориямды короттум. :)
26.04.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчегиңизге сөз жок экен деп жазгам.Аягында дагы саптар бар болучу эмнегедир кыскарып калыптыр.
27.04.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен биринчи суроо берет елем Расул мырза сиз мусулмансизбы деп? егер мен мусулманмын деп айтса, анда мен айтат елем Расул мырза мен сизге ушул жерден пайдаланып айтып коёюн!сиз бул мен айткан нерсени кызым Айгеерим екообузго айтылган сын деп ойлобон! бул сын емес!балки сиздин уй булоонузго пайдадыр!а мен болсо Аллахтын астындагы амаанатымдан кутулам! кыжырданбай ачууга алдырбай терен ойжугуртуунузду суранам,отуном байке? Сиз айттыныз кызымдын кийингени мага жагат деп абдан ката мусулман адам бу
17.11.2013. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nematulla, ии Кыргызсынго мусулман болбой эмне кылды сага?чыныгы мусулмандарын эмне кылып журот Москвада сен ошолорго сын так,сенин советине зар калбагандыр
28.04.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дорогие наши соотечественники, что за дикость?! совсем офигевшие, ленивые!!! прежде, чем что либо говорить, достигните их уровня, потом уже судите!!! во первых: если вам не нравится Айнерим пишите где она дает интервью, а не отцу, кстати он заслуженный артист кыргызстана!!! во вторых: он говорит правильные вещи, родители должны гордится детьми!!! в третьих: не она одна носит такие короткие вещи, просто на ней они особенно хорошо сидят..т.к фигура хорошая!!!
29.04.2013. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И никто тут никого не судил.Судить нас может только БОГ!Все это знают!Этому есть иное название: высказать своё мнение например.Но никак не Судить!Имейте ввиду!
29.04.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хааха сонун жазыпсынар.
30.04.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мы сами свою страну тянем все назад и назад,и все дальше нас уносит... и это очень огорчает, начинается от мелочей..от предвзятого суждения , зависти, и прочее прочее...а что это?! если не суждение...Акаева выгнали, Бакиева выгнлаи...это нам что то дало??? и каждый раз выясняется что экс президент был лучше!!! что мы получаем хорошего когда "высказываем свое мнение" мысли превращаются в слова, потом соответсвенно на действие ....просто я думаю нужно поменьше завидовать, и заняться своим делом!!!
30.04.2013. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйнек айтышып жатышат го бул жерде элдер камырабай!!!Болгондо да ОРУС тилинде....
SUPER.KG видео
02.05.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенири жооп бериптир! болду эми форумчулар Айгеримди оюнчук кылып жаман,кыска кийет дей бербегиле ал дагы бироодун кызы! жакшынакай эле кыз!
13.05.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сындапсынар го,болгонун болгондой айтыптыр.
14.05.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызы экоотен мааниси жок ырларды ырдашат ......!!! эми баласы кошулган тура )))))))))..... кызды машина менен салыштырып ырдаган болмок беле ужас просто!!!!
28.06.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BAGIROCHKAA, ар бир колдонуучу оз оюн жазууга укуктуу.
28.06.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BAGIROCHKAA, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
04.07.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек кызынын ачык чачык кийингени жагат экенда тобо0о...
16.07.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвада иштейм акем бар уй-булолуу43жашта,акем женеме айтып атыптыр(акем жакында кырг.барып келди)досум чакырды,барсам аяшын бт деп ушул айгеримди ээрчитип барыптыр дейт,акемдин достору ооооо канча жашта кандай адамдар,анда Айгеримчи???
17.11.2013. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
juka82, бул жомогуна эч ким ишенбейт койчу каяктагыны айтасын,ырчыларды олтурдунор сынап бироо сулуураак же жакшы ырдаса коро албайсынар,ай тороптур,ойношу бар,мен кордум,куйоосу бар,деген создорунор коро албастыктан байкене суук откондур Москвада.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо